10. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды
орнотуунун жалпы эрежелери
187. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар коопсуз болуу менен ушул Эрежелердин, ШКнын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талаптарына ылайык даярдалууга жана орнотулууга тийиш.
Конструкцияларды даярдоо үчүн колдонулуучу материалдар замандын талабына ылайык сапатта болуусу зарыл. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар бүтүн болуу менен механикалык бузууларга кириптер болбоосу керек.
188. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын сырткы көрүнүнүшүнө коюлуучу жалпы талаптар:
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар калктуу конуштардын сырткы архитектуралык-көркөм табиятын бузбашы керек;
сырткы көрүнүшү бүтүн, каркастары дыкат сырдалган, конструкциялар түнкү убактарда жарык чыгарып турууга тийиш.
дат жана топурактын, ашыкча элементтердин (аркан), чапталган жарнактардын жана башка маалыматтык билдирүүлөрдүн болуусуна, бет кыртышынын бузулушуна, жарнак полотнолорундагы жыртыктарга, ошондой эле бардык бөлүктөрүндө жана конструкциялык элементтеринде бөтөн жазуулардын жана сүрөттөрдүн болуусуна жол берилбейт;
конструкцияларды жарнама жок учурларда калктуу конуштун көркөм-эстетикалык табиятын сактоо максатында жарнак таратуучу конструкцияларга социалдык жарнамаларды жайгаштырууга милдеттүү;
конструкциялык элементтер (бекиткичтер, болттуу байланыштар, таяныч элементтери, технологиялык бурчтар) декоративдик элементтер менен капталууга тийиш, же эстетикалык жактан жасалгаланган көрүнүшкө ээ болуусу керек.
189. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоо боюнча жалпы талаптар:
Территорияда өзүнчө турган конструкцияга маалмат же жарнама жайгаштыруу же аны алмаштыруу түнкү саат 22.00дөн тартып эртең мененки 6.00гө чейин өткөрүлүүсү керек.
Коомдук жайлардагы жарнамалык конструкциялар жөө адамдардын баскан-турганына, көчөлөр менен тротуарларды жыйнап-тазалоого тоскоолдук жаратпашы керек.
Конструкцияларды жууп-тазалап, акыр-чикирден тазалап туруу зарыл. Конструкцияны тазалоо зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
190. Калктуу конуштардын территорияларындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга карата коюлуучу талаптар:
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларда камтылган тексттер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши керек;
Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн;
Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш;
Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардагы мамлекеттик тилдеги текст маалыматтык, жарнамалык конструкциянын көрүнүктүү бөлүгүндө жайгашуусу керек. Расмий тилдеги тексттин өлчөмү мамлекеттик тилдеги шрифттин өлчөмүнөн кичинерээк болуу менен оң же төмөн жагында жайгашат.
Эгерде жарнама берүүчүнүн ишмердүүлүгү лицензияланууга тийиш болсо, жарнамалык конструкциялар лицензия номурун, ошондой эле лицензия берген органдын аталышын камтууга тийиш;
Милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарларды жарнамалоодо жарнамалык конструкциялар «товар тастыкталган» деген белги менен коштолуусу керек.
жарнак түзүмдөрүнүн ээлери жылына 18 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө социалдык жарнактардын акысыз жайгаштырылышын камсыз кылууга милдеттүү;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар ар кыл добуштун, вибрациянын, жарыктын, электр магниттин жана башка нурдануунун белгиленген ченемдерине дал келүүсү керек.
191. Жарнактарды, үгүт материалдарын, транспаранттарды, баннерлерди конструкцияларга, инфраструктуранын жана көрктөндүрүү объектилеринин структуралык элементтерине (коомдук транспорттун аялдамаларына, кичи архитектуралык формаларга (КАФ), жол жээгиндеги жарыктандырууга жана троллейбус таянычтарына) жайгаштырууга тыюу салынат.
192. Жарнамалык конструкцияларды имараттардын, тарыхый-маданий мурас объектилери болуп саналган курулмалардын, диний жана ритуалдык объектилердин, билим берүү мекемелеринин, мектептердин жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин, медициналык мекемелердин аймагына, фасаддарына, чатырларына жана конструкциялык элементтерине жайгаштырууга тыюу салынат.
