Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XLIX сессиясы
ТОКТОМ 49/1
06.06.2024-жыл Көк-Жаңгак шаары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик
мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген
“Датум” автотранспортун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 06.06.2024-жылдагы № 1-12/935 катынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген “Датум” автотранспортун чыгарылган жылы 2012-жыл, кузов № LSKGSGC 1XCA215794 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезексиз XLIX -сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген “Датум” автотранспортун чыгарылган жылы 2012-жыл, кузов № LSKGSGC 1XCA215794 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттик каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу, автотранспорт каражатын шаардык мэриясынын балансына алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын каттоо органдарынан каттоону өткөзүү жана тиешелүү иш кагаздарын тактоо, кабыл алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын башкы эсепчиси С.Мамакадыровага жүктөлсүн.
3.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Абдурасуловго жана Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын башкы эсепчиси С.Мамакадыровага жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагалык кылуучу Н.Мамбетов
|