9. Жарнамалык конструкциялар
164. Жарнамалык конструкциялар – жарнакты кандай гана кыртышка болбосун чагылдыруу үчүн арналган щиттер, стенддер, плакаттар, кермелер, жарыктандырылуучу жана электрондук таблолор, учуучу шарлар, аэростаттар жана жарнаманы жайылтуу максатында территорияга орнотулган теникалык каражаттар.
165. Жарнамалык конструкциялар жайгаштыруу түрү боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнүшөт:
- менчиктин бардык түрүнө таандык жер участкаларында жайгашкан өз адынча конструкциялар;
- менчиктин бардык түрүнө таандык кыймылсыз мүлк объектилерине (имараттарга, курулмаларга) биригүүчү каражаттар;
- жекече долбоордун негизинде даярдалган стандарттык эмес мүнөздөгү конструкциялар (учуучу шарлар, аэростаттар).
166. Өзүнчө турган жарнамалык конструкциялар төмөнкүдөй түргө бөлүнүшөт:
- кичи форматтуу;
- орто форматтуу;
- чоң форматтуу;
- ири форматтуу.
167. Жарнак конструкцияларын тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда жылына кеминде бир жолу техникалык кароодон өткөрүп туруу зарыл.
168. Бардык жарнак конструкцияларында маалыматтык-жарнак конструкцияларынын ээсинин маалыматы (уюмдун аталышы, дареги, телефону, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган инвентарлык номери) белгиленүүгө тийиш.
169. Жарнама аянтынын көлөмү 6 квадрат метрди түзгөн жарнамалык конструкциялар кичи форматтык болуп саналат:
1) Флагшток – фирмалык желектерди илүү үчүн имараттардын, курулмалардын атайын кронштейдеринде жана жер участкаларындагы өзүнчө турган мамыларга орнотулуучу конструкция.
Флагштокторго төмөндөгүдөй талаптар коюлат:
- флагшток пайдубалдан, тирөөч рамадан, тик мамылардан жана желектин бийиктигин жөнгө салуу үчүн түзүлүштөр менен жабдылган жумшак панелдерден турат;
- пайдубал бетон негизден тургузууга тийиш;
- жарнак аянты анын курамындагы айрым желектердин бардык тараптарынын аянты менен аныкталат;
- фирмалык желектер такай илинип туруусу мүмкүн.
- эскилиги жеткендигине байланыштуу желектер жаңыланат же алып салынат.
2) Сити-формат – ички жарыктандыруучу түзүлүшү бар өзүнчө турган эки тараптуу жарнамалык конструкция, негизинен тротуарларда орнотулат.
3) Пиллар – үч бурчтуу же төрт бурчтуу призма формасындагы өзүнчө турган жана ички жарыктандырууга ээ жарнамалык конструкция, ар бир вертикалдуу бурчунда 3 метрге 1,4 метр өлчөмүндөгү жарнамалык тегиздик жайгаштырылат.
Жарнамалык тегиздиктин аянты колдонулган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
4) Афишалык стенддер жана тумбалар – тротуарларда жайгашкан бир же эки маалымат талаасына ээ жарнамалык конструкциялар.
Афишалык стенддер жана тумбалар жалаң гана театрлардын, кинотеатрлардын репертуарлары, спорттук жана массалык иш-чаралар, коомдук, маданий-оюн зоок, спорттук-ден соолукту чыңдоочу окуялар жөнүндөгү жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу үчүн арналган.
Афишалык стенддерге жана тумбаларга төмөнкү талаптар коюлат:
афишалык стенддерге же тумбаларга жайгаштырылуучу жарнамалык материалдар тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү тууралуу маалыматтарды камтуусу мүмкүн;
афишалык стенддин же тумбанын маалыматтык талаасынын бир тарабынан өлчөмү 1,4 метрден 3 метрге чейин жетүүсү мүмкүн;
афишалык стенддин же тумбанын маалыматтык талаасынын аянты анын тараптарынын жалпы аянтына жараша аныкталат.
170. Кичи форматтык жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу үчүн ШК даярдоо жөнүндө арыз жекече мүнөздө каралат.
