Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы
ТОКТОМ 48/1
10.05.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин
көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фондунун жерлеринин
ижара акысынын өлчөмдөрүн бекитип берүү жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/689 26.04.2024ж. катынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 17.12.2021 жылдагы №309 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 19.09.2022 жылдагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьектерине берүү тартибин бекитүү жөнүндо» № 329-НИ менен 29.03.2023ж. №120-НИ буйруктарын ишке ашыруу максатында Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмдөрүн эсептөөдө, айыл чарба багытындагы жерлеринин, жер салыктарынын ставкаларын карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын айыл чарба багытындагы жер салыктары төмөндөгүдөй бекитилип берилсин:
-сугат жерлер 1га 434 сом;
-кайракы жерлер 1га 61,3 сом;
-көп жылдык бак дарактар 1га 240 сом;
-чабындылар 1га 50,90 сом;
-жайыттар 1га 35,40 сом.
2.Токтомдун аткарылышын шаардык мэриясынын жер боюнча тиешелүү адисине жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы
ТОКТОМ 48/2
10.05.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун
жерлерине (КБФ) ижара акы төлөмдөрүн
көбөйтүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/688 25.04.2024ж. катынын негизинде Көк-Жангак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акы төлөмдөрүн көбөйтүү боюнча карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жангак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акы төлөмдөрү төмөнкүдөй бекитилип берилсин:
- 1га сугат жердин ижара акысы 3000 сом;
- 1га кайракы айдоо жердин ижара акысы 1500 сомго;
- 1га бак дарак ижара акысы 1000 сом.
2.Токтомдун аткарылышын шаардык мэриясынын жер боюнча тиешелүү адисине жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы
ТОКТОМ 48/3
10.05.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине «Байасман-Тоо@ЖЧКМУнан ижара акысынан түшкөн 800,0 миң сом акча каражатын жана спорт комплекске бөлүнгөн 1900,0 миң сом акча каражатынын багытын өзгөртүп кайрылуу каттардын негизинде бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 19.04.2024ж. №1-12/639 жана 19.04.2024ж. №1-12/640 кайрылуу каттарынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 08.05.2024ж. №9 протоколунун негизинде жалпысынан 2700,0 (Эки миллион жети жүз) сом акча каражатын мекеме ишканалардын кайрылууларын карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн 800,0 миң сом акча каражатын жана спорт комплекске бөлүнгөн 1900,0 миң сом акча каражатынын багытын өзгөртүп төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
- Көк-Жаңгак шаардык мэриянын чатырын алмаштырууга 172,6 миң сом;
- «Көлмө» кварталындагы спортзалын куруу үчүн өздүк салымына 553,8 миң сом;
- Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун инфекция бөлүмүнүнө 579,8 миң сом;
- кесепеттерди жоюу иштерине жана алдын алууга 100,0 миң сом;
- Көк-Жаңгак шаарынын №4 Ю.А.Гагарин орто мектебинин короосун тосууга 84,9 миң сом;
- Көк-Жаңгак шаардык маданият үйүнүн имаратын оңдоо үчүн 347,2 миң сом;
- Көк-Жаңгак шаарындагы Крупская көчөсүнө шагл төшөө жана тегиздөө жумуштарын аткарууга 43,0 миң сом;
- Көк-Жаңгак шаардык борбордук трибунага керектелүүчү курулуш материалдарына 200,0 миң сом; - Көк-Жангак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департментине атайын техникаларга күйүүчү май алууга 100,0 миң сом жана керектелүүчү авто тетиктерин жаңылоого 30,0 миң сом;
- Кок-Жангак шаарынын №3 «Байчечекей» балдар бакчасынын чатырын оңдөп түзөөдөн өткөрүүгө 81,8 миң сом;
- Көк-Жаңгак шаарынын «Зона» кварталынын көчөлөрүнө шебень төгүү үчүн 100,0 миң сом;
- Көк-Жаңгак шаарынын 23 кварталынын аялдамаларына 100,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын 2013ж. 30 майындагы №302 токтомунун негизинде билим берүү бөлүмүнүнө бир штат ачып, 2024ж. 8 айына 206,9 миң сом.
2. Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы
ТОКТОМ 48/4
10.05.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы Шерматов көчөсүндөгү жантайма жердеги
1578,0 кв. жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин 29.04.2024 жылдын № 1-08/17 кайрылуусун карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Шерматов көчөсүндөгү жантайма жердеги 1578,0 кв. жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчике киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|