11. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга карата коюлуучу талаптар
209. Жарнамалык конструкциялар:
- жол белгилерине жана көрсөткүчтөрүнө окшошпоосу, алардын көрүнүүсүн начарлатпашы жана жол кыймылынын коопсуздугун төмөндөтпөшү керек;
- жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпоосу, көчөлөрдү, тротуарларды тазалоого жолтоо болбоосу, жана башка курулуштарды жаап калбоосу керек;
- жол кыймылын уюштурууда техникалык каражаттардын көрүнүүсүн чектебеши керек же алардын жол кыймылынын катышуучуларынын кабылдоосуна тоскоол болбошу керек;
- жол кыймылынын катышуучуларын көрүү мүмкүнчүлүгүн жарык жана конструкциялардын бетинин жарыкка чагылуусу менен чектебеши керек;
- инженердик курулмалардын аралыгына жайгаштырылганда алардын өлчөмдөрүн азайтпашы керек;
- көрүү үчүн жөө жүргүнчүлөр көчөнүн жана жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнө чыккыдай тартиптеп жайгаштырылбашы керек;
- кадыресе угуу жөндөмү бар адамдарга автоунаа өтүүчү жолдун чегинде угула тургандай добуш чыгарбоосу керек;
210. Маалыматтык-жарнамалык конструкциянын ылдыйкы четинен жолдун үстүнкү катмарына чейинки аралык жолдун жээгине орнотулганда 2,5 метрден, ал эми жолдун үстүндө орнотулганда - 4,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
211. Жарнакты ички жана сырткы бетинен жарыктандырууда жарык берүүчү приборлордон чыккан жарык нурлары түздөн-түз жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнө чагылбашы керек.
212. Жарнамалык конструкциядан сфетофорго чейинки аралык 50 метрди түзүүсү керек.
213. Жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жолдорду жана көчөлөрдү күтүүнүн ыңгайлуулугу жана жол кыймылын жана алардын иштешин жөнгө салуучу каражаттарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек.
214. Жарнамалык конструкциялардын тирөөчтөрү унаа менен сүзүп алууда жана катуу шамаалга туруштук бере алгыдай ар кандай сапаттуу материалдардын даярдалууга тийиш.
12. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо
боюнча өткөрүлө турчу иштерге коюлуучу талаптар
215. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо иштери архитектуралык-техникалык документтердин негизинде жүзөгө ашырылат;
216. Жер участкаларында жайгашкан маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын пайдубалын куруу жана башка аткарыла турчу жер менен байланышкан иштер жер иштерин жүргүзүү боюнча белгиленген тартипте таризделген ордердин негизинде ишке ашырылат.
217. Маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды орнотууда жолдун бөлүгүн, көчөнү, жол тилкесин ээлөө зарылчылыгы жана кыймылды убактылуу жабуу же чектөө зарылчылыгы жөнүндө маалымат мындай иштер башталардан 5 күн мурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө билдирилүүгө тийиш.
218. Маалыматтык-жарнамалык конструкциялар орнотулгандан же демонтаждалгандан кийинки 3 сутканын ичинде жанаша жаткан территориянын жана объекттин жасалгасын мурдагы калыбына келтирүүгө милдеттүү.
219. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси жарнак конструкциясын тиешелүү техникалык жана эстетикалык абалда кармап турууга, өз учурунда оңдоо иштерин өткөрүүгө, конструкцияны сырдоого, өңү өчүп калган жана бузулууга душар болгон жарнаманы алмаштырып турууга милдеттүү;
220. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо боюнча иштер аягына чыккандан баштап 3 күн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органына, ошондой эле шаар куруу жана архитектура башкармалыгына билдирүүгө милдеттүү.
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды алмаштыруу иштери ушул Эрежелерге ылайык мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылышы керек.