171. Орто форматтык болуп жарнама аянты 12 квадрат метрди түзгөн төмөнкүдөй жарнамалык конструкциялар саналат:
1) Ситиборд – атайын жарнама жайгаштыруу үчүн арналган сырткы түзүлүшкө ээ ички же тышкы жарыктандыруучу түзүлүшү бар жана өзүнчө туруучу жарнамалык конструкция.
Ситиборддун жарнамалык тегиздигинин бир бети 3 метрден 4 метрге чейинки көлөмдөн ашпоого тийиш.
Ситиборддун жарнамалык тегиздигинин аянты пайдаланууга берилген тарабынан жалпы аянты менен аныкталат.
Конструкцияны айнектөө үчүн колдонулуучу материалдар коопсуздук чараларын эске алуу менен керектелет.
2) Жарык кутуча (лайтбокс) – ички жарыктандыруу системасына ээ жана бети жарнама алып жүрүүчү катары саналган жарнамалык конструкция, имараттардын, курулмалардын фасадына орнотулат.
Жарнамалык тегиздиктин аянты пайдаланылып жаткан аянт аркылуу аныкталат.
Жарык кутучасы имараттын фасадынын бетине параллель жайгашат жана фасаддын тегиздигинен 0,25 метрден ашык чыкпоого тийиш.
3) Стелалар – объекттин жайгашкан жерин, иштөө убактысын жана негизги кызматтардын тизмесин көрсөтүү үчүн иштелип чыккан эркин жарнамалык конструкциялар. Стелалар пайдубалдан, тирөөчтөрдөн, каркастан, маалымат талаасынан турат жана ички же сырткы жарыктандырууга ээ.
Стеланын капталдарынын саны төрттөн ашпоого тийиш.
Төмөнкү түрдөгү стелаларды орнотууга жол берилет:
ири – 5 метрге 1,5 метрден ашпаган габариттери менен;
орточо – 3 метрге 1,2 метрден ашпаган габариттери менен;
кичи - 2 метрге 1 метрден ашпаган габариттери менен;
индивидуалдуу – габариттери объекттин жайгашкан ордуна жараша макулдашылат.
Стеланын пайдубалы жол кыртышынын же жер бетинен өйдө чыкпайт. Стелалар электр менен жабдуу тармагынын авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Жарнамалык тегиздиктин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
172. Орто форматтагы жарнак конструкциялары колдонуудагы жарнак конструкцияларынан кеминде 200 алыс аралыкта жайгаштырылат.
173. Ири форматтагы жарнак түзүмдөрүнө жарнама аянты 36 чарчы метрге чейинки жарнак түзүмдөрү кирет.
Билборд (жарнак тактасы) – өзүнчө турган такталык конструкция. Сырткы кыртышка ээ жана атайын жарнак жайгаштырууга арналган.
Билборддун жарнамалык тегиздигинин аянты 3 метрге 6 метрди жана 9 метрге 4 метрди түзөт.
Билборддун жарнамалык тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
174. Ири форматтагы жарнак конструкциясынын пайдубалы жол катмарынын же газон деңгээлинен 150 миллиметрден ашык чыкпоого тийиш. Ошол эле учурда пайдубал милдеттүү түрдө жарнамалык конструкциянын дизайынына шайкеш келүүчү декоративдик материал менен шөкөттөлүүгө тийиш.
175. Бир түрдүү вариантта аткарылган конструкциялардын арткы бети декоративдик түрдө жасалгаланып, ички же тышкы жарыктандырууга ээ болуусу керек.
176. Ири форматтагы жарнамалык конструкциялар шахматтык тартипте жайгаштырылат жана колдонуудагы жарнак конструкцияларынан кеминде 300 алыс аралыкта болуусу керек.
177. Ири форматтагы жарнамалык конструкциялар жалпы регламентациядагы зонага гана жайгаштырылат, калктуу конуштун борбордук бөлүгүн жана борбордук көчөлөрүн камтыган туруктуу регламентация зонасына киргизилбейт.
178. аянты 36 чарчы метрден ашык төмөнкүдөй жарнамалык конструкциялар ири форматтагыларга жарнамаларга киришет:
1) Суперборд – өзүнчө турган калкам сымал конструкция. Сырткы кыртышка ээ жана атайын жарнак жайгаштырууга арналган.
