Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:50 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Апрель » 30 » 46/2 токтомдун 4 пунктан 7 пунктка чейин
8:16 AM
46/2 токтомдун 4 пунктан 7 пунктка чейин

4. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин, анын орун басарлары жана аппарат жетекчисинин өткөрүүчү отурумдардын жана кенешмелердин протоколдорун даярдоо

61. Көк-Жаңгак шаардык  мэриясынын  коллегиясынын отурумунун жана аппараттык кеңешмелеринин протоколдорун  иш кагаздары  бөлүм тариздейт.

62. Оперативдүү маселелерди кароо боюнча мэрдин, анын орун басарлары жана аппарат жетекчи өткөрүүчү кеңешмелердин, ошондой Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын алдындагы комиссиялардын (кеңештердин) жыйындарынын протоколдору тийиштуу бөлүмдөр тарабынан даярдалып, редакцияланып, уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүм аркылуу аткаруучуларга жиберилет.

63. Протоколго кеңешмени, жыйынды өткөргөн адам жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгондон кийин кол коёт. Протоколдор уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмдө катталат, мында кеңешменин өткөрүүнүн датасы, катар номери (аткаруучу бөлүмдүн индексине жараша) көрсөтүлөт жана аткаруучу тарабынан берилген таратуу баракчасына ылайк таркатылат. Протоколдун кол коюлган нускасы жана ага тиешелүү материалдар уюштуруу иштери жана иш кагаздары сакталат

 

 

.

                               5. Документ жүргүзүүнү уюштуруу

64. Көк-Жаңгак шаардык мэриясында документтердин келген же даярдалган учурунан тартып алардын аткарылып, жөнөтүлүп жана көктөөгө жиберилгенге чейинки кыймылы документ жүгүртүүнү түзөт. Документтердин жүргүзүлүшү ыкчам жана максаттуу жөнгө салынууга тийиш. Автоматташтырылган маалыматтык технологияларды пайдаланууда документтерди жүгүртүүнү схемасына компьютердин каражаттардын жана көмөкчү техникалардын жардамы менен аларды иштеп чыгууга бардык пункттары киргизилүүгө тийиш.

65. Документтерди мекемелерге жеткирүү колмо-кол, почта, фельдъегердик кызмат же электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары - ЭДС (Infodocs)) аркылуу жүзөөгө ашырылат. Почта жана фельдъегердик байланыштын жардамы менен кат-кабарлары жөнөкөй жана катталуучу каттар, пакеттер жеткирилет. Электрондук байланыш каналдары боюнча: факсограммалар, телефонограммалар жана электрондук документтер жөнөтүлөт.

66. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын келип түшкөн кагаз түрүндөгү документтерди иштетүү: аларды кабыл алууну, алгачкы иштелип чыгышын, катталышын, алдын ала каралышын, жетекчинин кароосунан өтүүсүн жана резолюция коюлуп аткаруучуларга жиберилүүсүн камтыйт. Ал эми, электрондук түрдөгү документтер ущундай эле тартипте кабыл алынат, катталат, алдын ала кароодон өткөрүлөт, жетекчилик тарабынан каралат жана аткаруучуларга жөнөтүлөт.

 Электрондук түрдөгү документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү, бөлүштүрүлгөн милдеттердин негизинде, ошондой эле колдонуудагы техникалык жана программалык каражаттарды эске алуу менен иш кагаздарын жүргүзүү нускамага ылайык аныкталат.

67. Документтерди Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын ичинде өткөрүп берүү; - тескөөчү документтердин долбоорлору кызыктар бөлүмдөр жана кызмат адамдары менен макулдашылгандан иш кагаздары бөлүмгө берилет, иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмү документтердин таризделишинин тууралыгын көзөмөлдөөнү жүзөөгө ашырат.

68. Аткаруучулардын документтерди аткаруу багытында иштөөсү: зарыл маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгууну, документтин долбоорун даярдоону, аны тариздөөнү, макулдашууну, жетекчинин кол коюусуна (бекитүүсүнө) жиберүүнү жана адресатка жөнөтүү даярдыктарын камтыйт;

 - Аткаруучу документтин нускаларынын зарыл санын аныктайт;

-Төрттөн ашуун дарекке таратылуучу докуодентке аткаруучу таратуу көрсөтмөсүн даярдайт.

