Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:51 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Октябрь » 6 » 37-сессиянын токтомдору
5:25 AM
37-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 ( VIII чакырылыштагы ) кезексиз  XXXVII сессиясы

 

 ТОКТОМ 37/1

 

03.10.2023-жыл                                   Көк-Жаңгак шаары                                                               

 

Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамааттарынын

өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу жөнүндө

 

              Көк-Жаңгак шаарындагы жергиликтүү  жамааттарынан экинчи Элдик Курултайдын  делегаттарын  шайлоо, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларын түзүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз   XXХVII-сессиясы токтом кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарында Жергиликтүү Курултай 2023-жылдын 17-ноябрь күнү саат       10-00до   Көк-Жаңгак шаарында  маданият сарайында өткөрүлсүн.

 

2. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн шаардык кварталдарга бөлүнсүн.

 

3. Көк-Жаңгак шаарында делегаттардын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана кварталдарга төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:

- Спутник кварталы – 10 (он) адам;

- Көлмө кварталы – 10 (он) адам;

- Эски Көк-Жаңгак кварталы – 10 (он) адам;

- Центр кварталы – 10 (он) адам;

- 40 кварталыы – 10 (он) адам;

- Зона квараталы- 10 (он) адам;

- 23 кварталы- 10 (он) адам;

- 23/2 кварталы – 10(он) адам;

- Черемушка кварталы – 10 (он) адам;

- Раззаков кварталы – 10 (он) адам.

 

4. Ар бир кварталдын бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги 16.10.2023-жылдан  26.10.2023-жылга чейин деп белгиленсин.

 

5. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир кварталда жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Спутник кварталы – Кожобекова Гульшайыр Кадырбековна;

- Көлмө кварталы – Сатыбалдыев БакытЭркимбаевич;

- Эски Көк-Жаңгак кварталы – Тургумбаев Самат Каныбекович;

- Центр кварталы – Исаев Жаныбек Абдрахманович;

- 40 кварталы – Байдавлетов Заирбек Максатбекович;

- Зона кварталы- Ермекбаев Чынгыз Тавалдиевич;

- 23 кварталы- Рысмамбетова Жумакан Арзиевна;

- 23/2 кварталы – Матаева Кыздаркан Кудайбердиевна;

- Черемушка кварталы – Маткасымова Урматкан Абдивалиевна;

- Раззаков кварталы – Омошев Раимбек Турганбаевич.

 

6. Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 7 (жети) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

    1. Байдавлетов Заирбек Максатбекович– жумушчу топтун төрагасы, шаардык кеңештин төрагасы;

   2. Карабаева Уруятхан Калиловна – жумушчу топтун катчысы, шаардык кеңештин жооптуу катчысы;

   3. Камбаров Жакып Таджибаевич– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси;

   4.  Кыдыралиева Зуура Адиковна– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;

   5.  Усенов Кадыржан Атабекович– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;

   6.  Мамашов Алмазбек Абдыкалилович– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;

   7. Мурзаканова Миргул Исмаиловна- жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси.

 

7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                              З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 ( VIII чакырылыштагы ) кезекcиз  XXXVII сессиясы

 ТОКТОМ 37/2

 

03.10.2023-жыл                                                                         Көк-Жаңгак шаары

 

 

«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу

атуулу» наамын ыйгаруу жөнундө

 

             Көк-Жаңгак шаарынын мекеме ишканалардан «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө келип түшкөн сунуштарын  карап талкуулап, чыгып      Көк-Жангак  шаардык  кенештин   депутаттарынын   (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXVII-cессиясы токтом кылат:           

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө жана шаардын элинин жашоо-шартын жакшыртууда кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Женишбек Шермаматовичке “Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

 

2.Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө, билим берүү тармагына  кошкон зор эмгектери  жана келечек муундарды  тарбиялоодогу эбегейсиз салымы үчүн, элдин сый урматына татыган «Көк- Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкүлөргө  ыйгарылсын:

 

-  Джумабаева Малика Сасыкбаевна- №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинин математика мугалими;

-  Рысмамбетова Жумакан Арзиевна-№ 2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын башталгыч класстын мугалими;

- Токтосунова Гуляйша Абдимиталиповна- №3 Т.Сатылганов атындагы мектебинин директору;

- Аликеева Эльмира Сакыевна- №7 “Солнышко” мектепке чейинки билим берүү уюм

мекемесинин директору.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.          

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                 З.Байдавлетов

 

 

Просмотров: 46 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Октябрь 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 9
Гостей: 9
Пользователей: 0