Суперброддун жарнамалык тегиздигинин бир тарабы 4 метрге 12 метрден ашпоого тийиш.
Суперброддун жарнамалык тегиздигинин аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
2) Мегаборд, (суперсайт) – өзүнчө турган калкам сымал конструкция. Сырткы кыртышка ээ жана атайын жарнак жайгаштырууга арналган.
Суперсайттын маалымат талаасынын бир тарабынан көлөмү 5 метрге 15 метрден ашпоого тийиш.
Суперсайттын жарнамалык тегиздигинин аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
3) Арка (П-сымал) – пайдубалдан, каркастан жана жарнамалык тыгыздыктан турган жарнамалык конструкция. Жер кыртышында өзүнчө турат жана жарнак жайгаштырууга арналган сырткы кыртышка ээ.
Тирөөчтөр ортосундагы аралык технологиялык, инженердик шарттарга жана жарнамалык конструкциялар орнотулган жердин ландшафтына жараша өзгөрүп туруусу ыктымал, ошону менен бирге жарнамалык аянттын габаритине карабастан бул конструциялар түрүнө ири форматтагы жарнамалык каражаттардын түрүнө белгиленген бардык талаптар тиешелүү.
Арканын жарнамалык тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
4) Медиафасаддар – түздөн-түз имараттардын, курулмалардын дубал беттерине же дубалдын пластикасы кайталаган металл түзүлүшкө (медифасад имараттын, курулманын, курулуштун айнек бөлүгүнө жайгаштырылган учурларда) жайгаштырылып, маалымат материалдардын көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ири форматтагы жарык өткөрүүчү конструкциялар (дисплейлер).
Территорияга жайгаштырылган медиафасаддар сырткы архитектуралык келбетти бузбоосу керек.
Медиафасаддын конструкциясы сүрөттөрдү чагылдыруучу светодиоддук түзүлүштөр менен жабдылган металл же полимердик базадагы тордон турат.
Медиафасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат.
Медиафасад түрүндөгү жарнамалык конструкцияны жайгаштырууда терезелердин табигый жарыгы, ченемдик инсоляциясы сакталууга тийиш.
Медиафасадды белгилүү бир имаратка жайгаштырууда милдеттүү түрдө бүтүндөй имараттын жарнактын түзүлүшүнүн комплекстүү мүнөздөгү эскиздик долбоору жана техникалык документтери иштелип чыгат жана ал эксплуатация учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт.
Медиафасаддар электр менен жабдуу тармагынын авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Медиафасаддардагы сүрөттөрдү күндүзү демонстрациялоо үчүн динамикалык эффекттер колдонулушу мүмкүн. Караңгыда бул өңдүү динамикалык эффекттерди колдонуу менен медиафасаддардагы сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат.
Караңгыда медиафасаддардагы сүрөттөрдү алмаштыруу мүнөтүнө бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш, сүрөттөр 10 секунддан ашык мөөнөттө бир алмаштырылат, мындай аракет экран жарыгынын нөлдүк баскычка чейинки күңүрттөлүшү жана акырындап мурдагы калыбына келүүсү менен жүзөгө ашырылат.
Медиафасаддар бир гана соода түйүндөрүнүн фасадына жайгаштырылышы мүмкүн.
179. Май куюучу бекеттеги баа таблосу – сатып алуучуларга май куюучу бекеттеги (мындан ары - МКБ) күйүүчү-майлоочу материалдардын ар кандай түрлөрүнүн учурдагы баасы тууралуу маалымат берүүгө арналган маалымат конструкциясы, пайдубадан, каркастан жана сырткы кыртыштардан турат.
МКБ турган жер участкасынын чегине бир баа таблосу жана МКБ турган жер участкасынан сырткары чектерге бир МКБ баа таблосун орнотууга жол берилет. Ошол эле учурда жер участкасынан сырткары чектердеги МКБ баа таблосу көрсөтүлгөн жер участкасынын чегинен 100 метрден алыс эмес аралыкка жана кыймылдын багытына ылайык орнотулат.
МКБ баа таблосу МКБ аталышы (фирмалык аталышы, коммерциялык багыты), жайгашкан жери (иш алып барып жаткан жери), сатылып жаткан күйүүчү майдын түрү, экологиялык классы, баасы, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын наркы, төлөм системалары тууралуу маалыматтарды камтыйт.
