Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
( VIII чакырылыштагы ) кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ 39/1
22.11.2023-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
31.10.2023ж. №1-12/1576 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 31.10.2023жылдагы № 1-12/1576 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жангак шаарынын аймагында жарандарга жеке менчик турак үй курууга жер аянттарын бөлүп берүүдө бир жаранга чектик өлчөмүн карап талкуулап чыгып , Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXIX – сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жангак шаарынын аймагында жарандарга жеке менчик турак үй курууга жер аянттарын бөлүп берүүдө бир жаранга 600 кв.метр чектик өлчөм бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
( VIII чакырылыштагы ) кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ 39/2
22.11.2023-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
21.11.2023ж. №1-12/1666 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 21.11.2023жылдагы № 1-12/1666 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жангак шаардык борбордук спорттук аянтчасынын батыш тарабынан 374,10 кв.метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жана спортзал куруу жөнүндө карап талкуулап чыгып , Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXIX – сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жангак шаардык борбордук спорттук аянтчасынын батыш тарабынан 374,10 кв.метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алынып, спортзал куруу үчүң бекитилип берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
( VIII чакырылыштагы ) кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ 39/3
22.11.2023-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
21.11.2023ж. №1-12/1677 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 21.11.2023жылдагы № 1-12/1677 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жангак шаардык кеңештин 21.12.2022 жылдагы ХХIV cессиясынын № 24/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXIX – сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жангак шаарындагыв «Көлмө» кварталындагы Б.Бакаева жана К.Жумабаева көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери Сузак райондук өнүктүрүү фонд аркылуу каржылануусуна макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|