Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 10:38 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2025 » Январь » 11 » 4 сес.ток.тирк.14,15,16
6:30 AM
4 сес.ток.тирк.14,15,16

14. Реестрге киргизүү тартиби

 

230. Реестрде эсепке алуу объектилери болуп төмөнкүлөр саналат:

маалыматтык, жарнамалык конструкциялар, аларда жайгаштырылган плакаттар, стенддер, жарыктандырылуучу таблолор жана туруктуу аймактык жайгаштыруунун техникалык каражаттары;

транспорт каражаттарында жайгаштырылуучу жарнактык конструкциялар.

231. Реестрди жүргүзүү жарнама ээсинин кат жүзүндөгү арызына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

232. Ыйгарым укуктуу органдын милдеттери:

- Реестрге киргизүү тартибин жана Реестрге киргизүү  үчүн коюлган талаптардын сакталышын камсыз кылуу;

- Реестрге кирүү укугунун жана коммерциялык сырдын корголушун камсыз кылуу;

- белгиленген тартипте маалыматтык-маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, Реестрден көчүрмөлөрдү берүү.

233. Реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскизи;

- дареги (жайгашкан орду), маалыматтык, жарнамалык конструкция-лардын кадастрдык номуру, жарнама автоунаага жайгаштырылган учурларда автоунаа каражатынын мамлекеттик номуру;

- маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын көлөмү жана аянты;

- маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу мөөнөтү жана аяктоо мөөнөтү;

- юридикалык жакты катоо жөнүндө күбөлүк, маалыматтык, жарна-малык конструкциялардын ээсинин паспорттук маалыматтары;

- укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин реквизит-тери;

- маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлери же автоунаа-лары жөнүндө маалымат;

- маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга жайгаштыруу боюнча архитектуралык-техникалык корутундулар жөнүндө маалыматтар;

- негизи, келип чыккан, токтотулган датасы менен бирге жарнамага жана маалыматтарга карата белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалымат.

234. Реестр кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн алып жүрүүчүдөгү маалыматтар бири-бирине дал келбеген учурда кагаздагы маалыматка артыкчылык берилет.

 235. Реестр чоочун адамдар жетпей турган жерлерде сакталат жана иштетилет, маалыматтардын уурдалышына, жоголушуна, бузулушуна жол бербөө боюнча алдын алуу шарттары сакталат.

236. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар жөнүндө маалыматтарды жана алардыгы маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө жазууларды Реестрге киргизүү маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлеринин кат жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.

237. Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелген арыз маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугу келип чыккан, өзгөргөн жана токтотулган күндөн тартып эки жумалык мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органга берилет (маалыматтар өзгөргөндүгү тууралуу).

238. Эгерде маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ушул Эрежелердин талаптарына дал келбестиги, кайсы бир жактын маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу боюнча укугу ырасталбагандыгы, ошондой эле зарыл документтердин бардыгы толук өлчөмдө берилбегендиги аныкталган учурларда Ыйгарым укуктуу орган Реестрге киргизүүдөн баш тартат.

 

15. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо

 

239. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга дал келбестиги, ошондой эле маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээсинин аракеттери жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч, ал эми  айлана-чөйрөгө зыян жаратаары аныкталса Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы аныкталган мындай бузуулар жөнүндө  жана 30 календардык күнгө маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугун токтото туруу тууралуу маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органына жиберет.

240. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы бузуу фактысы аныкталгандан тартып 5 жумуш күндүн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээсине маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугунун токтошуна алып келген мындай бузууларды жоюу тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү. 

241. Аныкталган бузуулар маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси тарабынан жоюлгандан кийин  жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы 3 жумуш күндүн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугун жаңылайт.

242. Эгерде бузуулар билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбесе, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы бузууларды четтетүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде маалыматтык-жарнамалык конструкцияны демонтаждоо боюнча жол-жоболорду баштайт.

243. Конструкцияны ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келтирүү маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси тарабынан  өздүк каражатарынын эсебинен  жүзөгө ашырылат.

244. Конструкцияны ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келтирүү мүмкүн болбосо, маалыматтык, жарнактык конструкциянын ээси ыктыярдуу түрдө демонтаж иштерин жүргүзөт жана аналогиялык материалдарды жана технологияларды колдонуу менен ал жайгашкан объекттин сырткы бетин конструкция жайгашканга чейинки калыбына жана  жер участкасынын баштапкы абылына келтирет.

245. Эгерде маалыматтык же жарнактык конструкция анын ээси тарабынан он күндүн ичинде өз ыктыяры менен демонтаждалбаса, анда бул конструкцияны мажбурлап демонтаждоону уюштуруу жеңил объекттерди демонтаждоо үчүн белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

246. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо, сактоо үчүн аларды жеңилдетилген түрдөгү объекттерди демонтаждоо жана сактоо үчүн атайын уюштурулган жерге белгиленген тартипте көчүрүү иштерин уюштурат. 

247. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча иштерди өткөргөндөн кийин шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыкка өткөрүлгөн демонтаждык иштер тууралуу маалымат жөнөтөт.

248. Демонтаждоо, ташуу жана сактоо боюнча чыгымдар жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органынын талабы боюнча маалыматтык-жарнамалык түзүлүштүн менчик ээси же пайдалануучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.

249. Маалыматтык-жарнамалык конструкциянын менчик ээси же пайдалануучу маалыматтык-жарнамылык конструкцияны демонтаждоо, ташуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдарды төлөгөндөн кийин, демонтаждалган маалыматтык-жарнак түзүмдөрү менчик ээсине белгиленген тартипте кайтарылып берилет.

250. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматтык, жарнамалык конструкцияны жана аны менен байланышкан жабдууларды мажбурлап демонтаждоодо жана атайын уюштурулган сактоочу жайларга көчүрүүдө анын абалы жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 251. Бекитилген документи жок жана ушул Эрежелерди бузуу менен  имараттын, курулманын фасадына жайгаштырылган маалыматтык, жарнамалык конструкциялар демонтаждалууга тийиш.

16. Ушул Эрежелерди бузуу  менен байланыштуу жоопкерчилик

 

252. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды зарыл документтерди албай туруп жана (же) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын жана ушул Эрежелерди бузуу менен жайгаштыргандыгы үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

253. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси коопсуздук эрежелерди сактабагандыгы, ошондой эле маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоо, монтаждоо жана демонтаждоо шарттарын бузгандыгы жана мындан улам келип чыккан авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчилик тартат.

254. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды начар абалда кармагандыгы, конструкциялардын сырткы көрүнүшү боюнча талаптарды сактабагандыгы, ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

255. Маалыматтык жана жарнак түзүмдөрүнүн ээлерине жоопкерчилик чараларын колдонуу укук бузуучуларды кетирилген бузууларды четтетүү милдетинен бошотпойт.

256. Реестрге киргизүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органынын чечими Кыргыз Республикасынын «Административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга алынышы мүмкүн.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                             Б.Исмаилов

Просмотров: 12 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Январь 2025  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0