8. Маалыматтык конструкциялар
162. Маалыматтык конструкциялар – жарнамадан сырткары маалыматтарды жайылтуу үчүн арналган конструкциялар, курулмалар, техникалык түзүлүштөр, көркөм элементтер.
163. Ушул Эрежелер аркылуу маалымат конструкцияларынын төмөнкү түрлөрү аныкталды:
1) Көрнөк – компаниянын логотибин жана аталышын камтыган ири маалыматтык конструкция. Ал имараттын, курулманын, курулуштун фасадына жана стационардык мүнөздө эмес соода объектилерге, жеке жана юридикалык жактар иш алып баруучу жерлерге орнотулат.
Көрнөк белгисиз бир адамдардын тобуна жеке жактардын маалыматтарын же юридикалык жактардын аталышын иш өңүтү менен бирге көрсөтүү, маалымдоо максатында жайгаштырылат.
Дубал конструкциялары кире беришке же имараттын фасад чегине белгиленген дубал конструкцияларына карата бирдиктүү горизонталдык окто жайгашкан терезелеринин үстүнө, биринчи жана экинчи кабат ортосундагы калка деңгээлине же көрсөтүлгөн линиядан төмөн эмес жерге жайгаштырылат.
Эгерде көрнөк жайгашкан жердеги имараттын же курулманын тышкы беттеринде газ менен жабдуунун жана/же сууну агызуу тутумдарынын (дренаждык түтүктөрдүн) элементтери бар болсо, дубал конструкцияларын жайгаштыруу аталган системалардын коопсуздугун камсыз кылуу шартында жүргүзүлөт.
Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече уюмдун көрнөктөрүн жайгаштырууда аталган уюмдардын көрнөктөрү бирдиктүү горизонталдык линиядагы бир катарга (бир деңгээлде, бийиктикте) жайгаштырылат.
Объекттин фасадында фриз бар болсо дубал конструкциясы дубал көрнөктөрүнүн конструкциясындагы фризге жайгаштырылат жана ал көлөмдүү символдордон турат (төшөлмө материалды (подложка) пайдануу менен жана пайдаланбай). Дубал конструкциясына төшөлмө материалды пайдаланууда подложка тиешелүү уюмдар, жеке ишкерлер ээлеген имарат жайдын физикалык көлөмүнө ылайык узундукта фризге жайгаштырылат. Дубалдын конструкцияны фризге жайгаштыруу үчүн колдонулуучу подложканын бийиктиги фриздин бийиктигине барабар болуусу керек. Маалымат талаасынын (тексттик бөлүктүн), ошондой эле дубал конструкциясынын ири символдор катары фризге жайгаштырылуучу декоративдик-көркөм элементтеринин жалпы бийиктиги фриздин бийиктигинин 70 пайызынан ашпоого (негизги шрифттин өлчөмүнөн ашкан кичине жана чоң тамгалардын бийиктигин, ошондой эле декоративдик жана көркөм элементтердин бийиктигин эске алуу менен), ал эми алардын узундугу фриздин узундугунун 70 пайызынан көп болбоого тийиш. Фриздеги дубал конструкциясында пайдаланылуучу көлөмдүү белгилер (символдор) бирдиктүү горизонталдык окто жайгаштырылууга тийиш. Бир фризге бир нече дубал конструкциясын жайгаштырууда көлөмдүү символдорду жайгаштыруу үчүн бирдей подложка уюштурулушу керек.
Объект фасадында чатырча объектиси бар болсо дубал конструкциясы көрсөтүлгөн фриздин габаритине ылайык чатырча фризине жайгаштырылат.
Дубал конструкциясын түздөн-түз чатырчанын (козырёк) конструкциясына жайгаштырууга тыюу салынат.
Тарыхый-маданий мурастар объекттилеринин коргоого алынган зонасынын чектеринде жайгашкан тарыхый-маданий мурастар объекттилеринин фасаддарында жайгаштырылган дубал конструкцияларынын маалымат талаасы айрым элементтер (тамгалар, белгилер, декоративдик элементтер) менен аткарылуусу кажет.
Подложканы тунук негиз түрүндө пайдалануу мүмкүнчүлүгү көрнөктү жайгаштыруунун эскиздик долбоору менен аныкталат жана маданий мурастардын объектисин коргоо боюнча орган менен макулдашылат.
