Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:00 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Март » 24 » 42/1-токтом
10:03 AM
42/1-токтом

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 VII чакырылыштагы  кезектеги  ХХХХII сессиясы

ТОКТОМ 42/1 

19.03.2021-жыл                                             Көк-Жаңгак шаары 

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун                                                    2020-жылы  аткарган иштери боюнча                                                          отчетун угуу жөнүндө

       Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 2020-жылы аткарган иштери боюнча  отчетун  угуп, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VII чакырылыштагы  кезектеги  ХХХХII сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун  2020-жылы аткарган иштери боюнча  отчету канаттандырарлык деп  табылсын.

   (Отчет тиркелет).

2.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэрине жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.

3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу  шаардын мэрине милдеттендирилсин.

4.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин туура багытта  пайдалануу боюнча 2021-жылга иш-пландар  иштеп чыгарылып, кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэрине милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика  жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2020-жылдын

12-ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштер боюнча маалыматы

 

Жергиликтүү салыктар боюнча

2020-жылдын 12 айында Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 9328,2 мин сом план чегерилип , жеткирилген тапшырма 10050,9 мин сомго аткарылып, пландан ашыкча 722,7 мин сом көп түштү, 107,7%га аткарылды.

Атап айтканда салыктардын түрлөрү боюнч

- Салык органдары тарабынан алынуучу киреше салыгы план, 6040,0 миң сом, аткарылды 6389,7 миң сом, же болбосо 105,8% түздү.

-Милдеттүү патент  салыгы план тапшырма 14,0 миң сом болсо аткарылды 19,8 мин сом, же болбосо 141,4%-га аткарылды.

-Ыктыярдуу патент салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 630,0мин сом болсо, аткарылганы 746,8 миң сом, 118,5%-га аткарылды.

-Сатуудан алынган салык боюнча бекитилген план-тапшырма 65,0мин сом болсо, аткарылганы 47,1 мин сомго, же болбосо 72,5%

-Роялти салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 8,0мин сом болсо, аткарылганы 9,0 мин сом, же болбосо 112,5% тузду.

-Жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгы 2-группа боюнча бекитилген план-тапшырма 67,0 мин сом болсо,  77,3 мин сомго аткарылды,  ашыкча 10,3 мин сомго көп түшкөн, 115,4% түздү.

-Кыймылдуу мүлк (транспорт) салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 920,0 мин сом болсо, аткарылганы 853,3 мин сом, 92,8%-га аткарылды.

-Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-тапшырма 50,0 мин сом болсо, аткарылганы 50,1мин  сом, 100,2%-га аткарылды.

-Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план-тапшырма115,0мин сом болсо, аткарылганы 243,6 мин сом, 211,8% аткарылды.

-Там арка жер салыгы бекитилген план-тапшырма 660,0мин сом болсо, аткарылганы 665,9 мин сом, ашыкча 5,9 мин сомго көп түшкөн,100,9%-га аткарылды.

-Жер ижарасынан түшкөн төлөм боюнча бекитилген план-тапшырма 445,0 мин сомболсо, аткарылганы 587,8 мин сомболду ,132,1% түздү.

-Имараттардын жана башка курулуштардын ижарасынан түшкөн төлөм бекитилген план-тапшырма 102,0 мин сом болсо, аткарылганы 107,4 мин сом болуп,105,3% түздү.

-Кайра бөлүштүрүү фонду план тапшырма 42,2 мин сом, аткарылды 43,6 мин сомго, же болбосо103,3% түздү;

-Жаратылыш байлыктарын колдонгондугу үчүн түшкөн төлөм план 102,0 мин сом, аткарылды 107,4 миң сомго, же болбосо 105,3% түздү;

 

Статистика жана экономика   боюнча

аткарылган иштер

 

        Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо боюнча башкармасынын 2020-жылдын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,109-беренесине ылайык отчет №22 жана №22-а “жер балансы” өз убактысында Сузака тапшырылды. Жер балансы 1581 га түзөт.Анын ичинен 57 га сугат, 111 га кайракы.Дыйкан чарбаларда 459 га жер аянты бар.Анын ичинен 247га сугат,210 га кайракы, чөп орок 18 га, бак дарак 60 га. Тамаркада 349 га жер аянты бар.2020-жылы түшүм үчүн эгилген айыл-чарба продукциялары толук жыйналды. Шаарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2020-жылдын түшүмү үчүн 70 га жүгөрү, жашылча 143 гектар, картошка 38 га, май өсүмдүктөрү 60 га эгилди.

