Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXXVII сессиясы
ТОКТОМ 47/1
19.04.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2024 жылдын 3 апрелиндеги №46/6 токтомунун 3 пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 16.04.2024 жылдын № 1-12/617 кайрылуу катынын негизинде шаардык кеңештин 2024 жылдын 3 апрелиндеги № 46/6 токтомунун 3 пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XXXXVII сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын Октябрдын 40 жылдыгы Бульвары көчөсүндөгү №5 жайгашкан муниципалдык 0,4275 га жер тилкесинен жумушчу проектинин негизинде такталган 0,145 га жер тилкесин жаңы заманбап спорт комплекс куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Иш кагаздарын тактап муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
төрагасынынорун басары М.Мамбетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXXVII сессиясы
ТОКТОМ 47/2
19.04.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын аймактык административдик чек арасынын схемалык
картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаар аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Көк-Жаңгак шаар аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 18.04.2024 жылдын № 1-12/637 кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XXXXVII сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамассына макулдук берилсин.
2.Көк-Жангак шаардык кеңештин төрагасы З.Байдавлетовго жана Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака схемалык картага кол коюсу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасынын орун басары: Н.Мамбетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXXVII сессиясы
ТОКТОМ 47/4
19.04.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтер көчөсүндөгү жантайма жердеги
0,13га жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин 16.04.2024 жылдын № 1-08/13 кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XXXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтер көчөсүндөгү жантайма жердеги 0,13га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчике киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасынын орун басары: Н.Мамбетов
|