Бекитилди
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
24.12.2024 жылдагы
IV-cессиясынын 4/1 токтому менен
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар
- Жалпы жоболор
- Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарында-гы (мындан ары – Эрежелер)» жер участкаларында, имараттарда, курулуштарда жана кыймылсыз мүлк объектилеринде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун эрежелерин жана талаптарын, маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын демонтажынын тартибин, ошондой эле Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшүнө карата аткаруу үчүн милдеттүү жана бирдиктүү талаптарды белгилейт.
- Ушул Эрежелер «Мамлекет аралык «ГОСТ 33027-2014» стандарт. Мамлекет аралык стандарт. Жалпы колдонуудагы автоунаа жолдору. Сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруу талаптарына», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарнама жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкуруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
- Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы имараттардын тышкы фасаддардын жасалгалоодо, аларга маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жана эксплуатациялоодо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар ушул Эрежелерди сактоого милдеттүү.
4. Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу паспорту бар имараттар менен курулуштарды эске албаганда Архитектура жана шаар куруу боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары – Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы) регионалдык жана аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарына берилген Шаар куруу корутундуларына (мындан ары - ШК) ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардагы тексттер, анын ичинде ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аталыштары алгач милдеттүү турдө мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде таризделет.
Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.
Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн.
Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш.
6. Ушул Эрежелер жол кыймылын билдирүүчү белгилерге жана жол-көчө тармагындагы көрсөткүч белгилерге жайылтылбайт.
7. Имараттардын, курулуштардын ээлери жана аларды күтүү милдетин алышкан адамдар аларды эксплуатациялоонун техникалык талаптарын, ушул Эрежелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
8. Ушул Эрежелер тарыхый-маданий мурас объектиси болуп саналган жана эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кирген имараттардын фасадына жайылтылбайт.
9. Турак жайлардын, курулмалардын ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген фасаддары аларды реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун алкагында талапка ылайык келтирилиши зарыл.
10. Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Эрежелерде берилген талаптардын аткарылышына контролдук кылат:
- шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы.
11. Ушул Эрежелерди колдонулуучу түшүнүктөр:
акцент – өлчөм, форма, түс аркылуу композиция элементтерин бөлүп көрсөтүү ыкмасы;
шаар куруу корутундусу - маалыматтык-жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча тексттик, графикалык материалдарды жана техникалык талаптарды камтыган документ;
архитектуралык-мейкиндик чөйрө – каралып жаткан территорияны же объектти курчап турган жана территорияны же объектти чөйрөнүн бир бөлүгү катары көрсөтүүчү имараттардын, курулмалардын жана элементтердин чөйрөсү;
архитектуралык чечим - курулуш документациясынын архитектуралык бөлүгүндө жазылган жана курулган архитектуралык объектте ишке ашырылуучу архитектуралык объекттин, анын тышкы жана ички көрүнүшүнүн, мейкиндик-пландык жана функционалдык уюштурулушунун автордук концепциясы;
ачык жана жабык мейкиндиктердин балансы - фасаддын, анын бөлүктөрүнүн, колористикалык чечимдеринин визуалдык композициялык балансы;
брандмауэр – өрттүн жайылышына жол бербөө үчүн бир же бир нече имараттардын араларын бөлүп туруучу фасаддын бардык элементи аркылуу өтүүчү каптал же короо фасадынын туюк, капиталдык дубалы. Жанаша жайгашкан курулуштардан бийикти жана терезелеринин жоктугу менен айырмаланат;
визуалдык кабыл алуу – фасаддын жана курчап турган шаар куруу чөйрөсүнүн, территориянын пландалган структурасынын (бүтүндөй жана айрым бөлүктөрүнүн) өзгөчөлүктөрүнүн адам тарабынан аныкталышы жана кабыл алынышы, кабыл алуу шарттарына ылайык объект образынын түзүлүшү;
визуалдык маалымат – адам тарабынан визуалдык түрдө кабыл алынган мазмун, маани жана образ. Визуалдык маалымат предметтердин формасы, жайгашуусу, катыштыгы, графикалык белгилердин жана символдордун сүрөттөлүшүнүн мүнөзү, шрифттин формасы, түстүн жана жарыктандыруунун мүнөзү аркылуу берилүүчү спецификалык образдуу мазмунга ээ.
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси – маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын менчик ээси болуп саналган жеке же юридикалык жак, же маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар боюнча буюм укугуна ээ башка жак;
шрифттин гарнитурасы – бир шрифттин жалпы дизайн аркылуу бириктирилген жана белгилүү бир аталышка ээ сүрөттөлүшүнүн жыйындысы.
