Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз IV - сессиясы
ТОКТОМ 4/1
23.08.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаардык мэриянын
№ 1-15/129 04.08.2017-жылдагы каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын «Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндө» 2-глава 6-беренесине ылайык шаардагы «Спутник» кварталындагы жер аянтын муниципалдык менчике өткөрүп берүү жөнүндө шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу жана жер , коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 21.08.2017-жылдагы отурумунун чечимин Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз IV - сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы «Спутник» кварталынын Октябрдын 60-жылдыгы көчөсүндөгү 300 метр квадрат жер аянты шаардык муниципалдык менчигикке өткөрүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кеңештин экономика,өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси С.Матназаровго жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз IV - сессиясы
ТОКТОМ 4/2
23.08.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги
«Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жана № 31 27.06.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги Шар-Булак участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин аткарган иштери боюнча маалыматын жана № 31 27.06.2017-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз IV - сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги «Шар-Булак» участка-сынын жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Шаарда курулуш курулуп жаткан мезгилде шаар тургундарына курулуштун түрүн карап колдонгон суу үчүн «Шар-Булак» ишканасы менен келишим түзүлсүн :
1 этаж курулушка – 500 сом
2 этаж курулушка -1000 сом бекитилип берилсин.
3.Көпчүлүк эл колдонгон суу түтүкчөлөрүнө жеке автоунааларды жууга тыйу салынсын, болбосо айып пул 500 сомдон 1000 сомго чейин салууга макулдук берилсин.
4.Абоненттердин коросундагы суу түтүкчөлөрүнүн винтельдери жок болсо 500 сомго чейин айып пул салууга уруксат берилсин.
5. Абоненттерден түшкөн арыз негизинде суу түтүкчөлөрүн улаштыруу үчүн 200 сом төлөм алынсын.
6.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
7.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кеңештин экономика,өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси С.Матназаровго жүктөлсүн.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз IV - сессиясы
ТОКТОМ 4/3
23.08.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаардык мэриянын
№ 1-15/133 09.08.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө.
Көк-Жангак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриядан келип түшкөн сунуштун негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө шаардык кеңештин туруктуу комиссиянын 21.08.2017-жылдагы отурумунун чечимин угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VII-чакырылыштагы кезексиз IV-сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Кыргыз Республикасынын ыйман, адеп жана маданият жылына карата Көк-Жаңгак шаарынын социалдык экономикалык өсүшүнө кошкон зор салым үчүн:
1) Сарибаев Салижан Алимжановичке;
2) Укембаев Бактыбай Зулпукаровичке;
3) Каипов Жоробек Сатыбалдиевичке
«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|