13. Сырткы жарнаманы маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объектилеринин Реестрине киргизүү үчүн
арызды караштыруу тартиби
221. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Ыйгарым укуктуу органы ушул Эрежелердин талабын жүзөгө ашыруу максатында:
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объекттерининин Реестрин жүргүзөт (мындан ары - Реестр);
- Мамлекеттик жана социалдык жарнактарды жайгаштыруу маселелери боюнча жарнак берүүчүлөр, маалыматтык-жарнак түзүмдөрүнүн ээлери, мамлекеттик органдар, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр, муниципалдык ишканалар менен өз ара иш алып барат;
- Жарнамалык ишмердүүлүктү Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды долбоорлоого, курууга жана башкарууга жеке өнөктөштөрдү тартат;
- ушул Эрежелердин талаптарын бир нече жолу бузган адамдар менен маалыматтык жана жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу укугу боюнча келишимдик милдеттенмелерди токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- маалыматтык, жарнактык конструкцияларды орнотуу же демонтаждоо мөөнөтү боюнча келишимдик милдеттемелердин аткарылышына контролдук кылат;
- жарнак боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталы-шына контролдук кылат;
- төмөндөгүлөр боюнча ушул Эрежелердин талаптарынын аткарылы-шына контролдук кылат: маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды жайгаштыруунун мыйзамдуулугу; маалыматтык-жарнамалык структуралардын долбоордук документтерге ылайык келүүсү; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен зарыл макулдашуулардын болушу; маалыматтык-жарнамалык түзүлүштөрдүн абалы, мазмуну, сырткы көрүнүшү жана алар орнотулган аймактын абалы; жарнак ишин жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды түзүү жана пайдалануу.
222. Менчигинин түрүнө карабастан объекттилерге, жер участкаларына, территорияларга маалыматтык, жарнактык конструкцияларды жайгаштырууда алардын Реестрге киргизилгендиги эске алынат.
223. Реестрге киргизүү жарнама ээсинин кат жүзүндөгү арызынын негизинде жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген формага ылайык жүзөгө ашырылат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жеке жактар үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты; арыз ээсинин почта дареги; жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же жеке жактын экономикалык иш жүргүзүү укугун ырастоочу документ; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН); маалыматтык-жарнак конструкциясынын максаты жана негизги параметрлери, маалыматтык-жарнак конструкциясынын жайгашкан дареги, Реестрге киргизүү үчүн суралган мөөнөт;
- юридикалык жактар үчүн: уюмдун аталышы, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат; жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты; почта дареги; салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (ИНН); маалыматтык-жарнак түзүмүнүн максаты жана негизги параметрлери, маалыматтык-жарнак түзүмүнүн жайгашкан дареги, Реестрге киргизүү үчүн суралган мөөнөт;
арызга төмөнкү документтер тиркелет:
жер участкасына же имаратка, курулмага укук берүүчү жана/же күбөлөндүрүүчү документтер;
паспорттун көчүрмөсү – жеке жактар үчүн, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү – юридикалык жактар үчүн;
конструкция стационардык түрдө жайгаштырылганда – маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга карата – ШК (ГЗ);
жарнамалык конструкциянын эксизи.
224. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы арыз берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде: арыз канааттандырылган учурларда маалыматтарды Реестрге киргизет; терс чечим кабыл алынса, арыз ээсине баш тартылгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтөт.
225. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы чечим кабыл алынгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу жүйөлүү чечим кабыл алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
226. Арыз ээсинин ушул Эрежелердин талаптарын аткарбоосу маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
227. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык бир айдан бир жылга чейинки мөөнөткө, бирок жер участогун ижарага берүү же жарнакты ижарага берүү мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө жүзөгө ашырылат.
228. Маалыматтык же жарнак түзүмдөрүнүн эскизи өзгөргөн учурда жарнак берүүчү 3 жумушчу күндүн ичинде Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органына билдирүү жөнөтөт.
229. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизбестен төмөнкүлөргө тыюу салынат: документтерди пайдаланууга укугу жок башка адамдарга берүүгө; документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө; маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын техникалык элементтерин өзгөртүүгө.
|