      2020-жылда январь-декабрь айында өнөр жай продукциянын көлөмү 19804,3 миң сом түздү. Салыштырмалуу баада 2019-жылдын январь-декабрь айларына карата 296,1 миң сом аз аткарылып, өсүү темпи 98,5% түздү. Элге кызмат кылуу боюнча 22327,6 миң сом аткарылып 2019-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 18617,4 миң сомго аз аткарылып өсүү темпи 54,5% түздү.

     Чекене соода боюнча көлөмү 104976 миң сомго аткарылып, 2019-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 30974 миң сом аз аткарылып өсүү темпи 77,2% түздү. Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу  өнөр жай продукциялары, элге кызмат кылуу жана чекене соода  шаар аймагында үзгүлтүккө учурады.

      Айыл чарба боюнча: эт 359 тонна өндүрүлдү 2019-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 1 тоннага көп аткарылып өсүү темпи 100,3 % түздү. Сүт 2117 тонна аткарылып  өсүү темпи 100,2% түздү. Жумуртка 399 даанага көбөйүп өсүү темпи 101,3% түздү.

       Мал каттоо боюнча отчет №6 форма өз убагында Сузак райондук мамлекеттик администрацияга тапшырылды: ири мүйүздүү мал 2257 башка жетти.2019-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 48 башка көбөйүп өсүү темпи 102,2% түздү. Койлор, эчкилер 5066 баш каталып 2019-жылдын январь-декабрь айына карата 123 баш көбөйүп өсүү темпи 102,5% түздү. Жылкылар 154 баш каталып өсүү 102,7 % түздү.Үй канаттуулар 5607 баш болуп каталып 2019-жылга январь-декабрь айларына карата 33 башка көбөйүп өсүү темпи 100,6% түздү.

Коммуналдык чарба боюнча аткарылган иштер

 

-Көк-Жаңгак шаарындагы коммуналдык менчик департаменти тарабынан  700 тонна  таштанды чыгарылып, жергиликтүү бюджеттен 30.0 мин сом акча каражаты бөлүнүп  берилди.

        -5000-м. Сел өтүүчү канал жана шаар ичиндеги арыктар тазаланып,10 000 сом акча каражаты сарпталды.

700 м. аралык жолго коммуналдык менчик департаменти тарабынан  жамоо иштери  аткарылды.

      -жыл ичинде кароосуз жүргөн иттерди атууга жергиликтүү бюджеттен 50,0 сом бөлүнүп,  224- ит   атылды.

 

2020-жылы  Көк-Жаңгак шаарына инвестиция тартуу боюнча аткарган иштери.

 

1. Борбор  кварталындагы  Октябрдын 40-жылдык бульвары  көчөсүнө 300метр аралыкка асфальт төшөө иштерине түрткү берүүчү грант арылуу    2 745,9  миң сом акча каражаты сарпталып, жумуш аягына чыкты

2.Черемушка  кварталындагы Пржевальский көчөсүнө 1200 метр аралыкка асфальт төшөө иштерине   КР Транспорт министрлиги тарабынан 5148,2 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жумуш аягына чыкты.

3. Шаардагы №6 М.В. Ломоносов  орто мектебинин от казандарын алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 433,0 миң сом акча каражаты каралып, от казандары толугу менен алмаштырылды.

 4.Шаардагы №2 А.С. Макаренко атындагы  мектебине жергиликтүү  бюджеттен 113.250 миң сом акча каражаты бөлүнүп  кабель сатып алынды.

5. Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балдар бөлүмүнө жылытуу системасын оңдоого жана жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 400.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жылытуу системасын оңдоо иштери жүргүзүлдү.

