Кок-Жангак шаардык кенеши

Суббота, 2025-06-28, 10:02 AM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2020 » Октябрь » 19 » 38-сессиянын токтомдору
5:55 AM
38-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХVIII сессиясы

ТОКТОМ 38/1

15.10.2020-жыл                                            Көк-Жаңгак шаары

Кыргыз Республикасынын финансы  

министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын                                                  12.10.2020-жылдагы №01-14/18 каты жөнүндө

                 Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын 12.10.2020-жылдагы  №01-14/18 катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 12.10.2020-жылдагы  №8 протоколунун негизинде  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары,  2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатын мекеме ишканалардын кайрылуу каттарынын негизинде  бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз      ХХХVIII-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине 2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен түшкөн 1725.7 миң сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:

1.1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мүчөлүк төлөмдөрүн которууга 11,7 миң сом.

1.2.Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 644,7 миң сом каралсын анын ичинен:

-Шар-Булак суу чарбасынын кайрылуу катынын негизинде  68,7 миң сом;

-Жаштар аллеясын жарыктандырууга 66,0 миң сом;

-«40- кварталындагы» жөө өтмө көпүрөнү оңдоого 60,0 миң сом;

-Ынтымак айылынын көчөсүнө шагыл төгүүгө 50,0 миң сом.

- шаардык жалпы дарыгерлер борборунун администритивдик, кабыл алуу, балдар, стоматология, лаборатория жана тез жардам  бөлүмүнүн имаратына жылытуу системасын орнотуу үчүн 400,0 миң сом.

1.3.Шаардык мектептерге жалпысынан 682,7 миң сом каралсын анын ичинен:

-№ 1 М.Фрунзе атындагы орто мектебинин ашканасынын суу системасы үчүн 32,3 миң сом, комүр алууга 59,5 миң сом;

 -№ 2 А.Макаренко атындагы инновациялык мектеп гимназиясынын электр чубалгылары, акылдуу эсептегич жана трансформатордук тетиктер үчүн  113,25 миң сом;

-№ 3 Т.Сатылганов атындагы орто мектептин жылытуу ситемасынын 2 даана кыймылдаткыч жана тендер (аристон) үчүн  15,0 миң сом;

-№ 4 Ю.Гагарин атындагы орто мектептин трансформаторунун тетиктери жана чубалгылары үчүн  29,0 миң сом; 

-№ 6 М. Ломоносов атындагы орто мектебинин от казандарын оңдоо үчүн  433,65 миң сом;

1.4.Бала бакчаларга жалпысынан 219,0 миң сом каралсын анын ичинен:

-№ 1 «Радуга» КЖ балдар бакчасына  электроприборлорду алмаштыруу үчүн 30,0 миң сом;

-№ 2 «Ромашка» балдар бакчасына  шифер, рейка жана мык сатып алуу үчүн 15,0 миң сом;

-№ 3 «Байчечекей» балдар бакчасынын терезелерин алмаштырууга  52,0 миң сом;

-№ 4 «Сказка» балдар бакчасынын от казанынын моорусун алмаштырууга, кыймылдаткыч алууга  22,0 миң сом;

-№ 7 «Солнышко» балдар бакчасынын чатырын шиферин алмаштырууга 100,0 миң сом.

1.5.Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 40,0 миң сом каралсын анын ичинен:

-ОПК (оптика волоконный кабель)   20,0 миң сом;

-аристон жана сырткы эшикке тосмо кою үчүн  20,0 миң сом.

1.6.Шаардык маданият бөлүмүнө компьютер сатып алуу үчүн  30,0 миң сом каралсын.

1.7.Китепканага компьютер алуу үчүн  30,0 миң сом каралсын.

1.8.Балдар чыгармачылык борборуна жалпы 67,6 миң сом каралсын анын ичинен:

-Жылытуу  системасынын трубаларын алмаштырууга  26,1 миң сом; 

-Компьютер жана принтер сатып алууга 41,5 миң сом.

2.Көк-Жаңгак шаардынын «Спутник» кварталындагы  Т.Мамытов атындагы көчөнүн стим.грант аркылуу асфальт төшөө иштеринин иш  кагаздарын даярдоо жагын шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагын шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У. Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго жүктөлсүн.

Аткаруу мөөнөтү 15 ноябрь 2020-жылга чейин.

4.Токтомдун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык 

кеңештин төрагасы:                                Б.Маткаримов

Просмотров: 128 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Октябрь 2020  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0