                                                               6. Аткарууну контролдоо боюнча                                                                                          негизги жоболор

 

 

 

69. Документтердин аткарылышын контролдоону уюштуруу алардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоого тийиш.

70. Эң маанилүү кириш, чыгыш жана белгилүү бир чечимдерди кабыл алууну, аткарууну жана аларга жооп түзүүнү талап кылган ички документтердин аткарылышы контролдоого алынууга тийиш.

71. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен келген документтер милдеттүү түрдө контролдоого алынат.

72. Мэрдин маанилүү буйруктары, токтомдору жана тапшырмалары да милдетүү түрдө контролдоого алынат.

73. Тапшырмада эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календардык датасы) белгиленет. Эгерде аткаруунун мөөнөтү катары убакыт мезгили белгиленсе, тапшырмага кол коюлган дата эсептелинет.

74. “Өтө шашылыш”, “шашылыш”, “ыкчам. документтер тиешелүү турдө эки, үч жана он |жумушчу күндүн ичинде аткарылууга тийиш.

Эгерде тапшырманын өзүндө же жетекчинин резолюциясында аткаруунун башка мөөнөтү көрсөтүлбөсө, министрликтерден, комитеттерден, административдик ведомстволордон, мекемелерден, башка юридикалык жактардан келген кириш документтер 14 жумуш күндүн ичинде аткарылууга тийиш.

Эгерде объективдүү себептер боюнча тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарууга мүмкн болбогон учурда, Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жетекчилерине себептерин жанапландалган аткаруу датасын көрсөтүү менен мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш киргизет. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бир айга чейин узартылышы мумкун.

75. Документтин аткаруу мөөнөтүн узартуу белгиленген мөөнөтү өткөнгө чейин жүргүзүлөт. (КРӨнүн 03.03.2020-ж. №120 токтому 3-§ 48 пунктуна ылайык).

Тапшырмалардын аткаруу мөөнөттөрүн узартуу жетекчинин көрсөтмөсү боюнча же белгиленген органдардын авторлордун уруксаты менен жүргүзүлөт. Шашылыш тапшырмалардын аткаруу мөөнөтү узартылбайт.

76 Жетекчинин резолюциясында эки же андан көп бөлүмдөр көрсөтүлгөн учурда биринчи бөлүм негизги аткаруучу болот жана ага ишти координациялоо, резолюцияда көрсөтүлгөн башка бөлүмдөргө тапшырма берүү жана маалымат суроо укугу берилет. 77. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары, эгерде актыларда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө бир айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш. Мэрдин буйрук жана токромдорунда тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, алар бир айлык мөөнөттө аткарылууга тиииш. Депутаттардын суроо талаптары катталган күндөн баштап бир айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.

 

 

78. Документ, эгер ал боюнча чечим чыгарылса, зарыл болгон маалымат берилсе, даректелүүчүгө жооп берилсе же аткаруучу бөлүмдөрдүн контролдон алуу жөнүндө жетекчиликтин резолюция менен аткарылгандыгы жөнүндө маалымкаты даярдалса (маалымкатка тийиштүү орун басарлар жана аппарат жетекчиси гана кол коюуга зарыл) аткарылды деп эсептелинет жана контролдон алынат.

79. Документти контролдоого койгон кцзмат адамы гана аны контролдоодон чыгара алат.

80. Аткарылган документ (түп нуска) бардык баштапкы топтолгон материалдары, контролдон алып салуу жөнүндө резолюциясы менен же «Ишке» деген белги менен уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен өткөрүлүп  берилет.

81. иш кагаздары бөлүм ай сайын жогору турган органдардын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.

82. Жума сайын контролдоого алынган жакындап калгандыгы жөнүндө кат жүзүндө эскертмелерди аппараттын жетекчиге берет. актыларын жана аппараттык жыйынга документтердин мөөнөтү

7. Жарандардын кайрылууларын эсепке алуунун (каттоонун), кароонун жана аткарылышын контроддоонун тартиби

83. Жарандардын жеке жана жамааттык кайрылуулары (мындан ары - жарандардын кайрылуулары) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.

