Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XLVII сессиясы
ТОКТОМ 47/3
19.04.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.04.2024 жылдагы
№ 46/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.04.2024 жылдын № 46/3 токтомунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404 беренесинин 4 пунктуна ылайык жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти дегенди, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин 2-пунктуна ылайык деп, өзгөртүүп берүү жөнүндөгү Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 18.04.2024 жылдын № 1-12/636 кайрылуу катын талкуулап карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVII сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.04.2024 жылдагы № 46/3 токтомунун 1-пунктундагы «404» сѳзү «388» деген сѳзгѳ жана «4п.» сѳзү «2п.» деген сѳзгѳ ѳзгѳртүлүп жазылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасынын орун басары: Н.Мамбетов
|