Эл депутаттарынын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
(IХ-чакырылышынын) кезексиз IV-сессиясы
ТО К Т О М № 4/1
24.12.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы имараттардын,
курулмаларынын фасадынын тышкы көрүнүшүнө
карата аткаруу үчүн милдеттүү жана бирдиктүү талаптарынын
жалпы жобосун бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2024 жылдын 24 декабрындагы №01-27/2486 «Көк-Жаңгак шаарынын имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелерин милдеттүү аткаруу үчүн бирдиктүү талаптардын жалпы жобосун бекитип берүү жөнүндө» кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
- Көк-Жаңгак шаарынын имараттардын курулуштарын фасадынын тышкы көрүнүшүнө карата аткаруу үчүн милдеттүү жана бирдиктүү талаптарынын жалпы жобосу бекитилсин.
(Жобо тиркелет)
- Көк-Жаңгак шаарындагы имараттардын паспортунун нускасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган Жобонун негизинде иш алып баруу шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
Эл депутаттарынын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
(IХ-чакырылышынын) кезексиз IV-сессиясы
ТО К Т О М № 4/2
24.12.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине Республикалык
бюджеттен түшкөн 50,0 (элүү) миң сом акча каражатын
бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Көк-Жаңгак финансы башкармалыгынын 2024 жылдын 24-декабрындагы №01-744 катынын негизинде Республикалык бюджеттен түшкөн 50,0 (элүү) миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен түшкөн 50,0 (элүү) миң сом акча каражатын Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине күйүчүү май алууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
|