Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 11:21 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2025 » Январь » 11 » 4 сес. ток. тирк.7 болугу
6:25 AM
4 сес. ток. тирк.7 болугу

7. Фасаддардын кошумча жабдуулары

 

133. Имараттардын, курулмалардын  ички эксплуатациясын техникалык жактан камсыздоо системасы жана фасаддарда жайгашкан жабдуу элементтери фасаддардагы кошумча жабдуулар болуп саналат.

134. Фасаддарга кошумча жабдууларды орнотууга коюлуучу талаптар төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:

- фасаддын паспорту менен;

- имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулукта-ры менен;

- имараттардын, курулмалардын негизги жүк көтөрүүчү конструкция-ларынын техникалык абалы менен.

135. Фасаддардагы кошумча жабдуулардын түрү:

а) имараттардын ички эксплуатациясын техникалык жактан камсыздоо системасы:

кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору;

антенналар;

б) жабдуулар:

почта ящиктери;

таксофондор;

банкоматтар жана төлөм терминалдары;

сааттар;

в) техникалык жабдуулар:

сырткы видеокамералар;

жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспортунун кыймылын камсыз кылуучу жабдуулар, аймакты жарыктандыруу, кабель линиялары, дубалдын электр панелдери, фасад үчүн көркөм жарык берүү системалары.

136. Кошумча фасаддык жабдуулар бирдиктүү көрүнүшкө жана белгилүү бир максатка ээ болуусу керек.

137. Фасаддагы кошумча жабдуулардын курамы жана жайгаштырылуучу жери фасаддын архитектуралык дизайнына жана жасалгалануусуна байланыштуу болууга тийиш.

138. Имараттардын, курулмалардын фасаддарына кошумча жабдууларды жайгаштыруудагы жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

- фасаддардын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбестен фасад паспортунда көрсөтүлгөн жерлерге жайгаштыруу;

- архитектуралык беттер менен минималдуу байланыш, бекиткичтердин рационалдуу конструкциясы жана технологиялык эффективдүүлүгү, стандарттуу бекитүүчү конструкцияларды колдонуу;

- адамдар үчүн коопсуздук;

- фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштыруу боюнча комплекс-түү чечимдер;

- жүргүнчүлөрдүн жашоо шарттары менен унаалардын кыймылын начарлатпай тургандай жайгаштыруу;

- эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу.

139. Имараттардын ички эксплуатациясынын техникалык камсыздоо элементтерин жайгаштыруу үчүн төмөнкү талаптарды сактоо керек:

- короо ичиндеги жана каптал фасаддарга жайгаштыруу;

- техникалык түзүлүштөрдүн фасад бетине минималдуу таасири;

- компакттуу орнотулган түзүлүш;

- сырткы блокторду, деталдарды маскировкалоо;

- бир катар элементтерди жалпы кармап туруучу негизге топтоо;

- фасаддагы түркүктүн (ось) бирдиктүү системасына байлоо.

140. Жабдуу үчүн жай тандоо төмөнкүдөй аныкталат:

- райондун, кварталдын, көчөнүн чектеринде жабдууларды жайгашты-руунун тармактык системасы;

- жайгаштыруучу орундарды унификациялоо менен;

- визуалдык жана физикалык жеткиликтүүлүк, колдонуунун жөнөкөйлү-гү менен;

- фасаддын паспорту, кошумча жабдуу элементтерин жайгаштыруу менен.

141. Техникалык жабдууларды жайгаштыруу параметрлери фасаддык паспорт менен бирге инженердик тармактарды орнотуу боюнча ченемдик талаптар менен аныкталат.

142. Дубал бетиндеги диаметри 0,15 метр өлчөмдөгү тешик аркылуу аба берүүчү жана тосмо тор менен корумдалган кондициялоо жана желдетүүчү системаны (тышкы блоксуз)  орнотууга  чек коюлбайт.

143. Кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блокторун жайгаштырууга жол берилбейт:

- фасаддардын алдыңкы беттерине (ниша, лоджия, чүмбөттөөчү элементтер – декоративдик торлор өңдүү атайын бөлүнгөн жайларды эске албаганда);

- көчө жактан көрүнө турган короо ичиндеги жана каптал беттеги фасаддарга (ниша, лоджия, чүмбөттөөчү элементтер – декоративдик торлор өңдүү атайын бөлүнгөн жайларды эске албаганда);

- жөө адамдар өтүүчү тротуарлардын үстүнө;

- чүмбөттөөчү тосмолорду пайдаланбай туруп фасад бетинен сырткары чыгып турган терезе ордуларына;

- архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге, баалуу архитектуралык жасалгалары бар беттерге жайгаштырууга, ошондой эле архитектуралык беттердин бузулушуна алып келүүчү бекитмелерге.

144. Антенналарды орнотууга уруксат берилет:

- Бирдиктүү жүк көтөрүүчү негизди пайдалануу менен компактуу иретке келтирилген топтор менен имараттардын, курулмалардын чатырына (зарылчылыгына жараша – тосмо түзүлүштөрү менен);

- лоджияларга жана балкондорго, лоджиялардын жана балкондордун тегиздигинен чыкпастан - көрүнбөгөн жерлерге орнотууга жол берилет.

