Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
ТОКТОМ 40/1
09.12.2020- жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021ж. карата стратегиялык өнүгүү планына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 02.12.2020-жылдагы № 1-12/904 кайрылуу катынын негизинде шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Калинина жана Коммунальная көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү иш планына толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы мэриянын тиешелүү адистерине, шаардык кеңештин депутаты М.Жаныбаевге жана «Зона» кварталынын төрагасы П.Курбановго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткаруусун көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
ТОКТОМ 40/2
09.12.2020- жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 07.12.2020-жылдагы № 1-12/909 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгү №15 КМДнын баланстагы муниципалдык менчигинде турган 400 м.кв. жер аянтына мечит курууга уруксат берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгү №15 КМДнын баланстагы муниципалдык менчигинде турган 400 м.кв. жер аянтына мечит куруу үчүн уруксат берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо мэриянын тиешелүү адистерине, курулуш иштерин жүргүзүү жагы жамаатка жана Юсупов Кыргызбай ажыга жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Маткаримов Б.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
ТОКТОМ 40/3
09.12.2020-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 08.12.2020ж. №1-12/919 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.12.2020-жылдагы № 1-12/919 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Мамытов атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу карала турган долбоордун 15% түзгөн өздүк салымын 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтуу калктын жардамынын өлчөмү 495666 (төрт жүз токсон беш миң алты жүз алтымыш алты) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып, (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын Т.Мамытов атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттен 395666 (Үч жүз токсон беш миң алты жүз алтымыш алты) сом жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 100000 (Жүз миң) сом каралсын.
2.Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХХ - сессиясы
ТОКТОМ 40/4
09.12.2020-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы «демилгелүү жаштар»
уюмунун кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардагы «демилгелүү жаштар» уюмунун кайрылуу катын карап чыгып, (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы «демилгелүү жаштар» уюмунун түзүлгөн иш- чаралары Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы «демилгелүү жаштар» уюмунун түзүлгөн иш- чараларын киргизүү жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|