МКБ баа таблосун МКБ турган жер участкасынын чегинен сырткары жайгаштыруу МКБнын бекитилген курулуш долбооруна же ушул Эрежелерге ылайык иштелип чыккан жана макулдашылган МКБ баа таблосун жайгаштыруу боюнча дизайн-долбоорго ылайык жүзөгө ашырылат.
Көрнөктүн МКБ баа таблосун жайгаштыруудагы дизайн-долбоору транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүм менен макулдашылууга тийиш.
МКБ баа таблосун жайгаштыруунун дизайн-долбоорун баалоо критерийи болуп саналат:
автоунаа жолунун так, даана көрүнүшүн камсыз кылуу;
жол белгилеринин, светофорлордун жана жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын так, даана көрүнүүсүн камсыз кылуу;
МКБ баа таблосунун жол белгилерине жана жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарына окшошпоосу;
жол кыймылынын катышуучуларын алагды кылбоосу, көз көрүүсүн начарлатпоосу.
180. Ири форматтык жарнамаларга коюлуучу талаптар:
ири форматтагы жарнамалык конструкциялар жалпы регламентациядагы зонага гана жайгаштырылат, калктуу конуштун борбордук бөлүгүн жана борбордук көчөлөрүн камтыган туруктуу регламентация зонасына киргизилбейт;
жер участкаларына жайгаштырылган ири форматтагы конструкцияларга долбоордук документтер иштелип чыгат жана алар белгиленген тартипте экспертизадан өткөрүлүүсү керек;
ири форматтагы конструкциялар тышкы же ички жарыктандырууга ээ болуулары зарыл.
181. Индивидуалдуу долбоор боюнча аткарылган стандарттык эмес жарнамалык конструкциялар – ушул Эрежелерди каралган форматтан башкача форматтагы жарнамалык конструкциялар.
Индивидуалдуу долбоор боюнча аткарылган стандарттык эмес жарнамалык конструкцияларга жарнамалык маалыматтарды жайылтуу үчүн объекттин көлөмү менен катар эле анын үстүңкү бети дагы пайдаланылуучу жарнамалык конструкциялар (анын ичинде учуучу шарлар, аэростаттар, көлөмдүк-мейкиндик моделдер) – көлөмдүк-мейкиндик конструкциялар кирет.
Көлөмдүк-мейкиндиктик түзүлүштөрдүн маалымат талаасынын аянты эсептөө жолу менен аныкталат.
182. Көчмө жарнак конструкциялары (штендерлер) – соода уюмунун иш мөөнөтүндө товар сатылуучу жерден алыс эмес аралыкка жайгаштырылуучу көчмө жарнамалык түзүлүш.
Штендерлер эки тараптуу, жеке жарыктандыруусу жок, бир тарабынан аянты 1 квадрат метрден ашпоого тийиш. Штендерлер имараттын кире беришинен 2 метрд аралыкта жайгашуусу керек.
Жөө адамдардын өтүүсүнө жолтоо болуучу, ошондой эле жолдун унаа өтүүчү бөлүгүнөн гана көрүүгө боло турган штендерлерди орнотууга жол берилбейт.
183. Ташылып жүрүүчү жарнак конструкциялары - техникалык каражаттарды колдонбостон жеке адамдар тарабынан көчүрүлө турган тышкы жарнактын жана маалыматтын убактылуу каражаттары.
Жарнама аянты ташылып жүрүүчү конструкциянын жарнама таласынын өлчөмүнө жараша болот.
Жөө адамдар өтүүчү аймактарда жана тротуарларда ташылып жүрүүчү жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоого уруксат берилет. Жөө адамдардын өтүүсүнө жолтоо болуучу жана жолдун унаа өтүүчү жагынан гана көрүүгө боло турган жарнамалык конструкцияларды (ташылып жүрүүчү) пайдаланууга тыюу салынат.
184. Проекциялык орнотмолор – сүрөттөрдү жерге, туюк дубал беттерине чагылдыруу үчүн арналган жарнамалык конструкциялар, проекциялык түзүлүштөн жана тегиздиктен (экрандан) же жарнак чагылдырылуучу көлөмдөн турат.