Уникалдуу маалыматтык конструкциялар:
- Монументалдык-декоративдик искусство объектиси болуп саналыш-кан көрнөктөр (барельефтер, горельевтер, айкелдер);
- Живопись техникасын, мозаикалык панно техникасын колдонуу менен жасалган көрнөктөр;
- Тарыхый көрүнүшү ушул Эрежелер күчүнө кирген күнгө чейин ишке киргизилген имараттын архитектуралык долбоору менен аныкталган белгилер;
- Объекттин тышкы бетинин декору жана архитектуралык элементтери болуп саналган көрнөктөр;
Уникалдуу маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) орнотуу көрнөктөрдү жайгаштыруунун эскиздик долбооруна ылайык жүргүзүлөт.
Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече ишкананын көрнөктөрүн жайгаштырууда көрсөтүлгөн уюмдарга тиешелүү көрнөктөр бирдей бийиктикте жана бирдей горизонталдык линияда (бир деңгээлде, бийиктикте) жайгаштырылат.
Көрнөк үйдүн архитектуралык көрүнүшүнө шайкеш келүү менен имараттын биринчи жана экинчи кабаттарынын ортосуна жайгаштырылып, кечки сааттарда жекече ички же тышкы жарык булактарынын жардамы менен жарыктандырылууга тийиш. Көрнөккө орнотулган жарык жылтылдабашы жана жарыгы турак жайлардын терезесине багытталбашы керек.
Көрнөктөргө декоративдик элементтерди, товардык белги же тейлөө белгиси катары катталган тексттик, графикалык сүрөттөрдү же комбинацияларды жайгаштырууга жол берилет.
Көрнөк төмөнкү максаттарда колдонулбайт:
- жарнама катары;
- экинчи кабаттын терезе тешиктеринин түбүнөн жогору чыгууга;
- терезе, декор жана архитектуралык элементтерди жабууга.
2) Маалымат тактачасы – уюм жана анын иш тартиби тууралуу маалыматтарды чагылдырат, келген адамдарга жакшы көрүнө тургандай бийиктиктеги абалда кире бериштеги каалгага, витриналардын айнегине орнотулат.
Тактачалардын эки түрү бар: жеке жана топтоштурулган. Жеке тактачаларда уюмдун аталышы, логотиби, ишмердүүлүгүнүн түрү, иш убактысы, дареги жайгаштырылат. Топтоштурулган тактачаларда уюмдун аталышы, логотиби, ишмердүүлүгүнүн түрү, имараттын кабаты, кеңсе номуру жазылат.
Көп сандаган ижара берүүчүлөр жайгашкан имараттарда топтоштурулган тактачаларды пайдалануу абзел. Бул үчүн ижара берүүчү уюмдун тактачалары үчүн бирдиктүү модулдук жер бөлүп берүүгө тийиш. Мыдай шартта алардын бардыгы бир материалдан жана бир стилистикада даярдалып, бирдей көлөмдө болуулары зарыл.
Негизги талаптар:
- тактачалар сөзсүз түрдө имараттын кире беришине орнотулат;
- тактачалар үйдүн фасадына же кире бериштеги айнектелген жерге орнотулушу мүмкүн;
- имараттын ар бир кире беришинде экиден ашык бир типтүү тактачалардын жайгашуусуна жол берилет;
- имараттын бир кире беришине эки бирдей белги коюуга жол берилбейт;
- кире бериштеги айнектелген жерге бир гана тактачаны орнотууга жол берилет;
- кире бериштеги эшиктердин айнектерине тирөөчсүз белгилерди коюуга жол берилет;
- кире бериштеги эшиктердин айнектерине уюмдун аталышын, дарегин жана иш убактысын жана үйдүн фасадына аты гана жазылган башка жазууну коюуга жол берилет;
- маалыматтык конструкциялар дарек-дайыны жазылган жеке адамдар же юридикалык жактар отурган (ишмердүүлүк менен шугулданган) имараттын, курулманын же жайдын кире бериш эшиктерине (оң же сол тарабына), фасаддын көзгө так жана даана көрүнө турган жерлерине жайгаштырылат;
- бир уюм, жеке же юридикалык жак үчүн бир объектте бир гана маалымат конструкциясы (тактача) орнотулушу мүмкүн;
- маалымат конструкцияларын (тактачаларды) терезе ордуларына орнотууга жол берилбейт.