84. Жарандардын жазуу жүзүндө келип түшкөн кайрылуулары, электрондук билдирүү түрүндө келип түшкөн же оозеки жеке кайрылуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун натыйжалары иш кагаздары бөлүмдө электрондук документттерди жүгүртүү системасына (мындан ары - ЭДС (Infodocs)) киргизилет.

85. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууга милдеттүү түрдө анын алуучусу же кызмат адамынын аты жөнү же тиешелүү адамдын кызмат орду, ошондой эле арыз ээсинин аты жөнү, байланыш телефону (уюлдук же жумушчу), жашаган дареги, кайрылуунун маңызы камтылууга тийиш.

86. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болушу керек. Зарыл болгон

учурда аларга жарандын жүйөлөрүнүн ырастаган документтер тиркелет.

87. Кайрылуунун биринчи барагын төмөнкү оң жагынан 3.0 калтыруу менен каттоо штампы коюлат, анда кайрылуунун катталган күнү көрсөтүлөт. Коюлган каттоо номери бир эле учурда кириш

жана чыгыш номер болуп эсептелет.

88. Каттоо номери тамга индексинен номеринен турат.

Жеке кайрылууларда автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат,

мисалы; К-45; жамааттык (эки же андан көп автордун колу коюлган) кайрылууларга «Жм» деген тамга белги коюлат, миссалы: Жм-45; жеке кабыл алууну суранган кайрылууларга «ЖК» деген тамга белги коюлат жана

 

 

 

бөлүктөн кийин автордун фамилиясынын биринчи тамгасы коюлат, мисалы:

Ж/А-45.

Жарандардын кайрылуулары Көк-Жаңгак шаардык мэриясына келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш, кундун ичинде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Эгерде кайрылууда коюлган маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдардын же кызмат адамдардын компетенциясына тийиштүү

болсо, кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү мамлекеттик органдарга, Жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарына же тиешелүү кызмат адамдарына жиберилет.

89. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрү, анын ичинде сканерленген

көчүрмөлөрдү, электрондук документтерди, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана видео материалдар) жайгаштырылган

Интернет тармагындагы даректерди тиркөөгө жол берилет.

90. Аты жөнү, жооп жиберилүүчү почталык дареги керсөтүлбөгөн

жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары анонимдүү деп таанылат жана

каралууга жатпайт.

91. Эгерде кайрылуунун тексти окулбай турган болсо, кайрылуунун

мацызын жана жүйөлөрүн билүү, тактоо үчүн арыз ээси (эгерде арыз ээсинин

аты жөнү жана почталык дареги окула турган болсо) чакыртылат. Эгерде

арыз ээси менен байланышуу мүмкүн болбосо, кайрылууну андан ары кароо

токтотулат, бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.

92. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жонундо" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-белугунун 7-пунктуна

ылайык ал боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу чечим кабыл алынат, буга

жарандардын укуктары, эркиндиктери жана  (же) мыйзамдуу

кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтар кайрылууда камтылган учурлар кирбейт.

93. Автор бир жылдын ичинде бир эле маселени козгогон кайталап

берилген кайрылууга биринчи жолу берилген кайрылуунун каттоо номери

коюлат, ал эми каттоо карточкасына "кайталоо" деген белги; эгерде кайрылуу үч жана андан көп жолу келсе - "көп жолу" деген белги коюлат. Кайталанган

кайрылуулардын мазмунун кароо ошол эле автордун мурда келип тушкөн

кайрылуусу боюнча кабыл алынган чараларды жана ага берилген жооптор менен түшүндүрмөлөрдүн маңызын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кайрадан

кайрылуу келип түшкөн учурда ага мурдагы кайрылууларда каралган

материалдар тиркелет.

Жаны далилдер же жаныдан ачылган жагдайлар келтирилбеген,

текшерүүлөрдүн жеткире иштетилген материалдары бар жана жарандарга

белгиленген тартипте жооп берилген жарандардын кайрадан берилген

кайрылуулары каралууга жатпайт, бул тууралуу кайрылуулардын

 

 

 

авторлоруна маалымдалат.

