Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:54 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Март » 24 » 42/2-42/4-токтомдору
10:12 AM
42/2-42/4-токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХII  сессиясы

 

ТОКТОМ 42/2

19.03.2021-жыл               Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын 2020-жылдын 12 айында 

жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө 

 

Көк-Жаңгак шаарынын жергиликүү бюджетинин 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын сектор башчысы К.Маткаримовдун отчетун  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап, (VII чакырылыштагы)  кезектеги ХХХХII  сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын сектор башчысы К.Маткаримовдун отчету  кабыл алынсын. 

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык 

кеңештин төрагасы:                                                                   Б.Маткаримов

 

 

 

     Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХII сессиясы

 ТОКТОМ 42/3

19.03.2021-жыл                                                                   Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме, ишканалар

2020-жылы аткарган иштери боюнча 

маалыматтарын угуу жөнүндө 

 

               Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы мекеме, ишканалар 2020-жылы аткарган иштери боюнча жетекчилердин маалыматтарын угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги  ХХХХII сессиясы 

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмү 2019-2020 окуу жылында аткарылган иштери боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.

2.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти 2020-жылы жасаган иштери боюнча  жетекчиси И.Абдурасуловдун  маалыматы эске алынсын.

3.Көк-Жаңгак шаарынын «Шар-Булак» ишканасы 2020-жылы жасаган иштери боюнча жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматы эске  алынсын.

4.Көк-Жаңгак шаарынын маданият бөлүмү 2020-жылы жасаган иштери боюнча жетекчиси А.Кунанбаевдин маалыматы эске алынсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык 

кеңештин төрагасы:                                                                   Б.Маткаримов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХII сессиясы

ТОКТОМ 42/4

19.03.2021-жыл               Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик 

департаментинин  15.02.2021-жылдагы

 № 1-15  кайрылуу  каты жөнүндө 

             Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде Шахтерская көчөсүндөгу номери жок мурдагы тигүү фабрикасынын арт жагындагы 0,055га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчикке өткөзүп берүү  жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХХII сессиясы 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы  Шахтерская көчөсүндөгу номери жок мурдагы тигүү фабрикасынын арт жагындагы 0,055га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин. 

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, шаардык муниципалдык  менчигинин реестрине киргизүү жагы КМДнин башкы адиси, муниципалдык бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                                            кеңештин төрагасы:                                                                   Б.Маткаримов  

Просмотров: 122 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Март 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0