Кайсы бир белгилерди тактикалык кабыл алуу үчүн киргизүү маалымат тактачасынын мазмунунун милдеттүү шарты болуп саналат. Тактачада чагылдырылган бардык нерселер (уюмдун аталышы, ишмердүүлүк түрү, иш ырааты) Брайлдын рельевтүү-чекиттик ариби менен аткарылууга тийиш. Кызматкерди чакыруу үчүн тактачага кошумча баскыч орнотулат. Чакыруу баскычты жана тактача полдон жогору 1,2 - 1,6 метр бийиктикке орнотулат;
3) Маркиздер - мекемелердин жана имараттардын витриналарына жана киребериштерине же имараттын оюктарына, козырек же бастырма түрүндө жасалып ага сырткы жарнактык маалыматтар сүрөттөлүп орнотулган обьекттер.
Маркиздер, кармап туруучу элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизден жасалган маалыматтык аянттан турат.
Маркиздер биринчи кабаттагы терезе жана эшик үстүлөрүнө орнотулат. Аларга компаниянын логотибин жана аталышын гана жазууга болот. Кошумча макулдашууларга ылайык маркиздер үйдүн бардык терезелерине орнотулушу мүмкүн.
Маркиздер имарат жайдын терезелеринин үстүндө, тактап айтканда биринчи жана экинчи кабаттын ортосундагы сызык тушка бир горизонталдык ок боюнча жайгаштырылат.
Маркиздер бир конструкциянын өз ара байланыштагы бирдей элементтери түрүндө жайгаштырылат жана витрина, терезе же эшик ордунун 30%дан көп эмес аянтын ээлейт, узун маркиздерди орнотууга жол берилбейт.
Түстүү гамма имараттын, курулманын түстүү гаммасы менен шайкеш келүүсү же аны дал өзүндөй кайталоосу керек.
Жыл мезгилине карата орнотулуучу көчмө ишкананы – коомдук тамактануучу жайды жайгаштырууда маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) орнотууга жана аталган сезондук кафени жасалгалоо үчүн пайдалануучу маркиздерге жана зонтторго ар кандай жазууларды жайгаштырууга жол берилет.
4) Кронштейн – имараттарга жана курулмаларга перпендикулярдык түрдө орнотулган, ички же тышкы жарыктандыруусу бар жана объект жөнүндө коомчулукка маалымат берүү үчүн арналган чакан эки тараптуу маалыматтык түзүлүш.
Кайсы бир себептерден улам уюмдун маалыматтык негиздеги көрнөгү үчүн белгиленген орун жоктугуна байланыштуу кронштейн орнотулушу мүмкүн.
Кронштейндеги бүтүндөй маалымат көрнөктө жайгашкан маалыматтарга дал келүүсү керек. Кронштейнге уюмдун логотиби, аталышы жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн түрү жайгаштырылат. Маалымат жайгашуучу орундун аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Кронштейнде өчүп-күйүп туруучу жарык булактары болбоого тийиш жана ал маалымат такталарынын деңгээлинде жайгашат. Бир беттүү кронштейдерди орнотууга жол берилбейт.
Бирден ашык кронштейн орнотууга жол берилбейт.
5) Витрина – имараттын, курулманын сырткы айнектелген бөлүгү, товарларды жана кызматтарды экспозициялоо, алардын курамы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу сатып алуучуларга маалымат берүү үчүн арналат. Витрина имараттын ичиндеги товарлардын экспозициясын көчөдөгү элдин көрүүсүнө жана ишкана тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга шарт түзөт.
Витринага коюучу жалпы талаптар:
- Витрина мидеттүү түрдө профилин ачып берүүчү коммерциялык буюмдар менен кооздолушу жана кечинде жарыктандырылышы керек;
- Витриналарга сатылып жаткан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу бардык маалыматтарды жайгаштырууга уруксат берилет, ошол эле учурда товар жөнүндө маалымат саны жана көлөмү боюнча үстөмдүк кылуусу керек (70% жана андан көп);
Витриналарга жалпы мамлекеттик жана коомдук иш-чараларга арналган майрамдык маалыматтарды жайгаштырууга жол берилет.
