5. Кире бериш топторду орнотуу жана жабдуу
69. Кире бериш топторду жабдуу жана жасалгалоо иштерине коюлуучу талаптар төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:
- фасаддын паспорту менен;
- имараттын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;
- имаратты пайдалануу мүнөзү, багыты менен;
- имараттын же курулуштун негизги жүк көтөрүүчү конструкциялары-нын техникалык абалы менен.
70. Кире бериш топторду жекече жабдуу жана каттоо ушул Эрежелердин 27-28-пункттарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
71. Конструкцияны өзгөртүү, кире бериш топтордун жана эшик-терезе ордуларын жабдуу, сырткы көрүнүшүн, түс схемасынын өзгөртүү, кире бериш топторун алып салуу, габарит жана конфигурациясын өзгөртүүгө, эшик-терезе ордуларын орнотуу, эшик конструкцияларын, чатырларды жана жабдуу элементтерин орнотуу, тепкичтерди жана чуңкурчаларды (приямки) орнотуу иштери ушул Эрежелердин 27-28-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
72. Кире бериш топтордун түрлөрү жана жайгашуусу фасаддын паспорту, имараттын, курулманын конструктивдүү системалары, планы жана мындай имарат менен курулмалардын пайдалануу багыты менен аныкталат.
73. Кире бериш топтору жайгашкан жери боюнча айырмаланат:
- фасаддын алдыңкы бетинде жайгашкан;
- короо фасаддарында жайгашкан;
- биринчи кабаттагы бөлмөдө;
- подвал кабатындагы бөлмөлөрдө жайгашкан.
74. Кире бериш топторунун фасадда жайгашуусу, алардын өлчөмдөрү, түзүлүштүн мүнөзү жана сырткы көрүнүшү фасаддын паспортуна ылайык келиши керек.
75. Имараттардын жана курулмалардын фасадында кире бериш топторду жайгаштыруунун жана архитектуралык долбоорлоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- фасадда жайгашуу тартиби жана бирдиктүү мүнөзү;
- фасаддын негизги композициялык түркүгүнө кошуу;
- кире беришти витриналар менен жалгаштыруу мүмкүнчүлүгү.
76. Кошумча түрдөгү кире бериш топторду жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү фасаддын паспортун, имараттын планировкасын, мурдагы кире бериштин «кызыл сызык» чегинде жайгашкандыгын эске алуу менен имараттын, курулманын фасадынын жалпы концепциясынын негизинде аныкталып, архитектуралык чечимге залакасы тийбегидей аракетте жүзөгө ашырылат.
77. Объекттин функционалдык багыты өзгөргөн учурларда (турак жайды турак эмес жайга) бир кире бериш топтогу түзүлүш же жабдуу орнотууга уруксат берилет, мында имаратты кайра пландоо, реконструкциялоо планынын Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылган имараттын фасадынын архитектуралык түзүлүшүнө шайкештиги, ошондой эле ушул Эрежелердин 76-пунктунда талаптар эске алынат.
78. Өрт коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо максатында эки кире бериш жерди жабдууга уруксат берилет жана анда ушул Эрежелерде белгиленген талаптардын сакталышы эске алынат.
79. Имаратты кайра пландоо, багытын өзгөртүү же реконструкциялоо боюнча документтердин курамындагы имараттын фасадынын архитектуралык чечими кире бериш жерлерди, витриналарды, имараттын маалымат элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.
80. Кире бериш топторду жайгаштыруу, габариттери менен конфигурацияларын өзгөртүү, кошумча кире бериштерди орнотуу жана фасад паспортунда белгиленген фасад композициясынын бузулушуна алып келгидей кылып түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан мурдагы кире бериш топторду ликвидациялоого жол берилбейт,
81. Фасаддын долбоорунда жана паспортунда каралгандагыдай имараттардын фасадындагы кире бериш топтордун архитектуралык түзүлүшү жана композициялык мааниси сакталууга тийиш. Кире бериш топтордун жайгашкан жери, түзүлүшүнүн жана жабдылышынын мүнөзү фасаддагы кире бериштердин фасаддын долбоорунда жана паспортунда каралган композициялык ролун бузбашы керек.
82. Имараттын алдыңкы бетине кире бериш топторду орнотуу имараттын ички мейкиндигинин эсебинен жүргүзүлөт жана анда «кызыл сызыкка» жана «курулуш линиясы» менен түзүлгөн фасаддын архитектуралык композициясын максималдуу сактоо принциби эске алынат.
83. Кире бериш топторду имараттын, курулманын ички мейкиндигинен сырткары орнотуу Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык макулдугу жүзөгө ашырылат жана алардын «кызыл сызыкка», тротуарларга, өтмөктөргө жана фасаддын архитектуралык чечиминин негизиндеги жашыл территорияга өтүп кетүүсүнө жол берилбейт.
Фасаддын көрсөтүлгөн архитектуралык чечими имараттардын, курулмалардын фасадындагы мурдатадан турган кире бериштерди, витриналарды, маалымат элементтерин жана түзүлүштөрдү, жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен менен аткарылат.
