Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/1
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы 2019- жылы аткарган иштер жөнүндө отчетун угуу
Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 2019-жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуп, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 2019-жылдын 12 ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарган иштеринин отчету канаттандырарлык деп табылсын.
(Отчет 11 баракта тиркелет).
2.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри У.Исмаиловго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.
3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.
4.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьекттерин туура багытта пайдалануу боюнча иш-пландар иштеп чыгарылып кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2019-жылдын
12-ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштер боюнча маалыматы
Жергиликтүү салыктар боюнча
2019-жылдын 12-айында Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 7882,2 мин сом план чегерилип , жеткирилген тапшырма 8289,8 мин сомго аткарылып, пландан ашыкча 407,6 мин сом көп түштү, 105,2%га аткарылды.
Атап айтканда салыктардын түрлөрү боюнча:
-Милдеттүү патент салыгы план тапшырма 14,0 миң сом болсо аткарылды 34,2 мин сом, же болбосо 244,3%-га аткарылды.
-Ыктыярдуу патент салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 720,0мин сом болсо, аткарылганы749,8 миң сом, 104,1%-га аткарылды.
-Сатуудан алынган салык боюнча бекитилген план-тапшырма 288,0мин сом болсо, аткарылганы113,1 мин сомго, же болбосо 39,3%
-Роялти салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 8,0мин сом болсо, аткарылганы 2,4 мин сом, же болбосо 30,0% тузду.
-Жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгы 2-группа боюнча бекитилген план-тапшырма 67,0 мин сом болсо, 73,9 мин сомго аткарылды, ашыкча 15,0 мин сомго көп түшкөн, 110,3% түздү.
-Кыймылдуу мүлк (транспорт) салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 780,0 мин сом болсо, аткарылганы 882,9 мин сом, ашыкча 113,2 мин сомго көп аткарылган, 127,2%-га аткарылды.
-Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-тапшырма50,0 мин сом болсо, аткарылганы50,9мин сом, 101,8%-га аткарылды.
-Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план-тапшырма115,0мин сом болсо, аткарылганы 122,8 мин сом, 106,8% аткарылды.
-Там арка жер салыгы бекитилген план-тапшырма 560,0мин сом болсо, аткарылганы 644,0 мин сом, ашыкча84,9 мин сомго көп түшкөн,115,2%-га аткарылды.
-Жер ижарасынан түшкөн төлөм боюнча бекитилген план-тапшырма 340,0 мин сомболсо, аткарылганы517,8 мин сомболду ,152,3% түздү.
-Имараттардын жана башка курулуштардын ижарасынан түшкөн төлөм бекитилген план-тапшырма72,0мин сом болсо, аткарылганы 96,0 мин сом болуп,133,3% түздү.
-Кайра бөлүштүрүү фонду план тапшырма42,2 мин сом, аткарылды45,0 мин сомго, же болбосо106,6% түздү;
-Жаратылыш байлыктарын колдонгондугу үчүн түшкөн төлөм-107,7 мин сом;
-Чарбалык эмес жерлерди сатуу план-тапшырма 80,0 мин сом, аткарылды 108,3мин сом , же болбосо 135,4% түздү;
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын бузуулар боюнча салган штрафы 2,0 миң сомду түздү.
Статистика жана экономика боюнча
аткарылган иштер
Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо боюнча башкармасынын 2019-жылдын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,109-беренесине ылайык отчет №22 жана №22-а “жер балансы” өз убактысында Сузака тапшырылды. Жер балансы 1581 га түзөт.Анын ичинен 57 га сугат, 111 га кайракы.Дыйкан чарбаларда 459 га жер аянты бар.Анын ичинен 247га сугат,210 га кайракы, чөп орок 18 га, бак дарак 60 га. Тамаркада 349 га жер аянты бар.2019-жылы түшүм үчүн эгилген айыл-чарба продукциялары толук жыйналды.Шаарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2019-жылдын түшүмү үчүн 77 га жүгөрү, жашылча 143 гектар, картошка 90 га, май өсүмдүктөрү 66 га эгилди.
2019-жылда январь-декабрь айында өнөр жай продукциянын көлөмү 20100,4 миң сом түздү.Салыштырмалуу баада 2018-жылдын январь-декабрь айларына карата 861,1 миң сом көп аткарылып, өсүү темпи 104,4% түздү.Элге кызмат кылуу боюнча 40945,0 миң сом аткарылып 2018-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 1195,0 миң сомго көп аткарылып өсүү темпи 103% түздү.
Чекене соода боюнча көлөмү 135850 миң сомго аткарылып, 2018-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 2343,0 миң сом көп аткарылып өсүү темпи 101,7% түздү.
Айыл чарба боюнча: эт 358 тонна өндүрүлдү 2018-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 1 тоннага көп аткарылып өсүү темпи 100,2 % түздү. Сүт 2112 тонна аткарылып өсүү темпи 100% түздү.Жумуртка 11 000 даанага көбөйүп өсүү темпи 102,8% түздү.