Витринанын ички бетиндеги айнектелген жерден тартып витриналык конструкцияга чейинки аралык кеминде 0,15 метрди түзүүсү керек.
Витринанын ички айнектелген бетине жайгаштырылган витриналык конструкциялардын максималдуу өлчөмү (электрондук алып жүрүүчүлөрдү – экрандарды жана таблолорду кошкондо) витринанын айнектелген бөлүгүнүн жарымынан ашпоого тийиш. Ошол эле учурда витриналык конструкциялар сөзсүз турдө переплёттордун чегинде жайгашуусу керек.
Витриналар үйдүн жана көчөнүн жалпы сырткы көрүнүшүн аныктайт, ошол себептүү алар ачык-жарык болуу менен имараттын ички мейкиндигин көрсөтүп тургандай сезим жаратуулары кажет.
Толук жабылган же бүтүндөй плёнка чапталган витриналарды орнотууга тыюу салынат.
6) Мекемелик такталар – уюмдун толук каттоодон өткөн юридикалык аталышын, ведомстволук таандыгын чагылдырат. Мекемелик такталар имараттын кире беришине жайгаштырылат.
7) Мемориалдык (эскертме) такта – тексттик эскертме жанрын билдирүүчү монументалдык искусствонун бир түрү жана ал тарыхтын, ошондой эле адамдардын жашоо турмушунун, ишмердүүлүгүнүн урунттуу учурларын так, кыскача түрдө туюндурууга багытталган. Ал фасаддарга, имараттардын, курулмалардын интерьерлерине жана тосмо коюлган же жабык территорияларга, курулмаларга жана башка жерлерге орнотулат.
Мемориалдык такта жакшы көрүнгүдөй болууга тийиш жана эки метрден кем эмес бийиктикке илинүүсү керек. Мемориалдык такта илинип турган имараттын дубалында мемориалдык тактадагы маалыматка эч кандай тиешеси жок маалыматты (жарнама, кулактандыруу) жайгаштырууга жол берилбейт.
Тексттен сырткары мемориалдык тактанын композициясына портреттик сүрөттө жана декоративдик элементтер дагы киргизилиши мүмкүн.
Мемориалдык такталар өтө бышык материалдардан гана жасалууга тийиш.
8) Мемориалдык белгилер – тарыхый окуялардан кабар берген же тарыхый, маданий же архитектуралык эстелик катары кызмат кылып, бирок сакталбай калган имараттардын жана объектилердин жайгашкан ордун көрсөтүүчү же көчөлөрдүн аталышы, ошондой эле кайсы бир көчөнүн аты эмне себептен улам өзгөрүүгө дуушар болгондугу жөнүндө түшүнүк берүүчү маалымат такта (табличка);
9) Көрсөткүчтөр – көчөлөрдүн, аянттардын, өтмөктөрдүн, кыска көчөлөрдүн, долбоорлонгон (номердик) өтмөктөрдүн, проспектилердин, шосселердин, суу жээгиндеги көчөлөрдүн, скверлердин, туюк көчөлөрдүн, бульварлардын, саябандардын, көпүрө линияларынын, жол көрсөткүчтөрдүн, эстакадалардын аталыштары жана үй номурлары (көчө аншлагдарынын) жөнүндө маалымат, ошондой эле картографиялык маалымат, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын кыймылы (схемасы) жана ырааттамасы, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан орду жөнүндө маалыматтар камтылган объекттер.
Турак жайга ылайыкташтырылган көмөкчү жана убактылуу курулмаларга (сарайлар, кампалар, чыгдандар, котельныйлар) номур коюлбайт.
Табличкаларды, көчө аншлагдарын, имараттардын, подъезддердин жана батирлердин номурларын тиешелүү абалда кармоо милдети алардын ээлерине жүктөлөт.
Жаңы аншлагдарды жана номурларды илүүдө имараттардагы бардык эски аншлагдар жана номурлар алып салынат.