имараттын, курулманын короо фасады - имараттын линиясынан тышкары жайгашкан жана ачык мейкиндиктер менен визуалдык түрдө байланышпаган фасады;
маалымат талаасы – объекттин түздөн-түз маалымат берүү үчүн арналган конструктивдүү бөлүгү. Маалымат талаасынын түздөн-түз маалымат жайгаштырылуучу аянты (чоңдугу) – аталган конструктивдүү бөлүктүн бийиктиги жана узундугу.
карниз – фасаддын горизонталдуу түрдө чыгып туруучу элементи, дубалдын, бүткөрүлүп жаткан имараттын, курулманын, курулуштун же кабаттын үстүңкү чыгып туруучу бөлүгү;
композиция – көркөм чыгарманы тургузуунун негизи, курулуш системасы, негизги элементтерди жана бөлүктөрдү белгилүү бир ырааттуулукта жайгаштыруу, мында бардык бөлүктөр функционалдык жактан гана эмес, автордун идеясы жана ниети менен да байланышкан. Композицияны түзүүдө колдонулган көркөм каражаттар: сызык, тегиздик, түс, көлөм, мейкиндик. Композицияны гармонизациялоонун каражаттары: пропорция, симметрия, ритм, масштаб, контраст, нюанс;
композициялык бүтүндүк - объекттин архитектуралык долбоору, конструкциясы жана мейкиндик долбоору, ошондой эле анын бирдиктүү бүтүндү түзгөн айрым бөлүктөрүнүн өз ара байланышы. Композициялык бүтүндүк композиция элементтеринин кайсы биринин бүтүнгө зыян жаратпастан алмаштырылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн эместиги менен мүнөздөлөт;
кернинг - тамгалардын ортосундагы аралыкты формасына жараша тандап өзгөртүү. Кернинг эки тамганын ортосундагы аралык визуалдык жактан бирдей болушун камсыз кылуу үчүн колдонулат;
тактык (лаконичность) - композициянын сапаты, мында сүрөттө байкоочуга маанилүү маалыматты жеткирүү үчүн зарыл болгон элементтер гана камтылган. Негизги композициялык элементтерге карата жасалган керектүү визуалдык басым ашыкча, алагды кылуучу деталдарды алып салуу аркылуу ийгиликтүү жүзөгө ашырылат;
имараттын, курулманын алдыңкы фасады - имараттын линиясында жайгашкан же ачык мейкиндиктер менен визуалдык түрдө байланышкан имараттын фасады;
масштабдуулук (сомасштабдуулук) – объект көлөмүнүн адам боюна карата түзүлүшү: архитектуралык курулманын, скульптуранын, аббатоо элементтеринин же алардын бөлүктөрүнүн;
арип стили – бир гарнитуранын курамына кирүүчү жасалгаланган шрифттин модификациясы. Арип стили тыгыздыгы боюнча айырмаланат – кууш, кадыресе, кең; каныгуусу боюнча – жарык, жарым-жартылай кара, кара; жантаюсу боюнча – түз, курсивдүү;
имараттын көлөмдүк-мейкиндиктик чечими - имараттын көлөмүнүн тышкы формасы;
пластика, пластикалуулук – архитектура, графика, живописке мүнөздүү көлөмдүн, форманын көркөм экспрессивдүүлүгү. Пластикалуулук бир форманын, көлөмдүн экинчисине, объекттин, курулманын же ансамбльдин бирдиктүү бир бүтүн образын түзүү үчүн имараттын бир бөлүгүнөн экинчисине ырааттуу түрдө өтүүсүн туюндурат;
имараттын фасадынын паспорту – кыймылсыз мүлк объектисинин бардык башкы параметрлерин чагылдыруучу техникалык документ жана архитектуралык техникалык чечим. Ал аркылуу имараттын көрүнүшү, айлана-чөйрөгө шайкештиги, жалпы көрүнүштү бузбай тургандыгы аныкталат.
