БЕКИТИЛДИ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
03.04.2024 жылдагы 46/1 токтому
менен
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
ТИПТУУ КЕЛИШИМ
|
- Келишимдин тараптары
1.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Сузак райондук статистика бөлүмүнүн атынан мындан ары " Статистика органы" деп аталуучу Сузак райондук статистика бөлүмү жөнүндө” Жобонун негизинде бөлүм жетекчиси болуп иштеген Асанов Арстанбек биринчи тараптан жана Сузак районундагы Кок-Жангак шаар мэриясы атынан “Кок-Жангак шаар мэриясы жөнүндөгү” Жобонун негизинде айыл окмот башчысы болуп иштеген Замирбек уулу Сыргак экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
|
|
2. Келишимдин шарттары
|
2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Сузак райондук статистика бөлүмү Кок-Жангак шаар мэриясы оз алдынча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө;
10) Башка статистикалык тармактар боюнча тиешелүү отчетторду өз убагында алып райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнө тапшырып турууга милдетүү.
“Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.
“2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.
|
2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кок-Жангак шаар мэриясы жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.
|
2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнөт.
|
3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери
|
3.1. Сузак райондук статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башкы/жетектөөчү адис-статистигин дайындоого жана бошотууга макулдашуунун жол-жоболорунун жүрүшүн талап кылууга;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;
|
статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарууга милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;
|
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2-формага ылайык материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан отчеттордун формаларын сурап алууга;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген иретте өндүрүп алууга;
|
- №2 тиркемеде берилген статистикалык инструментарийдин жана графиктин тизмегине ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында болгондугун контролдоого;
|
- КРдин Улутстаткому тарабынан бекитилген усулдарга ылайык статистикалык иргеме текшермелерге тиешелүү болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмегин аныктоого;
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берген статистикалык маалыматтардын (себилген аянттар, дүң жыйым жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж.б. жөнүндө) ишенимдүүлүгүн текшерүүнү уюштурууга;
|
- алгачкы статистикалык эсептин абалын жана толуктугун текшерүүгө;
|
- статистикалык маалыматтарды берүүдө мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, алар ишенимдүү эмес болсо, статистикалык байкоонун субъекттери толук эмес камтылса, статистикалык маалыматтар берилбесе, өзүнүн милдеттерин аткарбаса ж.б.у.с. учурларда “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине”, ушул Келишимге ылайык чараларды көрүүгө;
|
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
|
3.2. Сузак райондук статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өзүн башкаруунун аткаруу органдарына берүү менен төмөнкүлөргө милдеттүү:
|
- статистикалык маалыматтарды киргизүү үчүн электрондук программалар менен камсыз кылууга, программалык камсыздоо иштерине жөндөмүн жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган статистикалык инструментарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды зарылдыкка жараша өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн башкы/жетектөөчү адис-статистиктин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.
|
4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери
|
4.1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Кок-Жангак шаар мэриясы төмөнкүлөргө укуктуу:
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган статистикалык инструментарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, кенеш берүү жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
|
- Сузак райондук статистика бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;
|
- ушул Келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди” мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
|
4.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Кок-Жангак шаар мэриясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
|
-Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бул келишимге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчёттуулуктун формаларынын табелине жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;
|
- Сузак райондук статистика бөлүмүнүн макулдашуусу боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн башкы/жетектөөчү адис-статистикти кабыл алууга жана дайындоого;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статистиктин кызматтык милдеттерин иштеп чыгууга;
|
- башкы/жетектөөчү адис-статистикти жумуш оруну: иш бөлмө, жеке компьютер, жумуш эмереги, телефон жана канцтовар менен камсыз кылууга;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого;
|
- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик статистика органы тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башкы/жетектөөчү адис-статистиктин катышуусун камсыздоого;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик статистика органдарынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;
|
- квартал сайын КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-ж. 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчёт берүүгө;
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага бөлүнгөн, пайдаланылбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарууга.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчылары ар бир айдын 5-күнү башкы/жетектөөчү адис-статистиктин эмгек акысына ( социалдык фондко чегерүү суммасын көрсөтүү менен), унаа, байланыш кызматтарынын, иш сапар чыгымдарына жана канцелярдык-чарбалык товарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарына төлөнүүчү финансылык каражаттарга буюртманы (заявканы) өз убагында жана толук көлөмдө мамлекеттик статистика органына берип турууга.
|
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статистиги
|
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статистиги райондук, шаардык бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик статистика органынын башкармалыктарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат;
|
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статистиги өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
|
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча ушул Келишимдин 2-Тиркемесине ылайык иш алып барат.
Келишимдин 2-Тиркемесинде төмөнкүлөр каралган:
- мал чарбачылыгынын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукциясынын өндүрүшүн тандап алып текшерүүгө;
- статистикалык иштердин программасында көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөтөрдө статистикалык отчеттуулукту түзүү үчүн эсептерди жүргүзүүгө;
5.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статисти берилген статистикалык отчеттулуктун ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат (2-Тиркеме).
5.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышына тийиштүү ар кандай статистикалык текшерүүлөргө катышат.
|
5.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу башкы/жетектөөчү адис-статисти төмөнкүлөргө милдеттүү:
|
|
- “Айыл чарбасынын статистикалык отчёттуулугу” программалык камсыздоо маалымдамасында каралган чарба жүргүзүүчү субъекттердин каталогуна ылайык, белгиленген мөөнөтүнө ылайык өз убагында жана сапаттуу статистикалык маалыматтарды жыйноону, тандап алып текшерүүлөрдү камсыздоого;
|
- №2 тиркемеде көрсөтүлгөн “Статистикалык отчёттуулуктун формасынын табелинде” бекитилген формалар боюнча программалык камсыздоого статистикалык маалыматтарды киргизүүнү ишке ашырууга;
|
- көрсөтмөлөргө же аларды толтуруу боюнча нускамаларга ылайык мамлекеттик статистикалык отчёттуулуктун формаларын толтуруу үчүн алгачкы эсепти киргизүү тартибин сактоону камсыздоого;
|
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жүктөлгөн милдеттерге ылайык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти тартууга;
|
- маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча иштерге катышууга, жыйынтыкталган маалыматтар базасынын (т.а. ар бир үй чарбасы боюнча) талдоосун жүргүзүүгө жана айыл чарбасы боюнча алынган натыйжаларды учурдагы статистика менен салыштырууга;
|
6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
|
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджетине берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
|
6.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
|
Ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет (1-тиркеме).
|
6.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
|
6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
|