193. Маалыматтык, жарнамалык текстте төмөнкүлөр болбоосу керек:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектөө киргизилген маалыматтар;
жарнамалык товарларды колдонбогон адамдарга карата терс маанайды жаратуу же аларды талкуу кылуу;
194. Жеңил түрдөгү объектилердеги (кыймылсыз мүлк объектиси болуп саналбаган павильон, киоск) маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды (көрнөктөрдү) объекттин башкы фасадынын фриз бөлүгүнө жайгаштыруу зарыл. Көрнөктү тирөөчсүз, ички жарыктандыруу менен жасап, тамгаларды бир сапка коюу сунушталат. Көрнөк фасаддын борбордук огуна карата түздөлөт.
Жеңил түрдөгү объектилердин тышкы бетине жарнамалык конструкцияларды (баннерлерди) жайгаштырууга тыюу салынат.
195. Көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын талаптарына оперативдүү түрдө көңүл бурууга, ошондой эле электрондук технологиялуу жарнамалык конструкциялар аныкталган учурларда жеке турак жайлар менен коомдук имараттардын табигый жана жасалма жарыктандыруу талаптарын бузуу менен пайдаланылып жаткан сүрөттөрдү алмаштырууга милдеттүү.
Маалыматтык-жарнак түзүмүнүн ээси аныкталган бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде аныкталган бузууларды четтетүү мүмкүн болбосо, маалыматтык-жарнамалык түзүмдүн ээси сүрөттү өзгөртүү технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.
196. Территорияга маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда тыюу салынат:
- көрнөктөрдү жайгаштыруучу жерлерге карата белгиленген талаптарды;
- көрнөктөрдүн маалымат жайгаштырылуучу бөлүгүндөгү тамгалардын вертикалдуу түрдө жайгашуусуна;
- биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы шыптын сызыгынан жогору белгилерди коюуга;
- балкондорду, лоджияларды, терезе жана эшик ордуларын, ошондой эле витраждарды жана витриналарды толук чүмбөттөөгө (жаап салуу);
- көрнөктөрдү турак жайлардын чектерине, ошондой эле фасаддардын туюк беттерине жайгаштырууга;
- лоджиялардын жана балкондордун чатырына жана (же) лоджиялар менен балкондорго көрнөктөрдү жайгаштырууга;
- объектилердин фасаддарынын архитектуралык деталдарына (ошону менен бинге колонналарга, пилястрларга, орнаменттерге, лепнинге) көрнөктөрдү жайгаштырууга;
- мемориалдык такталарга 2-10 метрге чейин көрнөктөрдү жакын жайгаштырууга;
- көчөлөрдүн аталышын жана үй номурларын көрсөтүүчү белгилерди жабууга (жашырууга);
- тамга илинүүчү көрнөктүн бирин экинчисинин үстүнө илүүгө;
- консолдук белгилерди бири-биринен 10 метрден аз аралыкта, ошондой эле бир консолдук белгини экинчисинин үстүнө жайгаштырууга;
- картандордун, чүпүрөктөрдүн, баннердик ткандардын жардамы менен көрнөктөрдү курулмаларга жайгаштырууга;
- неондук чырактарды, өчүп-күйүүчү (жылтылдоочу) элементтерди колдонуу аркылуу көрнөктөрдү жайгаштырууга;
- экинчи кабаттын терезе тешиктеринин түбүнүн деңгээлинен өйдө чыгуучу көрнөктөрдү коюуга;
- көрнөктөрдү жайгаштыруу үчүн терезелерди, декорлорду жана архитектуралык элементтерди жаап салууга;
- фасад бетине декоративдик-көркөм жана (же) тексттик сүрөттөрдү (боёо, чаптоо жолу менен) түздөн-түз колдонуу аркылуу көрнөктөрдү жайгаштырууга (уникалдуу маалыматтык конструкцияларды эске албаганда);
- көрнөктөрдү жүгүрмө саптарды колдонуу менен жайгаштырууга;
