Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:24 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Февраль » 3 » 41/3-41/8-токтомдор
6:18 AM
41/3-41/8-токтомдор

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХI- сессиясы

 

 ТОКТОМ 41/3

28.01.2021 -жыл                                    Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

11.01.2021-жылдагы №1-12/14 кайрылуу каты жөнүндө

 

                 Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде  Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин муниципалдык менчик реестринде турган балдар бакчаларына мамлекеттик актысын жана техникалык паспортун алуу үчүн, жер тилкеси менен бирге  жалпы пайдалануу аянтын бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги  ХХХХI-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчикте турган  Ленин көчөсүндөгү №23а жайгашкан  №3 «Байчечекей» балдар бакчасынын жалпы жер тилкеси 2450,0м2,  жалпы пайдалануу аянты 305,9м2 бекитилип берилсин.

2. Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчикте турган  Шевченко көчөсүндөгү №98 жайгашкан №7 «Солнышко» балдар бакчасынын жалпы жер тилкеси 5091,81м2, жалпы пайдалануу аянты 703,7м2 бекитилип берилсин.

3.Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчикте турган  Шахтерская көчөсүндөгү номери жок жайгашкан №7 «Солнышко» балдар бакчасынын филиалы жалпы жер тилкеси 2400,0м2,  жалпы пайдалануу аянты 411,5м2 бекитилип берилсин.

4.Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэрине жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                кеңештин төрагасы:                               Б.Маткаримов

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХI- сессиясы

 

 ТОКТОМ 41/4

28.01.2021 -жыл                                   Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

11.01.2021-жылдагы №1-12/12 кайрылуу каты жөнүндө

 

                 Көк-Жаңгак шаарынын жашоочусу Рахат Ташиеванын  арызын карап чыгып, шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссинын сунушунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги  ХХХХI-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын  коммуналдык менчик департаметинин балансындагы муниципалдык менчикте турган К.Рыскулов көчөсүндөгү №45 үйүнүн №21 батирин  Рахат Ташиевага акысыз жеке менчикке өткөзүп алуу үчүн берилсин.

2.Коммуналдык менчик департаментинин балансынын муниципалдык менчигинен  К.Рыскулов көчөсүндөгү №45 үйүнүн №21 батири чыгарылсын, ишке ашыруу жагы  КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге тапшырылсын.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                кеңештин төрагасы:                                     Б.Маткаримов

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХI- сессиясы

 

 ТОКТОМ 41/5

28.01.2021 -жыл                                 Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

26.01.2021-жылдагы №1-12/56 кайрылуу каты жөнүндө

 

                 Көк-Жаңгак шаарынын Маяковская көчөсүндөгү №12 үйүнүн №2  батиринин тургуну, уч баланын жалгыз энеси  Сивко Лариса 2002-жылдан бери жашап жаткандыгына байланыштуу батирди муниципалдык менчикке өткөзүп жана өзүнө жеке менчигине алууга урусат берүү жөнүндө арыз менен кайрылды, арызын карап чыгып, шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги  ХХХХI -сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын Маяковская көчөсүндөгү №12 үйүнүн №2  батири   шаардык муниципалдык менчикке  алынсын.

2.Шаардык муниципалдык менчигинин реестрине кирзизуу жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

3. Шаардык муниципалдык менчигинин реестрине турган Маяковская көчөсүндөгү №12 үйүнүн №2  батирин   Лариса Сивкого жеке менчикке  өткөрүлүп  берилсин.

4.Ишке ашыруу жагы  КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге тапшырылсын.

5.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэрине жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык                                                                кеңештин төрагасы:                                     Б.Маткаримов

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХI- сессиясы

 

 ТОКТОМ 41/6

28.01.2021 -жыл                                   Көк-Жаңгак шаары

 

«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу

атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

             Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары  «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунушту карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХХI-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 1.Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн, элдин сый-урматына татыган  Көк-Жаңгак шаарынын тургуну  Садышев Айбек Каныбековичке   «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                    Б.Маткаримов             

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХI- сессиясы

 

 ТОКТОМ 41/7

28.01.2021 -жыл                                    Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

11.01.2021-жылдагы  №1-12/15 кайрылуу каты жөнүндө

 

             Көк-Жаңгак шаардык мэриясы жана шаардык кеңештин депутаты Байдавлетов Заирбек Максатбековичтин кайрылуу  катын эске алып, Шахтерская көчөсүн 2021-2023-жылдарга карата шаардын стратегиялык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХХI-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын 2021-2023-жылдарга карата Стратегиялык Өнүгүү планына Шахтерская  көчөсү киргизилсин.

2. Көк-Жаңгак шаарынын 2021-2023-жылдарга карата Стратегиялык Өнүгүү планына  өзгөртүү жана толуктоо киргизүү шаардын мэрине жана мэриянын  тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.                              

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                кеңештин төрагасы:                                     Б.Маткаримов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезектеги ХХХХI- сессиясы

 

 ТОКТОМ 41/8

28.01.2021 -жыл                                   Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

21.01.2021-жылдагы  №1-12/45 кайрылуу каты жөнүндө

 

                 Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2021-жылдын 12- январындагы «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» келишимди  карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезектеги  ХХХХI-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» шаардык мэрия менен түзүлгөн келишим бекитилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, арыз жана мамлекеттик кызмат маселелер боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                кеңештин төрагасы:                                   Б.Маткаримов 

Просмотров: 84 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0