6.Пионер көчөсүндөгү жаңы төшөлгөн асфальтты сактап калуу максатында Жергиликтүү бюджеттен 50.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, бекемдөө иштери жүргүзүлдү.

 7.Жергиликтүү бюджеттен 174,0  миң сом акча каражаты бөлүнүп, шаар ичиндеги аялдамаларга оңдоп түзөө, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

 8.Жергиликтүү бюджеттен 63,0 миң сом акча каражаты каралып, шаар ичиндеги автоунаа жолдоруна жамоо иштери жүргүзүлдү.

9.Борбордук эс алуу парктын ичин жана Садовый көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 66,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө керектелүүчү материалдар сатылып алынып, мамычалар орнотулду.

10.40-кварталындагы жөө адам өтүүчү асма көпүрөнү оңдоп түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 60,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жумуш толугу менен аягына чыкты.

11. Шаар ичиндеги түнкү жарыктандыруу үчүн орнотулган лампаларды алмаштырууга жергиликтүү бюджеттен 30,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жараксыз лампалар алмаштырылды. 

12.Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 220 0000 сом акча каражаты бөлүнүп, Эски Көк-Жаңгак кварталынан  шаардагы ооруканага  чейинки 3км.аралыкка суу түтүкчөлөрүн  тартып келүү үчүн берилди.

13.Жеке ишкер Э.Сарбашев тарабынан 200.0 миң сом акча каражаты берилип, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жана тез жардам бөлүмүнө таза суу чыгаруу үчүн, түтүкчөлөрүн алмаштырууга, канализация түтүкчөлөрүн жаңылоого жана септиктерди жасоого, жылыткычтарды орнотууга жумшалды.

14.Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2 661 400 сом каралып, жугуштуу оорулар бөлүмүнө даярдалган имаратты оңдоо түзөө иштерине жумшалды. 

15.Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 150.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, оорукананын имаратынын ички суу түтүкчөлөрү, унитаз, суу жылыткычтары жана 2 септик курууга жумшалды.

16.ХРУ “Шар-Булак” ишканасына жергиликтүү бюджеттен 68.0миң сом акча каражаты бөлүнүп, кошумча булактан суу тартып келүү үчүн жумшалды.

 

Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча

маалымат

1.Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан 2000 даана бет бөлүнүп, шаардагы нөөмөттө  турган кызматкерлерге таркатылып берилди.

2. Жалал-Абад областтык ӨК бөлүмү тарабынан 200кг. порошковый  жана 120кг. жидкий хлор бөлүнүп, шаар ичиндеги жолдорго жана мекеме ишканалардын имараттарына, дүкөндөргө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү .

3. Шаардын 40-кварталындагы 1200м. аралыктагы сел арык демөөрчүлөр тарабынан 50,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, арыктар  толугу менен тазаланды.

 

Жерге жайгаштыруу боюнча аткарылган

иштер боюнча маалымат

 

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүндө жайгашкан 1,5 га жер тилкесине, ОсОО “ТНК-АРХ” тарабынан түзүлгөн генералдык планга ылайык  үй курууга кезекте турган 15 жаранга турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү үчүн башкы планы түзүлдү.

                       Социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу

 

       2020- жылдын башынан тартып Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан экономикалык-социалдык өнүгүү тармактарында, жалпы элибиздин социалдык жактан камсыздоо, турмуш денгээлин жакшыртуу жана жакырчылыкты жоюу багыттарында бир топ уюштуруучулук иштерди алып барды.

       01.01.2020 жылга карата жалпы кожолуктун саны 2350 түзүп, калктын саны-11966 адамды түзөт. Өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 26 же 1,10% түзөт. Бардыгы жакыр үй- бүлөлөрдүн саны -356, же 15,51% түзөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген жөлөк пул алуучулар 12 айга 310 үй-бүлөдө 931 баланы түзүп, 8224,68м.с. төлөндү. Социалдык жөлөк пул алуучулар 176 адамды түзуп,   616,87 м.с. төлөндү. Компенсация алгандар 70 адамга 199,2 м.с. түздү.

     Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата 5 адамга ЖБ 10,000 м.с. каражаты бөлүндү. Анын ичинде Сузак районунда уюштурулган сый тамакка 5,0 м.с. жана акчалай түрүндө 5,0 м.с.

Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында ДМЧА 1-2 топтогу майып ,тоголок жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөөдөгү балдарга 10 адамга бюджеттен бөлүнгөн 10 000 м.с. азык-түлүк продуктылары берилди. Ар бир адамга 1000 сомдон туура келди.

     Чернобыль апаатынын 3 катышуучусуна 6,0 м.с. ЖБ бөлүнүп берилди.

Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөдө ЖБ 34,5 м.с. бөлүнүп, 70 Баатыр энелерге баалуу белектер тапшырылды.

      Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 75 жылдыгына карата  4 адамга материалдык жардам көрсөтүлүп, ар бирине 8000 м.с. акчалай жардам берилди.

      Балдарды коргоо күнүндө 50 жетим, жарым жетим , майып балдарга 20,0 м.с. акчалайтаркатылды.

       Карылар күнүнө карата жергиликтүү  бюджеттен 48,5 м.с. бөлүндү. Бул акча каражаты акчалай таркатылды жана кээ бирлерине азык-түлүк продуктылары алынып берилди.

     Майыптар күнүнө карата 47,5 м.с. жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, акчалай берилди. Кышка карата отун көмүр менен камсыз кылуу үчүн 1-2-топтогу майыптарга 30,0м.с акча 2000 м.с 15 адамга акчалай берилди.

2020-жыл  жаңы жылдык балаты  майрамына  карата  30,0 м.с. акча каражаты бөлүнүп, 60тоголок жана жарты жетимдерге материалдык жардам берилди.

 

     Кыргызстандагы  Кызыл Жарым Ай коому аркылуу жетим, жарым жетим, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 20адамга банк аркылуу ар бирине 3100сомдон  акча каражаты берилип,  10 жакыр үй-бүлөгө сүт азыктары  берилди. Ошондой эле 54 үй-бүлөгө 100S (доллар)   берилди. 

 

             Спорт

 

       Көк-Жаңгак шаардык мэриясы  2020-жылга карата төмөндөгүлөр аткарылды.

        Шаарда ДЮСШ-1 жана ДЮСШ -2 иштеп, өспүрүмдөр бокс, футбол, грек-рим күрөшү менен машыгышат.

ДЮСШ-1 (Ермекбаев М. У.)  футбол жана грек-рим күрөшү боюнча ийримдер иштеп жатат. Бүгүнкү күндө спорт мектепте 16 кызматкер иштеп жатат. 1.Грек-рим күрөштөн 6 тренер, 2. Футбол боюнча 4 тренер, жалпы 10 машыктыруучу, спорттун 2 түрү менен иштеп жатышат.

23-25.02.2020-жылы Сулукту шаарында  грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде катышып, 33 кг салмакта 1-орун Кимсанов Нуржигит, 36 кг салмакта 2-орун Калбаев Кутман, 27 кг салмакта 3-орун Таирбеков Элдос, 25 кг салмакта 3-орун Анасов Эржан ээлешти. 

15-16.12.2020-жылында Жалал-Абад облустунун биринчилигинде  39кг салмакта 1-орунду албаев Кутман, 39 кг 2-орун Эргешов Азамат, 36 кг 3-орунду Тариэлов Айдар ээлешсе, ал эми 23-25-декабрь айында 2020-жылында Талас шаарында Кыргыз Республикасынын биринчилиги 2007-2010-жылдар арасында мелдеш өтүп, 39 кг салмакта 1-орунду Калбаев Кутман багындырды.

 

                                    Саламаттыкты сактоо тармагы.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030 жылга  “Дени сак адам бакубат мамлекет” программасын аткаруу максатында   Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөндөгүлөрдү аткарды.

