Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 11:50 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Декабрь » 19 » 3 бөлүк регламент
7:11 AM
3 бөлүк регламент

12.4. Бир саясий партиядан шайланган депутаттын ошол эле партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.

12.5. Фракция ушул Регламенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.

12.6. Фракция алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн шаардык кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу. Фракция кароонун натыйжалары боюнча фракция мүчөлөрү үчүн милдеттүү чечим кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте, өз мүчөлөрүнө түзөтүүлөрдү киргизүү жана жарыялоо үчүн ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.

12.7. Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.

12.8. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:

- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;

- шаардык кеңеш өзүн өзү таратканда.

 

13. Фракциялардын жетекчилиги

 

13.1. Фракциянын жетекчисин ошол саясий партиядан шайланган депутаттар шайлаган лидер жетектейт.

13.2. Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:

-шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат; 

-фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;

-фракциянын чечимдерине кол коёт;

-ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;

-фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин түзүмдөрүнө (комиссияга) талапкерлерди сунуш кылат;

-фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

-фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;

-шаардык кеңештин жетекчилиги жана шаар мэриясы, жергиликтүү администрациялар менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

-эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;

-шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;

-ушул Регламентке ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

13.3. Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарларынын кызмат орундарын ээлей албайт.

 

14. Фракциялардын укуктары

 

14.1. Фракция төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- шаардык кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;

- төрагага шаардык кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- фракциянын өкүлү фракциянын атынан билдирүүлөрдү, баяндамаларды, кошумча баяндамаларды, билдирмелер жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө;

- башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналышына кызыкдар адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;

- шаардык кеңештин ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- шаардык кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын шайлоо, бошотуу, бекитүү, жактыруу, макулдук берүү, дайындоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- шаардык кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн кандай гана болбосун талкууланып жаткан маселе   боюнча   фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;

- фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;

- фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында зарыл чараларды көрүүгө;

- Кыргыз Республикасынын жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

 

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

 

15.  Шаардык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы

 

15.1. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан (эгерде мыйзамда башкача жазылбаса) шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.

Биринчи сессияны даярдоону шаардык кеңештин аппараты (жооптуу катчы) жүргүзөт.

15.2. Шаардык кеңештин аппараты (мындан ары — Аппарат), жооптуу катчысы (мындан ары — катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкү маалыматтарды жиберет:

- жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;

- аппарат кызматкерлеринин, жоопту катчынын байланыш телефондорун;

-сессия өтүүчү жайды жана убактысын.

15.3. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү шаардык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.

15.4. Шаардык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот.

15.5. Төрагалык кылуучу шаардык кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.

15.6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардык кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.

15.7. Шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.

15.8. Жаңы чакырылыштагы шаардык кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелерди биринчи кезекте кароого тийиш:

- төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;

- төраганы жана анын орун басарын / орун басарларын шайлоо;

- шаардык кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына башка да маселелер киргизилиши мүмкүн.

15.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.

 

16. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

 

16.1. Шаардык кеңеш, анын туруктуу комиссиялары жана фракциялары иш планын бир жылга түзөт. Шаардык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.

16.2. Шаардык кеңештин иш планы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, фракциялардын лидерлери, жооптуу катчысы менен бирдикте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша шаарда жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.

16.3. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы шаардык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, шаардык кеңештин төрагасы менен бирдикте түзүлөт.

16.4. Иш планга бир жыл аралыгында шаардык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардын жана фракциялардын жыйындарында карала турган маселелер киргизилет.

16.5. Шаардык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары шаардагы маалымат такталарына документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу шаар тургундарына маалымдалуусу шарт.

 

17. Шаардык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби

 

17.1. Шаардык кеңештин сессиясы карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоо жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алына турган, ишинин эң негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.

17.2. Шаардык кеңештин сессиясы дептуттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү (кворум) болот.

17.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн кийин кворум болбосо, төрага 15 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде тыныгуудан кийин да кворум камсыз кылынбаса, анда сессия кворум жоктугуна байланыштуу башка убакытка жылдырылат.

17.4. Шаардык кеңештин сессиясын төрага чакырат:

- өзүнүн демилгеси боюнча;

- дептуттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин (жазуу жүзундөгу) демилгеси боюнча;

- шаар мэринин сунушу боюнча;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин сунушу боюнча. (Райондук маанидеги шаарлар үчүн)

17.5. Шаардык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу сессиялардан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.

17.6. Шаардык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.

17.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналса, шаардык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.

17.8. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессияга чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен, депутаттарга, тийиштүү шаар тургундарына жеткиликтүү, көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.

17.9. Шаардык кеңештин сессиясына катышуучу депутаттардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же кеңештин төрагасында) сакталат.

17.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тиешелүү документ менен тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер сессияга депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат кеңештин төрагасына сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.

17.11. Сессияларга бир жыл аралыгында төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

 

18. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясы

 

18.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же шаар мэринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, (райондук маанидеги шаарлар үчүн) депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча кезексиз сессия чакырууга укуктуу.

18.2. Кезексиз сессияны чакыруу боюнча кеңештин төрагасынын сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгын негиздеген маалымдама депутаттарга жөнөтүлөт.

18.3. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып сессияга чейин 5 календардык күн мурун чакырылат. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессияга чейин 3 календарлык күн мурун таркатылат.

18.4. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда шаардык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана шаар тургундарын маалымдоонун мөөнөтүн сактабастан кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.

 

19. Сессиянын күн тартиби

 

19.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, шаар мэринин сунуштарынын негизинде сессия күнунө чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.

19.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар шаардык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.

19.3. Өткөрүлө турган жайы жана убактысын белгилөө менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат такталарына жайгаштырылат.

19.4. Эгерде шаардык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү маалымат булактарына жарыя кылынат.

19.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору төрага тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.

19.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

19.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда туруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.

 

20. Шаардык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети

 

20.1. Шаардык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:

- кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;

- кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;

- жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга суроолорду берүүгө;

- кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын сессияда отчетун угуу, ошондой эле башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.

20.2. Шаардык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессияга толук катышууга;

- регламентти, сессиянын күн тартибин жана төраганын укук ченемдүү талаптарын сактоого;

- колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөгө;

- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;

- чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, жалган маалыматтарды пайдаланбоого;

-  сессия учурунда сыртка чыгууда төрагадан уруксат алууга.

Просмотров: 4 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0