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестри – калктуу конуштардын территориясындагы маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын болгон объекттери боюнча маалымат;
жарнама аянтчасы – жарнактарды чагылдыруу жана жайылтуу үчүн колдонулуучу жарнактык конструкциялардын аянты;
жарнама жайылтуучу – ушул Эрежелерге ылайык түрдө форманы түрдүү каражаттарды колдонуу менен жарнамалык маалыматтык жайгаштыруучу жана (же) жайылтуучу жеке жана юридикалык жак;
ритм – мүнөзү боюнча салыштырылуучу ар кыл элементтердин же формалардын белгилүү бир мыйзам чегинде кезектелиши жана аларды белгилүү бир тартипке келтирүү (алардын жайгаштырылышынын жана кезектелишинин тартиби);
симметрия - бир нерсенин бөлүктөрүнүн борборго, ортого карата пропорционалдуу түрдө жайгашуусу;
пропорционалдык жана шайкештик - бүтүндөй объекттин, анын бөлүктөрүнүн жана алардын элементтеринин ортосундагы белгилүү бир байланыш, мында бардык элементтер өз ара тең салмакта болот;
социалдык жарнак - адамдардын белгисиз бир чөйрөсүнө багытталган маалымат, кайрымдуулук жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүүгө, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталат;
стилдик бүтүндүк – архитектуралык формалардын, фасад элементтеринин жана композициялык каражаттардын тарыхый жана идеялык жактан калыптанып калган биримдиги, социалдык маселелердин, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жана коомдук идеялык, эстетикалык көз караштардын мүнөзү.
унификация – ар кандай типтеги объекттерди стандарттык өлчөмдөрдүн, формалардын жана касиеттердин рационалдуу диапазонуна жеткирүү. Унификациянын негизги максаты – бул ар бир вариантты өз-өзүнчө долбоолоо жана өндүрүү зарылчылыгын жоюу болуп саналат. Унификация предметтик-мейкиндик чөйрөнүн композициялык жана конструктивдүү бирдигине жетүү каражаты болуп саналат.
ыйгарым укуктуу орган – жергиликтүү мамлекеттик администрациянын маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, сырткы жарнама жана маалыматтарды жайылтуу маселелерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укукка ээ кылынган ведомство алдындагы бөлүмү;
фасад – имараттын же курулуштун, курулманын сырткы вертикалдуу кыртышы. Курулманын түрүнө жана анын планынын формасына, жайгашкан ордуна жараша алдыңкы, каптал жана короо фасаддарын айырмалашат.
фирмалык стиль – ишкананын ишмердүүлүгү жана анын продукциясы менен байланышкан белгилүү бир мүнөздөгү туруктуу визуалдык образды түзүү максатында белгилүү бир ишкана же уюм үчүн атайын иштелип чыккан объекттердин, каражаттардын, символдордун жыйындысы;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскиздик долбоору - маалыматтык-жарнак түзүмүнүн так жайгашкан жери, өлчөмдөрү жана андагы сүрөттөр жөнүндө маалыматтарды камтыган тексттик жана графикалык формадагы документтердин жыйындысы (графикалык материал же фотомонтаж);
имараттын фасадынын эскиздик долбоору - терезелерди, витриналарды, кире бериштерди жекече жабдуу жана долбоорлоо, маалымат элементтерин жана түзүлүштөрдү жайгаштыруу, имараттардын жана курулмалардын фасадынын түс схемасы.
2. Зоналаштыруу
12. Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы территориянын калктуу архитектуралык-эстетикалык чөйрөсү 2 зонага бөлүнөт:
- Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы так регламенттеги зона - көчөлөр менен чектелген, Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарын-дагы борбордук бөлүгүн, Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы борбордук көчөлөрдү камтыйт;
- Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы көчөлөрү менен чектелген жана калган территорияны камтуучу жалпы регламенттеги зона, так регламенттеги зонаны эске албаганда.
Жарнамалык түзүлүш кайда жайгаштырыла тургандыгы жөнүндө чечим жергиликтүү аймакты зоналаштыруу боюнча кабыл алынат.
13. Так жөнгө салуу зонасына Көк-Жаңгак шаарынын калктуу конуштарындагы борбордук бөлүгү, борбордук көчөлөр жана негизги магистралдар, эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине кирген тарыхый жана маданий мурастардын эстеликтери кирет.
14. Жалпы регламентациядагы зонага так регламенттеги зонаны эске албаганда территориянын калган бардык бөлүгү кирет. Жалпы регламентация зонасындагы көрнөктөрдүн бийиктиги 0,8 метрден ашпоого тийиш.
3. Фасаддын паспортун тариздөө тартиби
15. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү ушул Эрежелерде жана имараттын, курулманын фасадынын паспортунда (мындан ары - фасад паспорту) белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
16. Имарттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшүнө болгон жалпы талаптар ар бир имарат, курулма үчүн өз-өзүнчө даярдала турган фасаддын паспорту тарабынан аныкталат жана анда имараттын, курулманын курулушу боюнча долбоордук документтердин курамында даярдалган архитектуралык чечим эске алынат.
