6. Балкондор жана лоджиялар
115. Балкондорду жана лоджияларды орнотуу жана жабдуу учурунда коюлуучу талаптар төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:
- фасаддын паспорту;
- имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу;
- имараттын же курулуштун негизги жүк көтөрүүчү конструкциялары-нын техникалык абалы.
116. Балкондорду жана лоджияларды орнотууга жана сырткы көрүнүшүн өзгөртүүгө (айнектөө, тосмолорду оңдоо же алмаштыруу, түс схемасы) байланыштуу иш-аракеттер ушул Эрежелердин 28-29-пункттарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
117. Балкондордун жана лоджиялардын түрлөрү жана жайгашуусу, мурда бузулуп же алынып салынган балкондорду жана лоджияларды калыбына келтирүү, тосмонун конструкциясы фасаддык паспорт, имараттын конструктивдик системасы, долбоордо каралган конструкциясы аркылуу аныкталат.
118. Жайгашкан орду боюнча айырмаланат:
- алдыңкы фасаддын балкондору жана лоджиялары;
- короо фасаддарынын балкондору жана лоджиялары;
- биринчи кабаттын лоджиялары;
- мансарддык балкондор жана лоджиялар.
119. Фасаддардагы балкондордун жана лоджиялардын архитектуралык дизайнынын негизги принциптери болуп саналат:
- фасаддын (фасаддардын) бүтүндөй бетинин бирдей мүнөздө болуусу;
- кабаттык топ (фасадды кабат боюнча бөлүштүрүүдөгү бирдиктүү мүнөз);
- вертикалдуу топ (вертикалдуу ички коммуникацияларды, эркерлерди жайгаштырууга ылайык бирдиктүү мүнөз);
- фасадды толугу менен айнектөө (фасад бөлүгүн).
120. Балкондорду жана лоджияларды орнотуу, аларды айнектөө, жарыктандыруу фасад паспортуна ылайык жүргүзүлөт.
121. Габариттерди өз алдынча өзгөртүүгө жана айнектөөгө, түсүн, тосмо беттериндеги сүрөттөрдү, ошондой эле балкон жана лоджия орнотмолорундагы элементтерди өзгөртүүгө, жаңы балкон жана лоджияларды орнотууга же мурдагыларды алып салууга, мындай иш-аракеттер менен фасад паспорту аркылуу аныкталган бүтүндөй композицияны бузууга жол берилбейт.
122. Имараттардагы балкондорду жана лоджияларды өзгөртүп жасоо, формасын өзгөртүү, реконструкциялоо жана капиталдык түрдө оңдоп-түзөөдө курулуш ченемдери менен эрежелерди, ошондой эле ушул Эрежелердин 28-29-пункттарында белгиленген талаптарды сактоо зарыл.
123. Имараттарды пайлануу мүнөзү жана багыты өзгөргөндүгүнө байланыштуу имараттардын, курулмалардын биринчи кабатындагы лоджияларды ушул Эрежелердеги талаптарга ылайык реконструкциялоого, жабдуу жана түзүлүштөрүнүн айрым мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.
124. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- архитектуралык эшик-терезе ордулары;
- тосмолор;
- эшик-терезе ордуларын архитектуралык түрдө жасалгалоо;
- айнектөө конструциясы;
- вертикалдуу жашылдандыруу түзүлүшү.
125. Балкондордун жана лоджиялардын жабдууларынын жана дизайны-нын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- декоративдик панжаралар (решетки);
- коргоочу панжаралар;
- тосмолор;
- кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору;
- маркиздер;
- көркөм жарыктандыруу;
- жашылдандыруу.
126. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын жалпы талаптары болуп саналат:
- Фасаддын жалпы архитектуралык жана түстүү чечимдерине ылайык комплекстүү мүнөздөмө;
- оңдоп-түзөөчү, монтаждык, жасалгалоо иштеринин, пайдаланылуучу материалдар менен конструкциялардын жогорку сапаты;
- элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;
- фасаддын техникалык абалын жана сырткы көрүнүшүн бузбастан орно-туу жана эксплуатациялоо;
- тиешелүү абалда кармоо.
127. Фасаддын архитектуралык жалпы көрүнүшүнөн алганда балкондорду жана лоджияларды долбоорлоонун жана жабдуунун эң маанилүү мүнөздөмөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- дубалдагы эшик-терезелердин ордунун архитектуралык формасы;
- терезелердин жана витриналык конструкциялардын түсү;
- переплёттогу сүрөттөр;
- терезе түзүлүштөрүнүн профилинин кеңдиги жанан анын айнектелген тегиздикке дал келиши;
- эшик-терезе ордуларынын үстүңкү жана астыңкы боорлорун жасалгалоо;
- терезе жана витриналык конструкциялардын материалы.
128. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- эшик-терезелердин архитектуралык формасын өз алдынча өзгөртүүгө;
- тосмолордун мүнөзүн (түсүн, сүрөтүн, тунуктугун) өз алдынча өзгөртүүгө;
- айнектөө, тосмо конструкцияларды орнотуу, фасад бөлүгүнүн архитектуралык дизайнын өзгөртүү менен балкондорду жана лоджияларды өз алдынча реконструкциялоого;
- балкондун же лоджиянын ичиндеги фасаддын бир бөлүгүн фрагменттүү сырдоо же каптоо.
129. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте экспертизадан өткөн долбоордук документтердин негизинде имараттын жана курулманын коопсуздугунун конструктивдик мүнөздөмөлөрүнө таасир этүүчү балкондорду жана лоджияларды реконструкциялоого жол берилет.
130. Жабдуулардын кошумча элементтерин орнотуу жана балкондорду жана лоджияларды долбоорлоо ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
131. Имараттардын, курулмалардын менчик ээлери жана имараттарды жана курулмаларды күтүү милдети жүктөлгөн адамдар жабдуулардын элементтерин үзгүлтүксүз тазалоого, балкондорго, лоджияларга жана тосмо конструкцияларга күнүмдүк оңдоо иштеринин өткөрүлүп турушун камсыз кылууга милдеттүү.
132. Балкондордун жана лоджиялардын конструкцияларынын жана жабдууларынын элементтерин алмаштырууда, оңдоодо же эксплуатациялоодо алардын фасаддык паспортунда белгиленген мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилбейт.
|