94. Жарандардын кайрылууларын чечимдери же аракеттери

(аракетсиздиги) даттанылган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органына же кызмат адамына кароого жиберилүүгө тыюу салынат.

95. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу келип түшкөн учурдан

тартып бир жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга жана

катталган күндөн баштап 14 жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш.

96. Кайрылууну кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды)

жүргүзүү кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка

чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну кароо мөөнөттөрү

арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) кабарлоо менен узартылышы

мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөнн ашпайт. Бул жөнүндө чечим

резолюциянын автору же аны алмаштырган адам тарабынан кабыл алынат

жана арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет.

97. Жарандардын кайрылууларында коюлган маселелер чечилгенде жана

ал жөнүндө арыз ээсине билдирилгенде, кайрылууну кароо аяктады деп эсептелет.

98. Кайрылууну кароо бир нече түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырылган

учурларда, координациялоону резолюцияда биринчи көрсөтүлгөн аткаруучу

жүзөөгө ашырат. Кароонун жыйынтыгы жөнүндө малымкат да ал тарабынан

даярдалат, ага бардык тен аткаруучулар кол коёт.

99. Зарыл болгон учурда жарандардын арыз даттанууларын кароо

максатында Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын буйругу

менен комиссия/жумушчу топтор түзүлөт.

100. Соттун чечимдерине даттанган жарандардын кайрылууларына ошол

соттун чечимине даттануу тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилет.

101. Эгерде коюлган маселелерге оозеки же жазуу жүзүндөгү жооп

берилген болсо, кайрылуулар каралды деп эсептелет.

102. Кайрылуу резолюциянын автору тарабынан контролдон алынат.

103. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:

- кайрылууну толук же жарым жартылай канааттандыруу жөнүндө;

- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу  жөнүндө;

- коюлган маселелерди чечүү жана табылган бузууларды четтетүү боюнча чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө.

104. Кайрылуунун авторлору түп нуска докум кайра талап кылууга укуктуу, буга кайрылуунун өз кирбейт.

105. Жарандардын каралган кайрылуулары бардык материалдары менен бирге уюштуруу иштери жана иш кагаздары кайтарылып берилүүгө тийиш.

106. Жарандарды кабыл алуу мэр, аппарат

жетекчиси тарабынан мэр бекиткен графикке ыладык жүргүзүлөт.

 

 

 

Жарандарды кабыл алууга жазуу жана  иш кагаздары бөлүм тарабынан камсыз кылынат.

107. Эгерде жаран тарабынан коюлган маселелер  Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын компетенциясына кирбесе, ага тиешелүү

мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби түшүндүрүлүп берилет.

108. Эгерде жарандарды кабыл алууда коюлган маселелерди чечүү

мүмкүн болбосо, жазуу жүзүндөгү кайрылуу кабыл алынат, ал каттоодон

кийин тийиштүү мамлекеттик органдарга кароого жөнөтүлөт.

Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө, эгерде кайрылууда коюлган маселелердин маңызы

боюнча жаранга мурда жооп берилген болсо, кайрылууну мындан ары кароодон баш тартылышы мүмкүнн.

109. Жарандар тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда коюлган маселелерди талдоо жана жалпылоо уштуруу иштери

жана иш кагаздары бөлүм тарабынан жүзөөгө

ашырылат, уюштуруу иштери жана иш кагаздары

мезгил-мезгили менен мэрге кайрылуулардын саны жана мүнөзү

жөнүндө маалымдайт.

110. Календардык жыл аяктаганда кайрылуларды текшерүүлөрдүн бардык материалдары көктөмө болуп түзүлөт жана архивде сакталат, андан кийин Жалал-Абад облусутук мамлекеттик номенклатурасына ылайык өткөрүлүп берилет.

 

Аппарат жетекчи                                                                                   Ж.Ашимов

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 16 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Апрель 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930

Статистика


Онлайн всего: 2
Гостей: 2
Пользователей: 0