Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
( VIII чакырылыштагы ) кезексиз XXXХV сессиясы
ТОКТОМ 45/1
20.03.2024-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары угуп карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХV сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык аймагынын шаардык Кеңеши төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:
Мекеменин толук фирмалык аталышы
- Мамлекеттик тилде “ Көк-Жаңгак шаардык кеңеши”;
- Расмий тилде “ Кок-Жангакский городской кенеш”
2.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин жобосу бекитилсин.
(Жобо 3 баракта тиркелет)
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында кайра каттоо жагы мекеменин жооптуу катчысы У.Карабаевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : З. Байдавлетов
БЕКИТИЛДИ
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин 20.03.2024ж.
№ 45/1 токтому менен
Көк-Жаңгак шаардык кенештин убактылуу жобосу
1. Жалпы жоболор
- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ушул Убактылуу жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардык кеңештин ишин жөнгө салат.
- Көк-Жаңгак шаардык кеңеш өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде 21 шаардык кеңештин депутаттарынан турган жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
- Көк-Жаңгак шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде “Көк-Жангак шаардык кеңеши”;
- расмий тилде «Кок-Жангакский городской кенеш».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-абад облусу, Сузак району, Көк-Жаңгак шаары 40-лет Октября көчөсү, №4.
- Көк-Жаңгак шаардык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
- Көк-Жаңгак шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби
жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле шаардык кеңештин регламенти менен аныкталат.
- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин компетенциясы, шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде шаардык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы
№24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Көк-Жангак шаардык кеңештин чечимдери
- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
- Көк-Жаңгак шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Көк-Жангак шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Көк-Жангак шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Көк-Жангак шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Көк-Жангак шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. КөкЖаңгак шаардык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12.Көк-Жангак шаардык кеңештин мүлкүнө келтирилген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар шаардык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13.Көк-Жангак шаардык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5.Корутунду жоболор
14.Көк-Жангак шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Көк-Жангак шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктун жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.Шаардык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|