        Көк-Жаңгак шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун “Дени сак адам бакубат мамлекет” программасын аткаруу боюнча иш-чарасы иштелип чыгып, кабыл алынган жана 2020-жылга карата төмөндөгүлөрдү ишке ашырылды. Диспансердик учетто жүрөк канн тамыры оорулары менен 571 жаран каттоого алынган. Жогорку канн басымы менен учетко алынгандар-510, алардын ичинен өтө оору-100 жаран. 18 жаштан жогорку курактагы артериалдык канн басымы текшерилгендердин саны -7652. Биринчи жолу жогорку артериалдык кан басымы аныкталгандарын саны-47 жаран. Инсульт болгондор-5 жаран. Жогорку канн басымы менен госпитализация болгондор-28 жаран. ЭКГ-1153 адам өткөрүлдү. Клиникалык эффектке жеткен өтө жогору кан басымы 33 жаранда аныкталды. ОМСтен жогору канн басымы учурунда 2022 дары-дармек жазылды, ЖДА 14 жашка чейин 45 рецепт жазылды.

Эненин жана ымыркайдын ден-соолугу боюнча. 236 кош бойлуу аялдар учетко алынган. Йодид-калий препаратын алып жаткан кош бойлуу аялдардын саны-236, фолиевая кислотаныалып жаткандар-236 ,канында темирзаты аз кош бойлуу аялдардын саны-98 түзөт. Ошондой эле, 236 аял фолиевая кислотаны алып, бүгүнкү күндө ден-соолугун оңдошту.  Учетто турган 3 кош бойлуу аялдын канн басымы жогору. ВИЧ илдетин аныктоого 236 кош бойлуу аялдан ананализге алынды. 657 аялга бойго бүтүрбөөчү контрацептивдер коюлду. 2020-жылы 192 бала төрөлдү, шаарда эненин жана баланын өлүмү каталган жок. Балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча.  Шаарда жалпы 14 жашка чейинки балдардын саны 3771 түзөт.  Анын ичинде, 1 жашка чейинкилер-212  баланы түзөт. Эмчек сүтү менен гана багылып жаткан балдардын саны-212. Түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмделген балдардын саны 1 жашка чейинкилер-219 түзсө, 1 жаштагылар- 204 түзөт. Анемия менен ооруган 14 жашка чейинки балдардын саны- 41 түзөт. Балдардын өлүмү 1. 5 жашка чейинки балдардын стационарда дарыланганы-472 баланы түзсө, алардын ичинен пневмония-196, ОРИ-36, диарея- 36, тубаса майыптыгы бар-8 бала. Кургак учук боюнча.  Жаңы төрөлгөн 192 баланын ичинен, 192 ымыркайга БЦЖ жасалды. Шаарда кургак учук илдетине кабылгандардын саны -9жаранды түзөт, жаңы аныкталгандардын саны-4 жаран. Өпкөдөгү кургак учук- 4, өпкөдөн  башка органдарда-0.  Алардын ичинен БК+ 2 жаран. Флюорографиядан өткөндөрдүн саны- 237 адам Кургак учуктун өтүп кеткен формасы катталган жок жана  кургак учуктан өлгөн жарандагы жок. ВИЧ- инфекция боюнча. ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча 28-ҮДТ дарыгерлери тарабынан 8 жолу лекция окулду, 115 жолу баарлашуу болуп өттү. Шаарда ВИЧ илдетине кабылган жарандардын саны-4, ВИЧ илдетине кабылган 2 жаран    Көк-Жаңгак шаарында жашабайт. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030 жылга  “Дени сак адам бакубат мамлекет” программасын  турмушка ашыруу дайыма көзөмөлдө турат.

 

Шаардык билим берүү бөлүмү боюнча маалымат.

 

Жалпы билим берүүчү мектептердин инфраструктурасы боюнча: шаарда 5 мектеп, 

5 балдар бакчасы, 1 балдардын чыгармачылык борбору бар. Имараттары типтүү.

 

Кадр маселеси:

-  Мугалимдер 127: алардын ичинен эркектер-22, аялдар-105; жогорку- 104, 

бүтпөгөн жогорку- 2, атайын орто- 21, орто-0.

