Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз LIII- сессиясы
ТОКТОМ 53/1
14.08.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
«Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-12/1427 13.08.2024 жылдагы кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүщүнө кошкон салымы үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыкназаров Баратбек Жалалбековичке «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз LIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Сыдыкназаровго «Көк- Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы кеңештин жоопту катчысы У.Карабаевага жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы З.Байдавлетов
|