 

145. Антенналарды орнотууга уруксат берилбейт:

- имараттардын, курулмалардын фасаддарына;

- жекече долбоорлордун негизинде курулган жана калктуу конуштардын ансамблинде чоң орунду ээлеген заманбап имараттардын фасадына;

- экспрессивдүү силуэти бар имараттардын чатырына, имараттардын, курулмалардын (мунаралардын, куполдордун) силуэт четтерине, парапеттерге, чатырдын тосмолоруна, желдетүүчү түтүктөргө;

- балкондордун, лоджиялардын тосмолоруна.

146. Кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору фасад пасорту аркылуу аныкталган жерлерге ирээти менен жайгаштырылууга тийиш. Мындай шартта бекиткичтер менен тосмолордун стандарттык конструкциялары колдонулуп, бирдиктүү ось системасына байланат. Ал эми бир катар элементтерди жайгаштырууда жалпы түркүктүк негизге орнотулат.

147. Сырткы байкоо жүргүзүү камералары балкон, эркер алдына, архитектуралык деталдар, декор, баалуу жасалга элементтери жок жерлерге жайгаштырылат.

148. Тышкы байкоо камераларын колонналарга, фронтондорго, карниздерге, пилястрларга, порталдарга, чатырларга жана балкондордун түбүнө коюуга жол берилбейт.

149. Почта ящиги жана таксофондор архитектуралык деталдар, декор, баалуу жасалга элементтери жок жерлерге, фасад бөлүктөрүнө, фасадга жанаша жаткан  1,5 метрден кем эмес тротуар аймагында жайгаштырылат.

150.  Почта ящигин жана таксофондорду орнотууга жол берилбейт:

- архитектуралык-көркөм баалуулукту түзүүчү имараттардын, курулма-лардын фасадына;

- жөө адамдар менен транспортун кыймылына жолтоо болуучу жерлерге;

- турак жайлардын терезелеринин түбүнө;

- фасаддын порталында, колонналарына жана пластикалык элементте-рине.

151. Сааттар фасаддын көзгө көрүнүктүү жерлерине орнотулат:

- биринчи же экинчи кабаттардын деңгээлиндеги фасаддын бурчтук жерине, фасаддын сыртты көздөй чыгып туруучу элементтерине  (эркерлерге, балкондорго) консолдук түрдө, фасаддагы консолдук объектиден кеминде 5 метр алыс; 

- имараттын кире беришине же кире бериш жанына;

- мамычалардын (простенкалардын) огуна ылайык фасадга консолдук объектилерди вертикалдуу жайгаштыруу менен.

152. Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын фасаддарга жайгаштырууга төмөнкү учурларда уруксат берилет:

- Витриналык түзүлүштүн бирдиктүү тыгыздыгы жана жалпы мүнөзү сакталганда;

- Дубалдагы оюк (ниша) же каалга тешигине, мында анын кирип-чыгуу үчүн арналбагандыгы эске алынат жана жалпы архитектуралык түзүлүшү, каалга тешигинин габариттери сакталат;

- фасад бетине жанаша орнотулган банкоматтардын жана төлөм терми-налдарынын кандайдыр бир кошумча тосмолору болбоого тийиш.

153. Территорияны жарыктандыруу үчүн фасадга орнотулган  бекиткичтер фасаддын техникалык абалына жана тышкы көрүнүшүнө зыян жаратпашы керек. Көрсөтүлгөн жабдууларды архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге жана фасаддын жасалгасына бекитүүгө жол берилбейт.

154. Кошумча фасаддык жабдуулардын сырткы көрүнүшүнө коюлган жалпы талаптар:

- унификация;

- компакттык габариттер;

- заманбап техникалык чечимдерди колдонуу;

- жогорку декоративдик жана эксплуатациялык сапаттагы материалдар-ды пайдалануу.

155. Кошумча фасаддык жабдууларды даярдоо үчүн колдонулуучу материалдардын декоративдик жана эксплуатациялык сапаттарынын жогору болуусу, климаттык шарттарга ылайыкталып,  коррозияга узак мөөнөт каршы турууга жөндөмдүү жана салмагы жеңил болуусу керек.

156. Кошумча фасаддык жабдууларды бекитүүчү конструкциялар архитектуралык кыртышка карата аз өлчөмдө болууга тийиш. Монтаждоо, демонтаждоо иштери жеңил аткарылып,  эксплуатация коопсуздугун камсыз кылынуусу кажет. Өндүрүш технологиялары кошумча жабдуулардын механикалык таасирлерге карата туруктуулугун камсыз кылуусу шарт.

157. Кондициялоо жана желдетүү системаларынын жана техникалык жабдуулардын тышкы блоктору архитектуралык фонго (фасаддын түсү, айнек тону) мүмкүн болушунча жакын, нейтралдуу түскө ээ болууга тийиш.

158. Дубалдын ачык түстөгү фонуна же чатырга орнотулган антенналар ачык түстө болуусу керек. Дубалдын күңүрт фоннуна орнотулган антенналар архитектуралык кыртыштын өңү сымал күңүрт түстө болуусу зарыл.

159. Кошумча фасаддык жабдууларды бекитүүчү конструкциялар фасаддын түсү сымал бейтарап түстө болуусу зарыл.

160. Кошумча жабдуулар эксплуатациялоо учурларында тиешелүү абалда сакталат жана ага оңдоо, тазалоо иштери өткөрүлүп туруусу керек. 

161. Кошумча фасаддык жабдуулардын иштеши фасаддын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбеши жана башкаларга ыңгайсыздык жаратпашы керек.

 

Просмотров: 6 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Январь 2025  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0