- пенсионерлер- 40адам;

- Эл агартуунунотличниги- 39 адам;

- Жашадистер- 19адам;

- Жетишпеген кадрлар-2

- Балдарчыгармачылыкборборунда 18 ийрим бар, 510окуучуокушат;

 

Жетишпегенпедкадрлар:орустилдүү мектеп үчүн химия, биология, мугалими. Кыргыз тилдүү мектептер үчүн музыка мугалимдери.

 

Балдар бакчалары боюнча:

-Балдар бакчалары- 5, тарбиячылар- 18: жогорку билимдүүлөр- 10, бүтпөгөн жогорку- 0, 

Атайын орто- 5, орто-3. Тарбиялануучулар- 515 бала;

 

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 2020-жылында 

Жалал-Абад шаарындагы методикалык борбордон жана РИПКдан  32  мугалим, анын ичинен 3 тарбиячы, балдар чыгармачылык борборунан 2 ийрим жетекчиси  Бишкек шаарынын республикалык балдар инженердик-техникалык академиясына өз билимин өркүндөтүү курстарынан  өтүштү.

 

Окуучуларга анализ жүргүзгөндө тоголок жетимдер- 2,мүмкүнчүлүгү чектелгендер 21 (анын ичинен 4 бала үйдө окуйт), жарым жетимдер-64, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн

балдары - 110, мигранттардын балдары- 541 окуучу.

 

 

 

Билим сапаты

 

2019-2020 окуу жылында 84 класс комплект менен жыл аягында 2112 окуучу окуду. 

4-чейрек ичинде 337 «отличник», 509 «ударник», билим сапаты 48,7% түздү. 

3-чейрек ичинде  жалпы 2111 окуучу окуду. 309 «отличник», 502 «ударник», 

билим сапаты 46,7% түздү.

 

2-чейрек ичинде  жалпы 2128 окуучу окуду. 259 «отличник», 453 «ударник», 

билим сапаты 47,1% түздү.

1-чейрек ичинде  жалпы 2151 окуучу окуду. 236 «отличник», 450 «ударник»,

 билим сапаты 43,2% түздү.

 

     Шаардык олимпиада 10 предмет боюнча өттү. Шаардагы олимпиаданын 1-туруна мектептердин 9-10-11 класстардын окуучуларынын арасынан 117 окуучу катышты. 

2020-жылдын февраль айында өтүүчү областтык олимпиадага 19 окуучу жолдомо алышты. Алардын арасынан 1 окуучу областтык олимпиададан 2-орунга ээ болуп, республикалык олимпиадага жолдомо алып, республикалык олимпиададан 2-орунга ээ болду.

 

 

Шашке тамак

 

      Шаардагы 5 мектептин ичинен 3 мектепке Мерсико уюму жана ата-энелердин демөөрчүлү менен№2 А. С. Макаренко инновациялык мектеп-гимназиясы, №4 Ю. А. Гагарин жана №6 М. В. Ломоносов атындагы жалпы билимберүүчү орто мектептеринде 2018- жылдын октябрь айынан тартып 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамак берилип жатат. Ал эми №1 М.В.Фрунзе жана №3 Т.Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү  орто мектептеринде менюнун негизинде шашке чай берилүүдө.

 

 

 

Маданият тармагы боюнча

 

       Ооган согушунун 31 жылдык маарекесине карата борборлоштурулган китепканада сый тамак уюштурулуп, салтанаттуу азем жана майрамдык концерт уюштурулду.

Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Мырза жигит-жоо бетинде” аттуу кароо сынак мектеп окуучулар арасында даярдалып, №2 А.С.Макаренко атындагы мектеп гимназиясында өткөрүлдү. Аялдардын эл аралык күнүнө карата   «Аялзат жакшы-эр жакшы»- аттуу майрамы 6-мартта №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин залында уюштурулуп өткөрүлдү.

    Жаңы жылдык бал маскарады мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Коронавирус илдетинде кызмат кылган мед айымдар врачтарга арнап өткөрүлдү.

 

 

 

Көк-Жаңгак  шаарынын мэри:              У.Исмаилов

Просмотров: 154 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Март 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

Статистика


Онлайн всего: 8
Гостей: 8
Пользователей: 0