Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 11:27 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2025 » Январь » 11 » 4 сес. ток.тирк. 4 болугу
6:22 AM
4 сес. ток.тирк. 4 болугу
  1. Терезелер жана витриналар

 

31.  Терезе жана витриналардын түзүлүшүнө, жабдылышына карата коюлуучу талаптар төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:

фасаддын паспорту;

имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу;

имараттарды пайдалануу мүнөзү, максаты;

имараттардын жана курулмалардын негизги жүк көтөрүүчү конструкцияларынын техникалык абалы.

32. Терезелерди жана витриналарды жекече жабдуу жана жасалгалоо ушул Эрежелердин 28-30-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

33. Терезелерди жана витриналарды өзгөртүүгө, анын ичинде  дизайнын, сырткы көрүнүшүн, түс схемасын өзгөртүү, терезе ордуларын алып салуу, алардын өлчөмдөрүн жана конфигурациясын өзгөртүү, витриналык конструкцияларын орнотуу менен байланышкан иш-аракеттер ушул Эрежелердин 29-30-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

34. Терезелердин түрлөрү жана жайгашуусу имараттын, курулманын  конструктивдүү системасы, фасаддын паспорту, имараттын, курулмалардын  планировкасы, багыты аркылуу аныкталат.

35. Жайгашкан жери боюнча аныкталат:

- алдыңкы фасаддын витриналары;

- алдыңкы фасаддын терезелери;

- короо фасаддарынын терезелери;

- подвалдык кабаттын терезелери;

- туюк дубалдарда, брандмауэрлерди жайгашкан терезелер;

- мансарддык терезелер;

- чатырда жайгашкан терезелер (слуховые, чердачные).

36. Фасаддагы терезелердин жана витриналардын жайгашуусу, алардын габариттери, түзүлүш мүнөзү жана сырткы көрүнүшү фасад паспортуна шайкеш келүүсү керек.

37. Ушул Эрежелерде белгиленген учурларды эске албаганда  терезе жана витриналарды жайгаштыруу, габариттерин  өзгөртүү, жаңы терезе ордуларын орнотуу же түрүнө жана жайгашкан ордуна карабастан мурдагыларын алып салуу менен фасаддын паспортунда аныкталган фасад композициясын бузууга жол берилбейт.

38. Көчөдөн көрүнө тургандай кылып туюк дубалдарга, короо фасаддарына терезелерди оюуга, терезе ордуларынын архитектуралык профилин толтурууга, откосторунун тереңдигин өзгөртүүгө, жасалма терезелерди орнотууга, терезе ордуларын бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт.

39. Жоголгон терезе тешиктерин калыбына келтирүү, тосулган тешиктерди ачуу, ошондой эле фасаддын баштапкы архитектуралык дизайнын калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар ушул Эрежелердин 28-30-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

40. Босогодогу терезе ордун реконструкциялоого Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын макулдугунун негизинде ушул Эрежелердин 5-главасындагы талаптарды эске алуу менен имаратты реконструкциялоо, кайра пландоо долбоорунун курамындагы фасаддын архитектуралык схемасына ылайык жүргүзүлөт.

41. Имаратты реконструкциялоо, кайра пландоо иштеринин жүрүшүндө фасаддын архитектуралык схемасы бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат жана анда фасаддын паспортуна имараттардын, курулмалардын, жарнамалык конструкциялардын шайкештиги эске алынат.

42. Имараттарды пайдалануу мүнөзүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу имараттардын биринчи жана экинчи кабаттарындагы эшик-терезе ордуларын       өзгөртүүгө жол берилет, мындай шартта алардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын мүнөздөмөсүнө (габариттерге, переплёт сүрөттөрүнө, терезе конструкцияларынын материалдарына) ушул Эрежелердин 28-30-пункттарында белгиленген тартипте  өзгөртүү киргизилет жана ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөр эске алынат. 