17. Имараттын, курулмалардын архитектуралык чечими жок учурларда фасаддын паспорту имараттын, курулманын көлөмдүк-мейкиндиктик чечимине, стилдик өзгөчөлүктөрүнө ылайык даярдалат, мындай шартта архитектуралык-мейкиндик чөйрө жана анын визуалдык мүнөзү, композициялык жана стилдик бүтүндүгү, унификация, пропорционалдуулук, горизонталдык жана вертикалык түркүктөр системасына, симметриясына жана ритмине шайкештиги эске алынат.
18. Фасаддын паспортундагы фасаддын түстүк схемасын аныктоо үчүн фасаддын колористикасын эске алуу зарыл. Бул үчүн жана фасаддын комплекстүү түстүк схемасы кайсы бир түс же анын тоналдык градациясы менен бир белгиде болуу үчүн жалаң гана пастельдик түстөрдү пайдалануу менен көчө жана кварталдык курулуштардын контекстиндеги курулуштардын түсүнө анализ өткөрүү зарыл.
19. Фасаддын паспорту ушул Эрежелерде белгиленген тартиптеги фасад паспортунун типтүү формасына ылайык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык тарабынан даярдалат.
20. Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык фасаддын паспортун акы төлөнүүчү негизде даярдайт.
21. Фасаддын паспорту башкармалыктын начальниги тарабынан бекитилет.
22. Фасаддын паспортун даярдоо үчун жеке жана юридикалык жактар шаар куруу жана архитектура башкармалыгына арыз менен кайрылышат. Арыздарды кабыл алуу жана аларды караштыруу «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
Арызда көрсөтүлөт:
а) арыз ээси тууралуу маалымат (паспорттогу маалыматтар, байланыш номуру, ишеним кат);
б) имараттын, курулуштардын жайгашкан орду;
в) ниеттердин, максаттардын сүрөттөлүшү;
г) кыймылсыз мүлк бирдигине карата (имаратка, курулмаларга) укук берүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү;
д) эскиздик долбоор.
Пайдалануучу/ижарага алуучу фасаддын паспортун даярдоо үчүн шаар куруу жана архитектура башкармалыгына арыз менен өз алдынча кайрыла алат.
Арызда көрсөтүлөт:
Арыз ээси тууралуу маалымат (байланыш телефону, паспорт, эгерде арыз ээси юридикалык жак болсо уюштуруруучунун документтердин көчүрмөлөрү);
Арыз ээси менен имарат же курулма эсэсинин, же анын курамдык бөлүгүнүн ортосундагы ижара келишиминин көчүрмөсү.
23. Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастама берет.
24. Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык 30 жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин талаптарына ылайык фасад паспортун даярдап берет.
25. Зарылчылыгына жараша Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктын өкүлдөрү имараттарды, курулмаларды жеринен барып көрөт жана бул үчүн арыз ээсинин өкүлдөрүн тартат.
26. Имараттар, курулмалар тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин корголуучу зонасында жайгашкан учурларда фасад паспортунун долбоору бекитилгенге чейин милдеттүү түрдө эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылуусу керек.
Ошол эле учурда ушул Эреженин 24-пунктунда көрсөтүлгөн фасаддын паспортун даярдоонун жалпы мөөнөтү эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашылуусуна чейин узартылат.
27. Фасад паспортун даярдоо бүтүндөй имараттын, курулманын фасады үчүн жүзөгө ашырылат жана анда кире бериштердин, витриналардын, маалыматтык элементтердин, түзүлүштөрдүн, жарнамалык конструкциялардын ушул Эрежелерге шайкештиги эске алынат.
28. Жеке эскиздик долбоордун ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келүүсүндө Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы фасаддын паспортун жеке эскиздик долбоордун негизинде жана ушул Эрежелерде белгиленген тартипте даярдайт жана бекитет.
29. Имараттын, курулманын фасадын өзгөртүү фасад паспортуна дал келүүгө тийиш. Фасад паспортуна туура келбеген фасадды өзгөртүүгө жаңы фасад паспорту даярдалып жана бекитилмейинче жол берилбейт.
30. Имараттын же курулманын фасадын өзгөртүү үчүн жеке жана юридикалык жактар фасаддын архитектуралык чечиминин эскизи, ошондой эле зарылчылыгына жараша долбоордун авторунун кат жүзүндөгү макулдугу менен шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылышат.
|