Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 11:36 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Ноябрь » 9 » 38-сессиянын токтомдору
6:07 AM
38-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

( VIII чакырылыштагы ) кезектеги  XXXVIII сессиясы

ТОКТОМ 38/1

 

31.10.2023-жыл                                                        Көк-Жаңгак шаары                            

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын

24.10.2023ж. №1-12/1549 кайрылуу каты жөнүндө

 

        Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 24.10.2023жылдагы № 1-12/1549 кайрылуу катынын негизинде Ленин, Атаханов, К.Рыскулов көчөлөрүндөгү жана Октябрь 40-жыл бульварындагы жайгашкан узундугу 1 км. тротуарды Жалал-Абад областык өнүгүү фонд аркылуу капиталдык ремонттоо  жана реконструкциялоо долбоору жөнүндө карап чыгып , Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги XXXVIII - сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жангак шаарынын Ленин, Атаханов, К.Рыскулов көчөлөрүндөгү жана Октябрь 40-жыл бульварындагы муниципалдык менчикте турган  узундугу 1 км., туурасы 3 метр   тротуарлар Жалал-Абад областык өнүгүү фонд аркылуу капиталдык  ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча долбоор бекитилип берилсин.

2. Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция  тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                  З.Байдавлетов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

( VIII чакырылыштагы ) кезектеги  XXXVIII сессиясы

ТОКТОМ 38/2

 

31.10.2023-жыл                                                                    Көк-Жаңгак шаары               

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын

30.10.2023ж. №1-12/1570 кайрылуу каты жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин  Көк-Жаңгак башакармалыгынын  24.10.2023-жылдагы № 01-7/22 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана  салык маселелер  боюнча туруктуу  комиссиясынын 30.10.2023-жылдагы № 7 протоколунун  негизинде  2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен шаардык бюджетине кошумча түшкөн 2039,0 (Эки миллион отуз тогуз) сом акча каражатын мекеме  ишканалардын  кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү  жөнүндө карап  чыгып, Көк-Жаңгак шаардык  кеңештин (VIII чакырылыштагы)  кезектеги  XXXVIII - cессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак  шаарынын  жергиликтүү  бюджетинин  2023-жылынын           9 айынын  жыйынтыгы менен күтүлүүчү   пландан  ашыкча түшүүчү 2039,0 (эки миллион отуз тогуз) миң сом, мэрияга каралган 500,0 ( беш жүз)  миң сом, жана коммуналдык менчик департаментине болүнгөн 100,0 (жүз) миң сом акча каражаты болуп,  жалпы 2639,0 ( эки миллион алты жүз отуз тогуз)  миң сом түзгөн акча каражаты бөлүнүп берилсин, анын ичинен:

1.1.  Шаардык мэрияга жалпысынан 447,7 (Төрт жүз кырк жети миң жети жүз) сом каралсын, анын ичинен:

 - Көк-Жангак шаарынын тургундардын каттарынын негизинде    Свобода, Шерматов, Шахтерская,  Рабочая, Токтогул  көчөлөрүнө  шагыл  төшөө   иштерине – 130,0 миң сом;

 - Горький көчөсүнө прожектор сатып алуу үчүн – 10,0 миң сом;

 - Т.Шерматов көчөсүнө элекр зым сатып алуу үчүн – 25,0 миң сом;

 - шаардын өткөрүлүүчү проекттердин иш кагаздарына – 107,7 миң сом; .

 - шаарга көзөмөл байкоочу камера орнотуу үчүн - 150,0 миң сом жана кабель алууга -25,0  миң сом.

 

1.2. Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 1614,2 (Бир миллион алты жүз он торт миң эки жүз) сом  каралсын,  анын ичинен:

- МТЗ – 82.1 тракторун оңдоп түзөө иштерине – 30,0 миң сом;

- күйүүчү  май сатып алуу үчүн – 100,0 миң сом;

- эски Көк-Жаңгак кварталынын лагерьге кетчүү жолду оңдоп түзөө үчүн - 40,0 миң сом;

- Октябрьдын 40-жылдагы көчөсүндөгү  скверди капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө – 252,2 миң  сом;

- маданият сарайындагы  таштандыларды чыгаруу үчүн  - 60,0 миң сом;

- маданият сарайына даараткана куруу үчүн - 200,0 миң сом;

- маданият сарайынын чатырынын суу акмасына - 21,0 мин сом, суу аккыч трубасы үчүн 10,0 миң сом.

- №4 балдар бакчасынын эшик терезелерин жана жылытуу системасын алмаштыруу   үчүн - 901,0 миң сом.

 

1.3. Маданият бөлүмүнө  “Бал-маскарад” майрамын өткөрүү үчүн - 60,0  (Алтымыш) миң сом.

1.4. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 479,6 (Торт жүз жетимиш тогуз миң алты жүз) сом  каралсын, анын ичинен:

-№ 1 Фрунзе атындагы орто мектебинин от казанын кышка даярдагоо - 40,0 миң сом

-№2 Макаренко атындагы гимназия мектебине тэн сатып алуу үчүн – 9,6 миң сом;

-№4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин жылытуу системасынын трубаларын ширетүү үчүн уста акы – 110,0 миң сом;

-№4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебине парта, стул сатып алуу үчүн -120,0 миң сом;

- №2 балдар бакчасына эмеректерди сатып алуу үчүн-160,0 миң сом;

- №3 балдар бакчасынын брусчаткаларын төшөөгө – 40,0 миң сом;

 

1.5. Шаардык  кеңешке жапысынан 37,5 (Отуз жети миң беш жүз) сом анын ичинен:

- сапар чыгымдарына – 16,2 миң сом;

- ар түрдүү сатып алууларга- 21,3 миң сом.

 

2. Социалдык камсыздоонун 2721-беренесинен 90,0 миң сом шаардык мэриянын резервдик фонду 2821-беренесине жылдырылып берилсин.

 

3. Билим берүү бөлүмүнүн аппаратынан 2222-беренеден 20,0 миң сом борборлоштурулган бухгалтериясына 2222-беренесине  жылдырылып берилсин.

 

4.Маданият үйүнүн 2211-беренесинен 10,0 миң сом маданият аппаратына 2211-беренесине жылдырылып берилсин.                                                                   

    

5. Бул токтомду аткаруу жагы  шаардын  мэри  Замирбек уулу Сыргака  жана Кыргыз Республикасынын Финансы  министрлигинин  Көк-Жаңгак  башкармалыгынын  жетекчиси  К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

 

 

6. Бул  токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык  кеңештин бюджет, финансы  жана салык  маселелер боюнча  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

7.  Бул токтом расмий жарыяланган  күндөн тартып күчүнө кирет.

 

    

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                         З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 35 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Ноябрь 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0