Аншлагдарды жана номурдук белгилерди жайгаштыруу жана алардын сырткы көрүнүшү боюнча талаптар:
- түштүктөн түндүктү көздөй багытталган көчөлөр үчүн имарат номурлары түндүккө карай өсүп жүрүп отурат;
- чыгыштан батышты көздөй багытталган көчөлөр үчүн имарат номурлары батышка карай өсүп жүрүп отурат;
- түштүктөн түндүктү көздөй багытталган көчөнүн батыш жагында жайгашкан имараттарга, ошондой эле чыгыштан батышты көздөй багытталган көчөнүн түштүк тарабында жайгашкан имараттарга так сандар берилет. Так эмес сандар көчөлөрдун чыгыш жана түндүк тарабында жайгашкан имараттарга берилет;
- Саябандардын, проспекттердин, көчөлөрүн, кыска көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан бурч имараттар эки номурдук белгиге жана көчө аншлагына ээ болууга тийиш, алардын бири имараттын башкы фасадында, ал эми экинчиси анын торц бөлүгүндө жайгашат. Калган имараттар бирден номурга ээ болуусу керек. Квартал ичиндеги имараттарда аншлаг болбойт;
- менчигинин түрүнө жана алардагы жарандардын санына карабастан бардык имараттар жана үй ээликтери катар номур ээ болууга тийиш;
- унаа багыты бир тараптуу көчөлөрдө аншлагдар менен номурдук белгилер имараттын, курулманын фасадынын бурчуна, транспорт кыймылынын багытына жакын жерге жайгаштырылат;
- бульварлардын, проспекттердин, көчөлөрдүн жана кыска көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан имараттарга номурдук белги көчөлөрдүн кесилишине чыккан имарат бурчуна илинет;
- короо фасаддарындагы аншлагдар жана номурдук белгилер квартал ичиндеги өтмөктөгү эки терезе аралыгына жайгаштырылат;
- өнөр жай ишканаларынын тосмолордуна жана корпустарында аншлагдар жана номурдук белгилер башкы кире бериштин оң тарабына жайгаштырылат;
- фасаддын сыртка чыгып турган архитектуралык деталдары жана декоративдик элементтери жок бөлүгүндө, фасаддын жасалгасын кошпогондо;
- бирдиктүү курулуш фронтун түзүп турган имараттардын, курулмалардын чектеш фасаддарына бирдей вертикалдуу өлчөмдө дарек белгилерин коюу;
- подъезддердин жана андагы батирлердин номурларын билдирүүчү тактакчалар каалганын үстүнө же каалга туштагы импостко (горизонталдуу тактача), же эшиктин оң тарабына (вертикалдуу тактача) жайгаштырылат;
- үйлөрдүн номерлерин көрсөтүүчү номурлар көчөлөрдүн жана аянттардын аталыштары менен бирге жайгаштырылат;
- аншлагдар эки жерге, кварталдын баш жана аяк жагына жайгаштырылат, эгерде кварталдын узундугу 500 метрден ашык болсо - кошумча түрдө кварталдын ортосуна да жайгаштырылат;
- аншлагдар жана номурдук белгилер калыңдыгы 1,8 миллиметр цинктелген темир листке жасалат жана сырдоо үчүн жогорку сапаттагы эмаль колдонулат. Аншлагдар менен номурдук белгилердин түстүү схемасы эскизге ылайык болот: фон – ак, белгилер көк. Булар башы жумуру декоративдик шуруптар менен бурчтарга бекитилет.
10) Навигациялык белгилер – тирөөчтөргө (өздүк тирөөчтөрдө, жарык берүүчү мамы-тирөөчтөрдө, байланыш тармагынын тирөөчтөрүндө), жер участкаларына орнотулуучу жана калктуу конуштардын аймагын пландаштыруу, инфраструктура объектилеринин, тарыхый-маданий мурас объектилеринин, мекеме жана ишканалардын, уюмдардын, ишкана жана керектөө рыногунун объектилеринин жайгашкан орду жөнүндө маалыматтарды камтуучу эки тараптуу конструкциялар.
11) Маалыматтык стенд – өздүк мамычаларда өз алдынча турган жылмакай тегиздиктеги маалыматтарды көрсөтүүчү элемент болуп саналат.
Маалыматтык стенддер көп кабаттуу үйлөрдүн, турак жайлардын, мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын кире бериштерине жана сырткы беттерине, ошондой эле муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырылат жана калкка маалымат берүү үчүн арналган.
|