Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз LII сессиясы
ТОКТОМ 52/1
01.08.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы №2 балдар өспүрүмдөр
спорт мектебинин жаңы курулган «Бокс» залына
Рыскулов Бактыбек Джамшитовичтин атын ыйгаруу жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/1322 29.07.2024 жылдагы, №2 балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин №01-1/2 26.07.2024 жылдагы каттарынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук укук коргоо, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 30.07.2024 жылдагы № 32 протоколунун негизинде жаңы курулган «Бокс» залына Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Рыскулов Бактыбек Джамшитовичтин атын ыйгаруу боюнча угуп талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз LII сессиясы
Токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы №2 балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин жаңы курулган «Бокс» залына Рыскулов Бактыбек Джамшитовичтин аты ыйгарылсын.
2.Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоо жагы Көк-Жаңгак шаарындагы №2 балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Б.Рыскуловго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз LII сессиясы
ТОКТОМ 52/2
01.08.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак”
участкасынын сууга болгон тарифтерин бекитип берүү жөнундө
Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак” участкасынын 24.05.2024 жылдагы № 15 кайрылуу катынын негизинде сунушталган суу үчүн тарифтер боюнча угуп талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз LII сессиясы
Токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак” участкасы сунуштаган суу үчүн тарифтери төмөнкүдөй бекитилип берилсин:
- шаардын ичиндеги көчөлөрдөгү суучорголордон колдонулган суу үчүн 45 сомдон 65 сомго көтөрүлсүн.
- шаардагы батирлерде жана короодо жайгашкан суучоргодон колдонулган суу үчүн 60 сомдон 80 сомго көтөрүлсүн.
- күнү түнү аккан сууну колдонгон жашоочулар үчүн 120 сомдон 150 сомго көтөрүлсүн.
- коммерциялык мекемелерге 1 куб. сууга 25 сомдон 35 сомго көтөрүлсүн.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы З.Байдавлетов
|