- витриналарды сырдоого жана декоративдик плёнкалар менен каптоого, витриналардын айнектерин жарык кутучулары менен алмаштырууга, көрнөктөрдү неондук чырактарды, өчүп-күйүүчү (жылтылдоочу) элементтерди, электрондук алып жүрүүчү-экрандарды (LED экран) колдонуу аркылуу витринанын бүтүндөй айнектелген бетине жайгаштырууга, картондорду, ткандарды, баннердик ткандарды пайдалануу менен жайгаштырууга;
- социалдык жарнактарды жана маалыматтарды, көркөм ишмердүүлүктү эске албаганда жарнамалык максатта имараттардын, курулмалардын фасаддарын сырдоого, сүрөт тартууга жана боёк сүртүүгө (граффит, стрит-арт);
- жарык берүүчү мамыларга стрит-баннерлерди (баннерлерди илүү үчүн конструкция) жайгаштырууга;
- брандмауэрдик панно жайгаштырууга. Брандмауэрдик панно – терезе тешиктери, витриналары, архитектуралык деталдары, декоративдик дизайны жок имараттардын жана курулмалардын каптал бетиндеги дубалга сүрөт катары түшүрүлгөн же бекиткичтери бар, каркастан жана жарнамалык аянтчадан турган жарнамалык конструкция.
- жарнамаларды жана маалыматтарды курчап турган конструкцияларга (дубалдарга, дарбазаларга, шлагбаумдарга, тосмолорго), ошондой эле мамыларга, троллейбустук тирөөчтөргө, электр жарыгынын тирөөчтөрүнө, бак-дарактарга) жайгаштыруу, чаптоо же бекитүү;
- көрнөктөрдү чогултулуп-чечилип алынуучу (бүктөлмө) жана өзүнчө туруучу конструкциялар-штендерлер түрүндө жайгаштыруу;
- макулдашылган долбоор боюнча көрнөктөрдүн жайгашуучу ордун башка жарнактарды жайгаштыруу үчүн пайдалануу;
- курулуп бүткөрүлө элек объектилердин тышкы беттерине көрнөктөрдү жайгаштыруу.
197. Объектинин стилобаттык (жалгануучу) бөлүгүнө жайгаштырылган маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын (көрнөктөрдүн) параметрлери (өлчөмү) объектинин стилобаттык (жалгануучу) бөлүгүнүн кабаттарынын санына жараша аныкталат.
198. маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды орнотууга тыюу салынат:
- жол кыймылын жөнгө салуучу техникалык каражаттарга жана атайын белгилерге окшош (сырткы көрүнүшү, түзүлүшү же добуш чыгаруучу эффекти менен), жол-транспорттук кырдаалды баалоого тоскоолдук жараткан, ошондой эле жолдо жөө адамдар, транспорт каражаттары, жан-жаныбарлар же предметтер, объекттер жүргөндөй таасир калтырган;
- жол кыймылын жөнгө салуу үчүн орнотулган жана жол белгилери илинип турган мамыларга, светофордук мамыларга;
- жолдун авариялык-кооптуу жерлерине;
- темир жол өтмөктөрүнө жана аларга 50 метр жакындыкта, ошол эле учурда ал эми эстакадаларга жайгаштыруу темир жол башкармалыгына караштуу тиешелүү органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылат;
- ар кандай деңгээлдеги транспорт түйүндөрүнүн чектеринде, көпүрө курулмаларында, эстакадалардын астында, ошондой эле алардан 25 метрден кем эмес аралыкта;
- колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга жана эрежелерге ылайык аныкталган «транспорт-транспорт» жана «транспорт-жөө жүргүнчү» үч бурчтук-белги чегинде;
- жол тосмолорунда жана багыттоочу түзүлүштөрдө;
- эңкейиш бөлүгү 4%дан ашкан көчөлөрдүн жана жолдордун участокторунда;
- маршруттук транспорт каражаттарынын аялдамасына 25 метр жакын аралыкка;
- кыймылдуу элементтерди камтыган сүрөттү колдонуу, айрыкча бардык маалымат же жарнак толугу менен бир мезгилде көрүнбөй жол кыймылынын катышуучуларынын аны окууга кеткен убактысын көбөйтүлсө;