43. Терезелерди жана витриналарды орнотуу жана жабдуу иштеринин негизги элементтери болуп саналат: 

- архитектуралык эшик-терезе орду;

- эшик-терезе ордуларын (откосторду, сырткы рамаларды, деталдарды, декор элементтерин)  архитектуралык мүнөздө жасалгалоо;

- терезе жана витриналык конструкциялар (терезе жана витриналык блоктор, терезенин торчо жыгачтары (переплёттор));

- айнектөө, жарык өткөрүүчү бөлүгүн толтуруу;

- подоконниктер, дренаждык түзүлүштөр.

44. Терезелердин жана витриналардын дизайнынын жана жабдуулары-нын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:

- коргоочу түзүлүштөр (терезе тосмолору, экрандар, жалюзилер);

- витриналарды тосуу;

- чуңкурчалар (подвалдык жана цоколдук кабаттардагы терезелердин);

- кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору;

- маркиздер;

- витриналарды жасалгалоо;

- көркөм жарыктандыруу;

- жашылдандыруу.

45. Терезе жана витриналарды орнотуу жана жабдуу иштерине карата жалпы талаптар:

- фасаддын архитектуралык жана түстүү чечимине ылайык комплекстүү мүнөз;

- оңдоо, монтаждоо, жасалгалоо иштеринин, ошондой эле колдонулуучу материалдар менен конструкциялардын тиешелүү сапаты;

- элементтер менен конструкциялардын коопсуздугу;

- имараттын, курулманын фасадынын сырткы көрүнүшүнө жана техни-калык абалына зыян келтирбей орнотуу жана эксплуатация;

- терезелерди жана витриналарды талаптагыдай күтүү.

46. Терезелерди жана витриналарды орнотуу жана жабдуу иштери ченемдик актылардын, курулуш эрежелери менен ченем талаптарынын эске алынуусу аркылуу аткарылууга тийиш. 

47. Жол берилбейт:

- эшик-терезе ордуларынын үстүңкү жана каптал боорлорун, наличник-терди сырдоого жана жасалгалоого, эшик-терезе ордуларынын айланасындагы фасад бетин фасад паспортуна дал келбеген колерге же фасад жасалгасына ылайык келбеген  фрагментик сырдоого же каптоого;

- таш менен шөкөттөлгөн беттерди сырдоо;

- эшик-терезе боорлорун, дубалдагы эшик-терезе салынуучу орундар-дын архитектуралык элементтерин (наличниктерди, профилдерди, декор элементтерин)  жасалгалоого жана кыртыштарды бузууга;

- туюк витриналарды орнотууга, айнектелген кыртыштарды сырдоого жана плёнка менен каптоого, айнектелген жерди айнек блоктору менен алмаштырууга, кыртыштардын бууланышына жана конденсаттын пайда болуусуна алып келген сапатсыз айнек түзүлүштөрүн колдонууга, ошондой эле эшик-терезелердин дубал бетиндеги ордуларын жана витриналарды толугу менен жаап кала турган маалымат элементтерин жана түзүлүштөрдү имараттардын, курулмалардын фасаддарына орнотууга.

48. Айрым терезе блокторун оңдоо жана алмаштырууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:

- түс схемасын, сүрөттөрдү, переплёттордун калыңдыгын өзгөртүүгө жана фасаддын паспортуна ылайык келбеген  терезелерди жана витриналарды орнотууга;

- терезе блогунун тешикте жайгашкан жерин фасаддын тегиздигине карата өзгөртүүгө, фасаддын паспорту боюнча уруксат берилген учурларды эске албаганда  фасаддын бетинен бери чыгып кала турчу витриналарды орнотууга;

- терезе рамасы менен тешик ортосундагы тигиштерди фасаддын сырт-кы көрүнүшүн начарлата тургудай кылып сапатсыз чечүү;

49. Эски терезелерди заманбап терезе жана витриналык конструкцияларга алмаштыруу фасаддын паспортуна ылайык жүргүзүлөт жана анда фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшү  (сүрөтү жана перплёттордун калыңдыгы, түс схемалары, материалдардын текстуралары) эске алынууга тийиш.

