Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:59 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Декабрь » 19 » 4 бөлүк регламент
7:12 AM
4 бөлүк регламент

20.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутаттын мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.

20.4. Шаардык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.

 

21. Депутаттык этика

 

21.1. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын   кагылышуусу) качууга   милдеттүү.

21.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн аракет кылууга тийиш.

21.3. Шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйындарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төраганын эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтөөгө тийиш.

21.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда регламент боюнча тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан талкууланып, корутундусу кеңештин кароосуна сунуш кылынууга тийиш.

21.5. Сессияларда, жыйындарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү   колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз   айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды   пайдаланбоого, мыйзамсыз   аракеттерге   чакырбоого тийиш.

 

22. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

 

22.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен сессияны өткөрүүгө жолтоо болсо, төраганын эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата    төмөнкүдөй    чаралар колдонулушу    мүмкүн:

- эскертүү;

- сессиянын   аягына   чейинки    мөөнөткө    сөз    бербөө.

22.2. Эскертүүгө карабай кайрадан тартип бузуулар болсо, ага карата жыйын залынан чыгарылат жана мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү этика боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна берилет.

22.3. Депутатка жана сессияга катышкандарга карата колдонулган чаралар сессиянын протоколунда белгиленүүгө тиийиш. 

 

23. Шаардык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби

 

23.1. Шаар мэри ошондой эле шаардын аймагында иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар сессияларга жана туруктуу комиссиялардын жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.

23.2. Жогоруда аталган адамдар сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.

23.3. Шаардык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары
(аты-жөнү, жашаган жери, кызматы) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагага берилет.

23.4. Сессияга жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Регламентти бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырылат.

23.5. Сессияга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде катышуучулардын саны көп болуп, сессия, жыйындар залына батпаса аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.

 

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ.  ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ

 

24. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар

 

24.1. Шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук (тескеме) түрүндө жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат, айрым маселелр боюнча кенештин чечимдери жалпы депутаттардын учтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган токтом, буйруктарга (тескемелерге) - кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.

24.2 Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары - токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук (тескеме) түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

1) Шаардык кеңештин токтомдору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

2) Шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

24.3. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.

   - Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

24.4. Шаардык кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн шаардык кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.

24.5. Шаардык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

 24.6. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык кеңештин токтомдору шаардын аймагында жашаган бардык жарандар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.

24.7. Шаардык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат такталарында жайгаштыруу аркылуу жана «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат. 

 

25. Шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби

 

25.1. Шаардык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары жооптуу катчы менен бирге даярдалган жана шаардык кеңештин төрагасы менен макулдашылган токтомдун долбоору;

-   токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);

- салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);

-  тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;

- экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.

25.2. Шаардык кеңештин токтому мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде да киргизилет жана кабыл алынат.

Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана шаардык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу шаардык кеңештин чечими болсо, токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

25.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.

 

26. Шаардык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби

 

26.1. Шаардык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында шаардык кеңештин депутаттары тарабынан күн тартибине кошумча киргизилип, бекитилген маселелер каралат.

26.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.

26.3. Шаардык кеңештин депутаты сессияда каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүүгө укуктуу.

26.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.

26.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.

26.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар келип түшсө, төрага депутаттардын бардык сунуштарын түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш менен депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.

26.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык кеңештин кезектеги сессиясына 3 айдан кийин гана киргизилиши мүмкүн.

26.8. Шаардык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы толук эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, шаардык кеңештин кийинки сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.

26.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагага расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуу токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.

 

27. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы

 

27.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:

-баяндама — __ мүнөткө чейин;

-баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн — __ мүнөткө чейин;

-күн тартибин талкуулоо үчүн – __ мүнөткө чейин;

-талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн — __ мүнөткө чейин;

-шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн — __ мүнөткө чейин;

-талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн - __ мүнөткө чейин;

-добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 3 мүнөткө чейин;

-жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 3 мүнөткө чейин;

-сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн — 10 мүнөткө чейин;

-кайталап сөз сүйлөө үчүн — 3 мүнөткө чейин;

27.2. Депутаттардын макулдугу менен төрага чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын __ мүнөткө чейин узартууга укугу бар.

27.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берүү добуш менен чечилет.

27.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.

27.5. Депутат жыйында төрага тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.

27.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагага жазуу түрүндө же оозеки түрүндө берилет.

27.7. Шаар мэри, райондун акими жана анын орун басарлары (райондук маанидеги шаарлар үчүн) каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.

27.8. Төрага тарабынан сессиянын ишине 10 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.

27.9. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калган учурда төрага 20 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрага сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакытка же күнгө которууга укуктуу.

 

28. Жарыш сөз (талкуулоо)

 

28.1. Төраганын уруксаты жок сессияда эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.

28.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрага ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрага чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.

28.3. Төрага жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.

28.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутат төрагага сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.

 

29. Шаардык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу

 

29.1. Шаардык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү. Шаардык кеңеш чечимди шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

29.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда шаардык кенеш айрым маселелер боюнча жалпы депутаттардын санынын учтөн экисинин добушу менен чечим кабыл алат.

29.3. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо (процедуралык) маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.

 

30. Добуш берүү жана анын түрлөрү

 

30.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

-шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны — 21 депутат

-сессияга катышкандардын саны – каттоодон өткөн депутаттардын саны.

Просмотров: 4 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0