- курулуш материалдарын, сырларды, жол белгилерин киргизүү аркылуу автоунаа жолдорунун, тротуарлардын, аянкчалардын жана автоунаа токтоочу жайлардын, жөө адамдар жүрө турчу жерлердин беттерине товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, соода объектилери, чарбакер субъекттер жөнүндө жазуулар же сүрөттөр, жарнамалар;
- гүл коюу үчүн пайдаланылган жерлерде, ошондой эле тротуарларда, эгерде алар орнотулгандан кийин жөө жүргүнчүлөр үчүн, ошондой эле механикалаштырылган тазалоо үчүн өтмөктүн туурасы 2 метрден кем болсо;
- жер астындагы жана жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн тышкы (көчө) конструкцияларында;
- мезгил-мезгили менен алмаштырылып туруучу жарнамалык билдирүүлөрдү жайгаштыруу үчүн арналган имараттын фасаддарынын консолдорунда;
- турак жайлардын терезелерине жарык чачыратуучу, такай күйүп туруучу жарык түзүлүштөрүн орнотуу;
- жер алдындагы коммуникацияларга;
- жеңил конструкцияда аткарылып, көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнө жайгаштырылган троллейбустар менен электр чубалгыларынын керме системасына траспаранттарды, асма жана керме системаларды;
- троллейбустардын байланыш тармагындагы кронштейндерге, электр чубалгыларына жана көчөлөрдү жарык кылуу үчүн орнотулган мамыыларга.
199. Сырткы жарнама каражаттары:
- жол кыймылынын катышуучуларынын жолдогу кырдаалды кабыл алуусуна же транспорт каражатын эксплуатациялоого, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр менен велосипед тебүүчүлөрдүн кыймылы үчүн тоскоолдук жаратпоого тийиш;
- жасалга элементтеринин көрүнүшүн чектебеши керек;
- жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражатарына жана атайын сигналдарга окшошпоого (тышкы көрүнүшүнө жана түспөлү боюнча), алардын көзгө көрүүнүсүн начарлатпоого, ошондой эле жол үстүндө транспорт каражаты, жөө жүргүнчү же объект бара жаткандай таасир калтырбоого тийиш;
200. Өңдоп-түзөө (реставрация) боюнча белгиленген тартипте бекитилген жана аталган маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) ордунан жылдыруу аракеттери караштырылган долбоорду эске албаганда, атайын объект болуп саналган жана тарыхый-маданий объектилердин коргоого алынган чектеринде жайгашкан имараттардын, курулмалардын чатырларында маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) жайгаштырууга жол берилбейт.
201. Территорияга маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды орнотууда төмөнкүлөргө жол берилет:
- маалыматтык конструкцияларды ушул Эрежелердин талаптарына ылайык имараттардын жана курулмалардын фасаддарына же тышкы беттерине жайгаштырууга;
- ушул Эрежелерде каралган талаптарга ылайык асма маалымат конструкцияларын жайгаштырууга. Асма маалымат конструкцияларынын сырткы көрүнүшү, габариттери, ошондой эле имараттардын, курулмалардын бир галереясында жайгашкан асма маалымат конструкцияларынын саны Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылган эскиздик долбоордо аныкталат;
- дубал жана асма маалыматтык түзүлүштөрдү (белгилерди) бирдиктүү конструкция жана (же) бир маалыматтык түзүлүштүн окшош жана (же) өз ара байланышкан элементтеринин комплекси түрүндөгү жайгаштырууга;
- консолдук белгилерди бир гана структура катары жайгаштырууга.
202.Имараттын фасадына же чатырга жайгаштырылуучу жарнамалык конструкциялар төмөнкү элементтерден турат:
- жарнама аянты (тексттик бөлүк) – тамгалар, тамгалык символдор, аббревиатура, сандар;
- көркөм элементтер (логотиптер, белгилер);
- бекитүү үчүн элементтер (мейкиндин тосмолору).