84. Керектүү долбоордук негиздемелерге жана ушул Эрежелерде каралган курулуш нормаларына жана эрежелерге ылайык туюк дубалдарга жана брандмауэрлерге кире бериш топторду орнотууга жол берилет.
85. Көп кабаттуу үйдө жайгашкан бөлмөгө түздөн-түз көчөдөн кирүү үчүн обочолонгон кире бериш конструкциясын орнотууга жол берилбейт.
86. Имараттын же курулманын алдыңкы фасадында жертөлөнүн же биринчи кабаттын жайларына кире бериш түзүлүшүн орнотуу архитектуралык композицияны максималдуу сактоо принцибин сактоо менен имараттын же курулманын ички мейкиндигинин эсебинен ишке ашырылууга тийиш.
87. Зарыл долбоордук негиздемелерге жана курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык, фасаддын архитектуралык композициясын мүмкүн болушунча сактоо жана жөө адамдар басуучу тротуардын, өрт өчүрүү үчүн өтүүчү өтмөктүн кеңдигин сактоо менен имараттын каптал фасадындагы подвалдык же цоколдук кабаттардагы жайга кире бериш топторду орнотууга жол берилет.
Подвалдык же цоколдук кабаттардагы имарат жайдын кире бериши бүтүндөй фасад чегиндеги бирдей чечимге ээ болууга, биринчи кабаттын кире беришине, фасаддын паспортуна ылайык келүүгө жана жөө жүргүнчүлөр менен транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратпоосу керек.
88. Биринчи кабаттан жогору, терезе жана каалга тешиктеринин үстүндө же учурдагы терезе жана каалга тешиктеринин деңгээлинен жогору кирүү топторун орнотууга жол берилбейт.
89. Бардык кире бериш топтор бүтүндөй фасад чегинде каралган бирдиктүү архитектуралык көрүнүшкө ээ болуу менен фасаддын архитектуралык композициясын бузбоого, жүргүнчүлөр менен автоунаалардын кыймылына тоскоолдук жаратпоого тийиш.
90. Соода жана тейлөө объектилеринин кире бериш топтору витриналарды орнотуу, фасаддын жарнамалык жана маалыматтык бөлүгүн жасалгалоо менен бирдиктүү комплексте чечилүүсү керек.
Соода жана тейлөө объектилерине таандык фасад бөлүгүнүн комплекстүү чечими фасаддын паспортунда аныкталган жалпы композицияга ылайык келүүсү керек.
91. Имарат жайды пайдалануу мүнөзү (эшиктердин, тепкичтердин) өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу имараттар менен курулмалардын биринчи кабатындагы кире бериш жерлерди өзгөртүүгө жол берилет, мында аларды орнотуу жана жабдуу мүнөзү ушул Эрежелердин 28-29-пункттарында белгиленген тартипте өзгөртүлөт.
92. Фасаддын архитектуралык чечимине ылайык шартта каалга тешигин терезе тешиги катары кайра жасап чыгууда шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылган имарат жайды кайра пландоо, оңдоп түзөө же реконструкциялоо боюнча документтердин негизинде жүргүзүлөт.
93. Кире бериш топторду орнотуунун жана жабдуунун негизги элементтери болуп саналат:
- архитектуралык эшик-терезе ордулары;
- эшик-терезе ордуларын архитектуралык мүнөздө жасалгалоо (эшик-терезе боорлорун, наличниктерди, деталдарды, декор элементтерди);
- эшик ордулары;
- чатырчалар, бастырмалар;
- шатылар, тепкичтер, бастырмалар;
- чуңкурчалар (подвалдык бөлмөгө кирүү үчүн);
- жарыктандыруу.
94. Кире бериш топтордун түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын кошумча элементтери болуп саналат:
- коргонуучу түзүлүштөр (терезе тосмолору, экрандар, жалюзилер);
- багыт берүүчү маалымат элементтери (көрнөктөр, подъезддердин, ба-тирлердин тепкичтердин номурлары көрсөтүлгөн табличкалар);
95. Кире бериш топторунун конструкциясы жана жабдылышы фасаддык паспортко ылайык бирдиктүү мүнөздө болууга тийиш.
96. Кире бериш топторду орнотуунун жана жабдуунун жалпы талаптары болуп саналат:
- фасаддын жалпы архитектуралык жана түстүү схемасына ылайык комплекстүү мүнөз;
- оңдоо, монтаждоо, жасалгалоо иштеринин, колдонулган материалдар-дын жана конструкциялардын тийиштүү сапаты;
- элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү жана кооп-суздугу;
- фасаддын техникалык абалын жана сырткы көрүнүшүн бузбастан, жөө жүргүнчүлөр менен унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратпастан орнотуу жана пайдаланууга берүү.
97. Кире бериш топторду долбоорлоо жана жабдуу ченемдик укуктук актылардын, курулуш эрежелер менен нормалардын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.
