Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:42 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Август » 12 » 51-сессиянын токтомдору
6:17 AM
51-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  LI сессиясы

 

ТОКТОМ 51/1

26.07.2024 жыл                                  Көк-Жаңгак шаары                                                                         

Көк-Жаңгак шаарынын жер фондусунун

инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнундө

 

                Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын   № 1-12/1257 23.06.2024 жылдын катынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2021 жылдын 20 октябрндагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023 жылдагы № 154-б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы «Кыргызмамжердолбоорлоо» Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган Көк-Жаңгак шаарынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча угуп талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын   VIII чакырылыштагы, кезектеги LI сессиясы 

Токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023 жылдагы № 154-б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы «Кыргызмамжердолбоорлоо»         Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган Көк-Жаңгак шаарынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгы бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын шаардык мэриясынын жер адисине жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                                                       З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  LI сессиясы

 

ТОКТОМ 51/2

26.07.2024 жыл                                                                   Көк-Жаңгак шаары

                        

Көк-Жаңгак шаарынын 2022-2025 жылдарга карата

стратегиялык өнүгүү планынын негизинде шаар аймагындагы

көчөлөрүнө иш кагаздарын жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

          Көк-Жаңгак шаарынын 2022-2025 жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планынын негизинде шаар аймагындагы  А.Исаев  көчөсүнө капиталдык ремонтто жана  асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздары  боюнча карап чыгып,            Көк-Жаңгак шаардык кеңештин     (VIII чакырылыштагы) кезектеги LI -сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жангак шаарынын А.Исаев көчөсүнө, узундугу 0,5 км. аралыкка капиталдык ремонтто жана асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо үчүн макулдук берилсин.

2.Иш кагаздарын даярдоо боюнча шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция  тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык 

кеңештин төрагасы                                                                       З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  LI сессиясы

 

ТОКТОМ 51/3

26.07.2024 жыл                                       Көк-Жаңгак шаары                                                                         

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы 2024 жылдын

6 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө

 

                2024 жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча шаардык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,  социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча  Көк-Жаңгак шаарынын мэринин маалыматын угуп чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги  LI сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

                                                                                             

1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргактын  2024 жылдын 6 ай ичинде  аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин,  социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.

 

2.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка   жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.

 

3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу  шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика  жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жангак шаардык                                                                                                 кеңештин төрагасы:                                                            З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  LI сессиясы

 

ТОКТОМ 51/4

26.07.2024 жыл                                                                     Көк-Жаңгак шаары

                        

Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик реестринде турган

жалпы дарыгерлер практикалык борборунун короосундагы

от казанын  муниципалдык менчик реестринен чыгаруу жөнүндө

 

         Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин 26.07.2024ж. №01-06/33 катынын негизинде жалпы дарыгерлер практикалык борборунун короосундагы от казанын  муниципалдык менчик реестринен чыгаруу менен бузууга жана жарактуу курулуш материалдарын  жалпы дарыгерлер практикалык борборунун керектөөлөчү иштерине жумшоо жөнүндө карап чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин     (VIII чакырылыштагы) кезектеги LI -сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик реестринде турган жалпы дарыгерлер практикалык борборунун короосундагы от казанын  муниципалдык менчик реестринен чыгарылсын.

2.Жарактуу курулуш материалдары  жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчилиги тарабынан ЖДПБнын керектөө иштерине жумшалсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция  тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык 

кеңештин төрагасы                                                               З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 19 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Август 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0