Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:38 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Апрель » 11 » 46-сессиянын токтмдору
6:00 AM
46-сессиянын токтмдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXXVI сессиясы

 

ТОКТОМ 46/1

 

03.04.2024 жыл                              Көк-Жаңгак шаары                                                       

Сузак райондук статистика бөлүмүнөн келген

келишимди  бекитип берүү жөнүндө

 

          Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын  27.03.2024 жылдын № 1-12/463 кайрылуу катын карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын   VIII чакырылыштагы,  кезектеги  XXXXVI сессиясы токтом кылат:

1.Сузак райондук статистика бөлүмүнөн келген келишими  бекитилип берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын  мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                         З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXXVI сессиясы

 

 ТОКТОМ 46/2

 

03.04.2024 жыл                             Көк-Жаңгак шаары                                                       

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын документтер менен

иштөөнүн жалпы жобосу жөнүндө

 

          Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын  27.03.2024 жылдын № 1-12/466 кайрылуу катынын негизинде шаардык мэриясынын документтер менен иштөөнүн жалпы жобосун карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын   VIII чакырылыштагы,  кезектеги  XXXXVI сессиясы токтом кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын документтер менен иштөөнүн жалпы жобосу бекитилип берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын  мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                 З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXXVI сессиясы

 

 ТОКТОМ 46/3

 

03.04.2024 жыл                              Көк-Жаңгак шаары                                                       

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 404 беренесине 4п. ылайык

жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгынын зоналдык коэффициенттин көтөрүү жөнүндө

 

          Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын  28.03.2024 жылдын № 1-12/47 кайрылуу каты:Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404 беренесине

4п. ылайык жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз  мүлк салыгынын зоналдык коэффициенттин 0,3 дөн 2,0 го чейинки өлчөмдө бекитип берүү   жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын   (VIII чакырылыштагы)  кезектеги  XXXXVI сессиясы токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 404 беренесине 4п. ылайык      жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгынын зоналдык коэффициенттин 0,3 дөн 2,0 го чейинки өлчөмдө бекитилип берилсин.

2024 жылдын 1 январынан баштап бекитилген коэффициент ишке киргизилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын  мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                       З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXXVI сессиясы

 

 ТОКТОМ 46/4

 

03.04.2024 жыл                    Көк-Жаңгак шаары                                                       

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2023 жылдын

бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматы жөнүндө

 

                Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2023 жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматын угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы, кезектеги  XXXXVI сессиясы токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2023 жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                        З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXXVI сессиясы

 

 ТОКТОМ 46/5

 

03.04.2024 жыл                           Көк-Жаңгак шаарынын

 

Көк-Жаңгак шаарынын  мекеме ишканалар

2023 жылы аткарган иштери  жөнүндө

              

             Көк-Жаңгак шаарынын мекеме ишканалар  2023 жылы аткарган иштери боюнча маалыматтарын  угуп, талкуулап  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезектеги  XXXXVI сессиясы токтом кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти 2023 жылы аткарган иштери боюнча жана жалпы шаардын пайдалануудагы жерлерди жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы туралуу жетекчиси И.Абдурасуловдун  маалыматы эске алынсын.

2.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмү 2023 жылы аткарган  иштери боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак  шаардык                                                                             кеңештин төрагасы                     З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXXVI сессиясы

 

 ТОКТОМ 46/6

 

03.04.2024 жыл                           Көк-Жаңгак шаары                                                                         

Көк-Жаңгак шаарынын Октябрдын 40 жылдыгы Бульвары көчөсүндөгү №5 жайгашкан

 0,4275 га жер тилкесин муниципалдык менчике алуу жана спорт комплекс куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

          Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын  02.04.2024 жылдын № 1-12/483 кайрылуу катын карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын   VIII чакырылыштагы, кезектеги  XXXXVI сессиясы токтом кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын Октябрдын 40 жылдыгы Бульвары көчөсүндөгү №5 жайгашкан 0,4275 га жер тилкеси муниципалдык менчике алынсын.

2.Иш кагаздарын тактап муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жагы тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Шаардык муниципалдык менчигинин реестрине киргизилгенден кийин жогоруда аталган 0,4275 га жер тилкесинен 0,10 га жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн берилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын  мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                                     З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXXVI сессиясы

 

ТОКТОМ 46/7

 

03.04.2024 жыл                     Көк-Жаңгак шаары                                                    

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

 

              Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 жылдын          7 февралындагы № 52 токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин штаттык саны боюнча карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын   (VIII чакырылыштагы)  кезектеги  XXXXVI сессиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 жылдын                   7 февралындагы № 52 токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин штаттык саны төмөнкү тизмедегидей  бекитилсин:

- жооптуу катчы;

- катчы-иш кагаздарын жүргүзү;

- айдоочуу.

2.Ар бир кызматкерге кызматтык милдеттери иштелип чыгарылсын 1 айлык мөөнөтө.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                          З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

           

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 43 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Апрель 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0