50. Терезелерге күңүрттөлгөн, жарык өткөрбөөчү, күзгү сымал, түстүү терезелерди орнотуу ушул Эрежелердин 20-30-пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

51. Терезелер жана витриналар терезе конструкцияларынын түсүнө же фасаддын паспортунда көрсөтүлгөн негизги түскө боёлгон терезе тосмолору, дренаждык системалар менен жабдылышы керек.

52. Терезе тосмолору фасаддын паспортуна ылайык жеке же типтүү долбоор боюнча аткарылат.

53.  Фасаддын паспортунда жок терезе тосмолорун орнотууга, ошондой эле  имараттардын, курулмалардын фасаддын паспортунда көрсөтүлгөн  терезе тосмолорду алып салууга жол берилбейт.

54.  Фасадда көрсөтүлбөгөн сырткы коргоочу экрандар менен жалюзилерди орнотууга жол берилбейт.

55.  Архитектуралык деталдарды, жасалгаларды, фасаддын декорун бузуу менен терезе тосмолорду, сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди орнотууга же алып салууга жол берилбейт.

56. Терезе тосмолорунун, экран жана жалюзилердин түстүү схемалары фасаддын паспортуна, архитектуралык көрүнүшүнө дал келүүгө тийиш.

57. Витриналардын тосмолору фасаддын паспортуна шайкеш келип, бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө жооп берүүсү керек.

58. Эшик-терезенин дубал бетиндеги орду фасаддын паспортуна ылайык келүүсү, бирдиктүү мүнөзгө ээ болуусу жана  фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө, жасалгалоочу материалдарга, түскө шайкеш келүүсү керек.

59. Кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блокторун жайгаштыруу ушул Эреженин 7-главасында белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

60. Маркиздерди жайгаштыруунун негизги шарттарынын бири – бул бир маркиздин бир эшик же терезе ордуна дал келүүсү. Бардык эшик, терезе ордуларына жана витриналарга маркиз орнотууга уруксат берилет.

61. Фасадка маркиздерди жайгаштыруу бир калыпта, иреттүү мүнөзгө ээ болуп, дубал бетиндеги эшик-терезе ордуларына жана контурларына шайкеш келип, архитектуралык деталдардын, декорациялардын, баалуу жасалгалоо элементтердин, дарек белгилеринин визуалдык кабыл алынышын начарлатпашы керек.

62. Архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге, баалуу жасалгалуу жана көркөм таризделген кыртыштарга, фасаддын чегиндеги ар кандай бийиктиктерге маркиздерди бекитүүгө жол берилбейт.

63. Маркиздердин түсү фасаддын паспортунда каралган фасаддын түстүү схемасына ылайык келүүгө тийиш. 

64. Витриналарды жасалгалоо иштери комплекстүү мүнөзгө, бирдей  түстөгү схемага жана жарыктандырууга, жогорку сапаттагы көркөм жасалгага жана аткарууга ээ болуу менен фасаддын паспортуна дал келүүгө тийиш.

65. Маркиздерге жана витриналарга көрнөк-жарнактарды жайгашты-рууда ушул Эрежелерде белгиленген  жарнама конструкцияларын жайгаштыруу боюнча эреже-талаптар сакталууга тийиш.

66.  Терезелер менен витриналарды жыл мезгилине жараша жашылдандыруу ырааттуу түрдө өтүү менен алардын архитектуралык түзүлүшүнө, фасаддын техникалык абалына зыян жаратпагыдай болуусу зарыл.

67. Жашылдандыруу элементтеринин сырткы көрүнүшү жана аларды жайгаштыруу фасаддын эстетикалык сымбатына дал келүү менен аларды жабдуу жана жасалгалоо боюнча комплекстүү чечимди камсыз кылуусу керек.

Жашылдандыруу чараларын өткөрүүдө имараттардын архитектуралык кыртыштары жана гидроизоляция корголууга тийиш.

68. Имараттардын, курулмалардын менчик ээлери жана мындай имараттарды, курулмаларды күтүү милдети жүктөлгөн адамдар терезе жана витрина беттериндеги элементтерди үзгүлтүксүз тазалап турууга жана оңдоо-түзөө иштерин өткөрүп турууга милдеттүү.

 

Просмотров: 11 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Январь 2025  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0