Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXХI-ссиясы
ТОКТОМ 41/1
06.12.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
«Көк-Жаңгак шаарындагы Строительная жана Школьная
көчөлөрүнө Чубак ажы Жалиловдун атына кою жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 41.12.2023-жылдагы №1-12/1713 кайрылуу катынын жана «Зона» кварталынын 04.12.2023-жылдагы жыйынынын протоколунун негизинде шаардагы «Зона» кварталында жайгашкан Строительная жана Школьная көчөлөрүнө Чубак ажы Жалиловдун атына коюп берүү жөнүндө карап чыгып Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХI- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы «Зона» кварталында жайгашкан Строительная жана Школьная көчөлөрүнүн Чубак ажы Жалилов атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXХI-ссиясы
ТОКТОМ 41/2
06.12.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
«Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №1-12/1741 05.12.2023 жылдагы
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 05.12.2023 жылдагы № 1-12/1741 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 05.12.2023-жылдагы № 8 протоколунун негизинде жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн 2137,0 (Эки миллион бир жүз отуз жети миң ) сом акча каражатын шаардык кенештин 31.10.2023-жылдагы № 38/2 токтомго тактоо киргизип, мекеме ишканалардын кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХI - cессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 31.10.2023-жылдагы № 38/2 токтомго тактоо киргизилип, жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен (максаттуу трансферт) түшкөн 637,0 миң сом акча каражатын бөлүнүп берилсин, анын ичинен:
1.1. Шаардык мэрияга жалпысынан 90,0 (Токсон миң) сом каралсын, анын ичинен:
- канцеляриялык товар алууга -15,0 миң сом;
- кызмат сапар чыгымдарына - 25,0 миң сом;
- муниципалдык имараттарды камсыздандырууга -50,0 миң сом.
1.2. Шаардык кеңешке жапысынан 10,0 (Он миң) сом анын ичинен:
- идиш аяк сатып алууга - 10,0 миң сом.
1.3. Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 270,0 ( Эки жүз жетимиш миң) сом каралсын, анын ичинен:
- шаардагы лотокторду орнотууга (И.Разаков, Култай жана Т.Мамытов көчөлөрүнө) -250,0 миң сом;
- жолбун иттерди атууга -20,0 миң сом.
1.4. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 267,0 (Эки жүз алтымыш жети миң ) сом каралсын, анын ичинен:
- № 6 орто мектептин от казандарына тетик сатып алуу үчүн - 10,0 миң сом;
- №3 орто мектептин ашканасына эмерек сатып алуу үчүн - 60,0 миң сом;
- ШББ бөлүмүнүн имаратынын жараксыз болгон трубаларын оңдоо жана тэн сатып алуу үчүн - 45,0 миң сом;;
- балдар чыгармачылык борборундагы моторлорду оңдоо иштерине- 20,0 миң сом;
- балдар бакчаларына ковролин сатып алууга - 122,0 миң сом;
- билим берүүгө канцеляриялык товар сатып алууга - 10,0 миң сом.
1.5. Максаттуу трансферттин үнөмдөлгөн каражаттарын толук өздөштүрүү максатында, мекемелер корголгон беренелерди каржылоого жумшасын.
Шаардык мэриянын атайын эсеб-счетуна демөрчүлөр тарабынан түшкөн 1500,0 миң сом максаттуу иштетүү үчүн төмөндөгүчө болүнүп берилсин:
- №7 балдар бакчасынын оңдоп түзөө иштерине - 1000,0 миң сом (сметалар тиркелет)
- мэрияга: Мөл булак банкка жана ГОМго тосмолорду орнотуу - 150,0 миң сом;
- КМД автоунасынын моторун оңдоого жана дөнгөлөк сатып алууга - 30,0 миң сом;
- интернетине төлөм - 50,0 миң сом;
- маданият үйүнө камераларды орнотуу үчүн - 30,0 мин сом;
- маданият үйүнөн таштандыларды чыгаруу үчун -16,0 мин сом;
- маданият үйүнүнө шыбактары жана башка жасалуучу жумуштарына - 200,0 мин сом;
- Т.Мамытов жана Чубак ажы Жалилов көчөлөрүнө щебень төктүрүү - 24,0 миң сом.
2. Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXХI-ссиясы
ТОКТОМ 41/3
06.12.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
«Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №1-12/1737 04.12.2023 жылдагы
кайрылуу каты жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын кайрылуу катынын негизинде 2024-жылга областык өнүктүрүү фонду аркылуу курула турган шаардык борбордук спорттук аянтчасынан багыш тарабынан 374,10 кв.метр жер тилкесине заманбап спорт зал курууга кеткен 3834779 сом өздүк салым акчасы боюнча карап чыгып, Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХI- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясы сунуштаган, 2024-жылга областык өнүктүрүү фонду аркылуу курула турган шаардык борбордук спорттук аянтчасынан багыш тарабынан 374,10 кв.метр жер тилкесине заманбап спорт зал курууга кеткен 3834779 (Үч миллион сегиз жүз отуз төрт миң жети жүз жетимиш тогуз) сом өздүк салым акчасы бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXХI-ссиясы
ТОКТОМ 41/4
06.12.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
«Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №1-12/1737 04.12.2023 жылдагы
кайрылуу каты жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын кайрылуу катынын негизинде 2024-жылга райондук өнүктүрүү фонду аркылуу “Көлмө”кварталындагы Б.Бакаева жана К.Джумабаева көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 1 000000 ( Бир миллион) сом өздүк салым акчасы боюнча карап чыгып Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХI- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясы сунуштаган, 2024-жылга райондук өнүктүрүү фонду аркылуу “Көлмө”кварталындагы Б.Бакаева жана К.Джумабаева көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 1 000000 (Бир миллион) сом өздүк салым акчасы бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|