98. Уруксат берилбейт:
- кире бериштин айланасындагы фасад бөлүгүнүн бетин, эшик-терезе боорлорун жана наличниктерди фасад паспортунда белгиленген колерге сырдоого, бөлүп-бөлүп сырдоого, жасалгалоого;
- таш менен капталган фасад беттерин сырдоого;
- эшик-терезе боорлорун керамикалык плиткалар менен жасалгалоого;
- чуңкурча элементтерин (наличтиктер, профилдер, декор элементтери), эшик-терезе боорлорун бузууга.
99. Эшик боштуктарын толтуруучу материалдарды орнотууда, оңдоодо жана алмаштырууда жол берилбейт:
- имараттардын, курулмалардын алдыңкы фасаддарына туюк металл полотнолорду орнотууга;
- фасад ичиндеги терезе жана витрина конструкцияларынын, эшик боштуктарын толтуруучу материалдардын түрдүү түскө сырдалышына;
- кире беришке витриналарга жалгашкан туюк эшик панелдерин орнотууга;
- фасад бетине карата дубал бетиндеги эшик блогунун жайгашуусун өзгөртүүгө;
- имараттын фасадынын бетинен бери чыгып калуучу кире бериштерди орнотууга.
100. Эски эшиктерди заманбап эшиктер менен алмаштыруу фасаддын паспортуна ылайык жүргүзүүгө тийиш.
101. Чатырча менен бастырма жүйөлүү себептер менен байланышкан шарттарда гана орнотулат жана фасаддын паспортуна ылайык жеке жана типтүү долбоор боюнча аткарылат.
102. Турак жайдын терезелеринин астына чатырларды жана тенттерди орнотууга өзгөчө учурларда, түйүндөгү чатырдын деңгээли жогоруда жайгашкан имараттын негизги бөлүгүндөгү турак жай (турак эмес) жайлардын полунун деңгээлинен ашпаган шартта жол берилет.
103. Фасад паспортунда каралган имараттардын, курулмалардын чатырчаларын жана бастырмаларын алып салууга, ошондой эле фасад паспортунда каралбаган чатырча жана бастырмаларды орнотуу менен фасаддын сырткы көрүнүшүн, коопсуздук талаптарын бузууга жол берилбейт.
104. Тепкичтердин, чатырчалардын жана чуңкурлардын конструкциясы ченемдик талаптарга ылайык келүүгө жана колдонуунун жеңилдигин жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Түзүлүштүн мүнөзү, материалдары жана түс схемасы фасаддык паспортко ылайык келиши керек.
105. Жер алдындагы инженердик тармактар жайгашкан зоналардан алысыраак жердеги короо фасаддарында орун алган подвалдык кабаттагы терезе орду бар имарат жайга кире беришти орнотууда тротуардын жана өтмөктүн нормативдик кеңдиги эске алынат.
106. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кирип-чыгуусун жеңилдетүү максатында имараттардын жана курулмалардын кире беришине пандустар жана кармоочтору бар тепкичтер орнотулууга тийиш. Пандусту орнотууга мүмкүн болбосо көтөрүүчү түзүлүштөр жана «чакыруу» баскычы бар коңгуроолук түзүлүштөр орнотулат.
107. Тепкичтердин үстүңкү кыртышы быдыркай болуу менен жылдын кайсы мезгилинде болбосун тайгаланбоого тийиш. Адамдарга коркунуч жараткан материалдарды жана конструкцияларды пайдаланууга жол берилбейт.
108. Короонун фасаддарына көчөдөн көрүнбөй тургандай кылып, ар кандай тегиздиктеги конструктивдүү элементтер менен металл тепкичтерди жана аянтчаларды (крыльцо) орнотууга жол берилет.
109. Короонун фасадынын биринчи кабатындагы турак эмес жайлардын кире беришине тышкы коргоочу экрандарды жана жалюзи орнотууга жол берилет.
110. Кире бериштеги сырткы коргоочу экрандардын жана жалюзилердин түстүк схемасы фасаддын паспортуна дал келүү менен фасадда бирдей мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө жооп берүүгө тийиш.
111. Архитектуралык деталдарды, жасалгаларды, фасаддардын декорун бузуу менен сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди орнотууга, ошондой эле дубал бетиндеги эшик-терезе ордуларынын архитектуралык жасалгаларын бузууга жол берилбейт.
112. Кире бериш жарыктандыруу имараттын архитектуралык долбоорунун алкагында каралууга жана фасаддык паспортко ылайык келүүгө тийиш.
Кире беришке жарыктандыруучу түзүлүштү орнотууда фасаддын көркөм жарык берүү системасы эске алынууга тийиш (эгерде фасаддык паспорт боюнча бар болсо).
113. Кире бериш жерлерди жыл мезгилине ылайык жашылдандыруу жерге, дубалга орнотулуучу жана асма приборлорду колдонуу менен жүргүзүлөт.
Жерге орнотулуучу жана асма приборлор фасаддын техникалык абалы үчүн зыян жаратпагыдай, ишенимдүү бекитүүчү конструкцияга ээ болуусу керек.
114. Кире бериштеги түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын элементтерин алмаштырууда, оңдоп-түзөөдө, эксплуатациялоодо алардын мүнөздөмөсүн ушул Эрежелердин 29-30-пункттарында каралган тартипте өзгөртүүгө жол берилет.
|