Жалпак сүрөттөр үчүн маалымат талаасынын аянты проекцияланган беттин өлчөмдөрү менен, ал эми көлөмдүү сүрөттөр үчүн ал эсептөө жолу аркылуу аныкталат.
Проекциялык түзүлүштөрдү жер участокторуна да, имараттарга, курулмаларга жана курулмаларга да жайгаштырууга жол берилет.
185. Электрондук экрандар (LED экрандар, электрондук табло) - экрандын бетиндеги лампалардын, светодиодтордун, же башка жарык булактардын жарык нурданууларынын эсебинен чыгылдырылуучу конструкциялар.
Маалыматтык талаанын аянты жарык нурдануучу беттин көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.
Электрондук экрандар эркин туруучу конструкциялар түрүндө да, имараттардын жана курулуштардын фасадына жайгаштырылган конструкциялар түрүндө да жайгаштырылышы мүмкүн.
Электрондук экрандардын маалыматтык-жарнамалык аянты маалыматтык жана жарнамалык талаанын өлчөмүнө жараша же түздөн-түз эфирдик сүрөттүн көлөмүнө жараша жекече эсептөө жолу менен аныкталат.
Электрондук экрандарга (LED экрандар, электрондук табло) коюлуучу талаптар:
электрондук алып жүрүүчүдө сүрөттөрдү көрсөтүү статикалык сүрөт технологиясын колдонуу менен, аудиовизуалдык чыгармаларды камтыган динамикалык эффекттерди колдонбостон (медиафасаддарды кошпогондо) ишке ашырылууга тийиш;
Күндүзү сүрөттөрдү алмаштыруу 5 секундда бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш, сүрөттөр 2 секунддан ашык мөөнөттө бир алмаштырылат, мындай аракет экран жарыгынын нөлдүк баскычка чейинки күңүрттөлүшү жана акырындап мурдагы калыбына келүүсү менен жүзөгө ашырылат.
Акча алмаштыруучу жайлардагы электрондук таблодогу сүрөттөрдү демонстрациялоо статикалык сүрөт технологиясын колдонуу менен динамикалык эффектерден сырткары жүргүзүлөт. Сүрөттөрдү алмаштыруу 30 секундда бир жолу жүргүзүлөт жана алмаштыруу аралыгы 2 секунддан ашпоосу керек.
Караңгы учурларда электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү сүрөттөрдү демонстрациялоодо фондун ак болуусуна жол берилет.
турак жай имараттарынын фасадына, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарына электрондук экрандарды коюуга жол берилбейт;
электрондук экрандар соода-оюн зоок борборлорунун фасаддарына орнотулат.
бир имараттын, курулуштун сырткы бетине жеке же юридикалык жак төмөнкү түрдөгү бирден ашпаган маалымат конструциясын орнотууга укуктуу:
дубал бетиндеги конструкциялар (көрнөк конструкциялары объекттердин фасад бетине жана (же) анын конструктивдүү элементтерине параллель жайгашат);
акча алмаштыруучу жайдагы табло стандарттык өлчөмдө – 0.8 метрге 1,2 метр өлчөмүндө болуусу кажет.
186. Курулуш объектилериндеги жарнама – курулуп же реконструкцияланып жаткан объекттин убактылуу тосмолоруна же курулуп, реконструкцияланып жаткан имараттын фасаддарына жайгаштырылуучу жарнак.
Курулуш тосмолорунда курулуп жаткан объект тууралуу маалымат жайгаштырылышы мүмкүн.
Курулуп жаткан имараттарга, курулмаларга убактылуу жарнамалык конструкцияларды – курулуш торчолорун жайгаштырууга жол берилет.
Курулуш торлорун жайгаштыруу жана анын сырткы көрүнүшүнө талаптар ШК тарабынан белгиленет.
Курулуш торлоруннун сырткы көрүнүшү бир түстүү же сүрөттөрдүн фону фронталдык проекциянын 1:1 масштабында курулуп, реконструкцияланып, оңдолуп жаткан имараттын, курулманын фасадынын түсүн колердик бланкка ылайык кайталоосу зарыл.
|