203. Имараттын фасадына же чатырга жайгаштырылуучу конструкцияларга коюлуучу жалпы талаптар:
- имараттардын, курулмалардын чатырына жайгаштырылуучу көрнөктөрдүн конструкциялары ички жарыктандыруу менен гана жабдылуучу көлөмдүү символдор болуп саналат;
- чатырдын конструкциясы – соода борборунун долбоордо каралган аталышынын өзү блоктордун санына карабастан башкы фасаддык бөлүктөгү соода борборунун чатырында гана жайгаштырылышы керек;
- логотиптерди, ошондой эле аталган турак жайдын курулушу менен алектенген курулуш фирмасынын аталыштарын эске албаганда чатырдык конструкцияларды турак жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.
204. Имараттын фасадына же чатырга жайгаштырылуучу жарнамалык конструкциялар үчүн төмөнкү эрежелер белгиленет:
- жарнак аянты жана көркөм элементтер ички жарык менен гана жабдылууга тийиш;
- жарнама конструкциянын жарнамалык талаасынын аянты конструкциянын габариттери менен аныкталат;
- имараттардын фасадында же чатырында жайгаштырылган жеке тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнак конструкцияларында сүрөттү өзгөртүүчү технологияларды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдү, кыймылдуу бөлүктөрдү, ошондой эле медиафасаддарды уюштуруу технологияларын колдонууга жол берилбейт;
- объекттин чатырына орнотулган жарнамалык каражаттардын узундугу алар жайгаштырылган фасаддын узундугунун 70%нан ашпоого тийиш;
- жарнак конструкциясынын бекитүүчү элементтери бул конструкциянын периметринин капталдарынан жана үстүңкү жагынан чыкпоого тийиш. Чатырдын жарнак конструкциясынын маалымат талаасынын парапетинен төмөнкү четине чейинки аралык 1 метрден ашпоого тийиш;
- орнотуу, монтаждоо жана эксплуатациялоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында айрым тамга жана логотип түрүндөгү жарнамалык конструкциялар үчүн милдеттүү түрдө долбоордук документация иштелип чыгат;
- жеке тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнамалык конструкциялар электр менен жабдуу тармагынын авариялык түрдө өчүрүү системасы менен жабдылып, өрт өчүрүү системасына ээ болуу менен өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
205. Имараттын фасадында же чатырында жайгаштырылуучу маалымат конструкциялары (көлөмдүү тамгалар) үчүн төмөнкүдөй эрежелер белгиленет:
- объекттердин чатырларына орнотулган белгилердин маалымат талаасы алар орнотулган объекттердин фасаддарынын бетине параллель, объекттин карнизинин, парапетинин сызыгынан жогору жайгаштырылат.
206. Имараттын же курулманын чатырына жайгаштырылган маалыматтык-жарнамалык конструкциялардын сырткы көрүнүшү шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген эскиздик долбоорго ылайык аныкталат.
Каттоого алынган товардын белгилердин эскиздик долбоорун иштеп чыгууда: оозеки, көркөм, көлөмдүү жана же алардын маанилик комбинациялары Кыргыз Республикасынын «Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товар өндүрүлгөн жердин аталышы жөнүндө» Мыйзамынын 7-статъсынын талаптары эске алынат.
207. Эгерде фасаддарда маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга жолтоо болуучу архитектуралык-көркөм элементтер бар болсо, ошондой эле турак эмес объекттердин сырткы бетине жайгаштырылуучу конструкциялардын параметрлери аталган маалымат конструкциясын (көрнөктөрдү) жайгаштыруу учурунда маалымат талаасынын жана архитектуралык-көркөм элементтердин пропорционалдуулугуна жана ушул Эрежелердин талабына ылайык келбесе, анда эскиздик долбоор милдеттүү түрдө иштелип чыгып, макулдашуудан өтөт.
208. Жарнактык конструкциялар жыл сайын кеминде бир жолу техникалык кароодон өткөрүлүүсү керек жана ал мындай иштерди жүргүзүү боюнча лицензиясы бар адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
|