Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
(IХ чакырылышынын) кезексиз III-сессиясы
ТО К Т О М 3/1
20.12.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
ЕБРР программасына кошуулу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңеши шаардык мэриясынын 2024 жылдагы 20 декабрындагы №01-6/2459 кайрылуусун жана Приоритеттик инвестициялар жөнүндөгү программасынын долбоорун карап чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кенеши
Т О К Т О М кылат:
- ЕБРР программасы менен инвестиция тартуу максатында Көк-Жаңгак шаарына долбоордун негизинде 4,0 млн.евро бөлүнүп, анын ичинен 2,0 млн. евро кредит, 2,0 млн. евро грант берилди. Долбоордун максаты Көк-Жаңгак шаарындагы таза суу жана канализация түтүкчөлөрүн реконструкциялоого жана жаңы кеңсе, суу кампа, саркынды суу тазалоо жайын куруу үчүн макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаардык мэри Замирбек уулу Сыргакка жана өзүн өзү камсыздоо чарбалык эсептеги Шар-Булак участкасынын жетекчиси К.Киезбаевге жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
|