Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXХ-ссиясы
ТОКТОМ 40/1
01.12.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу»
наамын ыйгаруу жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 01.12.2023-жылдагы №1-12/1710 кайрылуу катынын негизинде шаардык маданият сарайына толук кандуу оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп берүүдө колдоо көрсөткөн үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинини төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө карап талкуулап, чыгып Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХ- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинини төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз XXXХ-ссиясы
ТОКТОМ 40/2
01.12.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №1-12/1659 16.11.2023-жылдагы
кайрылуу каты жөнундө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74-75 беренесине ылайык, Сузак району боюнча башкармалыгынын 24.04. 2023-жылдагы №039/23/10-2/590 сандуу катында көрсөтүлгөн жана Көк-Жангак шаардык мэриясынын №1-12/1659 16.11.2023-жылдагы кайрылуу катынын негизинде шаар аймагында жыйымдын ставкасынын чоңдугу, бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө берүү жөнүндө карап талкуулап, чыгып Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХ- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаар аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып калктуу конуштардын соода сатык дүкөндөрүнүн таштандыларын чыгарып кетүү үчүн, ар бир жумушчуга бир жылда бир жолу төлөнүүчү жыйымдын ставкасы 500 (беш жүз) сом бекитилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы жеке ишкерлер менен тиешелүү кагаздарын тактап иш алып баруусу шаардык мэриясынын башкы адиси К.Мамытовага жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|