Мал каттоо боюнча отчет №6 форма өзубагында Сузак райондук мамлекеттик администрацияга тапшырылды: ири мүйүздүү мал 2209 башка жетти.2018-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 24 башка көбөйүп өсүү темпи 101% түздү.Койлор, эчкилер 5126 баш каталып 2018-жылдын январь-декабрь айына карата 65 баш көбөйүп өсүү темпи 101,2% түздү.Жылкылар 150 баш каталып өсүү 101,3 % түздү.Үй канаттуулар 6065 баш болуп каталып 2018-жылга январь-декабрь айларына карата 54 башка көбөйүп өсүү темпи 100,8% түздү.
Коммуналдык чарба боюнча аткарылган иштер
-Кок-Жангак шаарындагы коммуналдык менчик департаменти тарабынан 500 тонна таштанды чыгарылып,50.0 мин сом акча каражаты сарпталды.
-5000-м. Сел өтүүчү канал жана шаар ичиндеги арыктар тазаланып,10 000 сом акча каражаты сарпталды.
-шаар боюнча 15 км жолдорго жамоо иштери жургузулду. Анын ичинен 2000м. Жолго спонсорлор тарабынан 34 500 сом болунуп жамоо иштери аткарылды.
3000 м. жолго коммуналдык менчик департаменти тарабынан жамоо иштери аткарылды.
10 000 м. Жолго жашоочулардын эсебинен жамоо иштери аткарылды.
-жыл ичинде 225-ит жана бир мышык атылды.
2019-жылы Көк-Жаңгак шаарына инвестиция тартуу боюнча аткарган иштери.
1. Черемушка кварталындагы Ломоносов көчөсүнө 980метр аралыкка асфальт төшөө иштерине түрткү берүүчү грант арылуу 2 806,6 миң сом акча каражаты сарпталып, жумуш аягына чыкты
2.Эски Көк-Жаңгак кварталындагы Интернациональная көчөсүнө 550 метр аралыкка асфальт төшөө иштерине КР Транспорт министрлиги тарабынан 1 987,3 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жумуш аягына чыкты.
3. Көлмө кварталындагы Пионерский көчөсүнө 600 метр аралыкка асфальт төшөө иштерине КР Транспорт министрлиги тарабынан 3 006,1 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, жумуш аягына чыкты.
4. Шаардагы №3 Т.Сатылганов орто мектебинин чатыры Жеке ишкер Э.Сарбашев тарабынын 1 500.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, чатыры толугу менен алмаштырылды.
5.Шаардагы №1 М.В. Фрунзе атындагы орто мектебине Республикалык бюджеттен 3 000000 сом акча каражаты бөлүнүп от казандары жана ашкана капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
6. Жеке ишкер Э.Мурзалиев тарабынан 1 800,0 миң сом акча каражаты сарпталып курулуш материалдарын сатуучу жана маркет ачылды.
7.Жергиликтүү бюджеттен 40,900 миң сом акча каражаты бөлүнүп, борбордук китепкананын бөлмөлөрүнүн полдору жана ички, тышкы көрүнүштөрү оңдоп түзөө иштеринен өткөрүлдү.
8.Шаардагы №2, №6 орто мектептерине бак тигүү жана айлансын тосуу үчүн МЕРСИКО тарабынан 270,0 миң акча каражаты берилип, 141 даана бак тигилип, айланасы тосулду.
9.Шаар тургуну Топчу Султановго шаар тургундары жана шаардын жаштары тарабынан 650,0 миң сом акча каражаты сарпталып, эки бөлмөлүү үй куруп беришти.
10. Шаардагы №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин айланасына демөөрчүлөр тарабынан 60.0 миң сом акча каражаты сарпталып, отургучтар орнотулду.
11.Шаардагы №4 орто мектебинин терезелерин алмаштырууга демөөрчүлөр тарабынан 80.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп терезелери алмаштырылды.
12. Шаардагы №6 орто мектебинин терезелерин алмаштырууга демөөрчүлөр тарабынан 80.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп терезелери алмаштырылды.
13.Шаар ичиндеги жолдорун асфальт менен жамоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 60.0 миң сом акча каражаты каралып, Ленина, Атаханова, Октябрь, Садовый, Шахтер көчөлөрүнө жамоо иштери жүргүзүлдү.
14. Шаардык мэрияга ажаткана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 100,0миң сом акча каражаты бөлүнүп, жаңы ажаткана курулду.
15. Көк-Жаңгак шаарынын Зона кварталына санарип вышкасын орнотууга жергиликтүү бюджеттен 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, контейнер орнотулуп, шаар эли санарип менен камсыз болушту.
16. Жергиликтүү бюджеттен 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, борбордук базардан стадионго чейинки 100 метр аралыкка лоток орнотулду.
17. Жергиликтүү бюджеттен 30,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп Шаар ичиндеги борбордук көчөлөрдөгү түнкү жарык берүүчү лампалар алмаштырылды.
18.Шаар ичиндеги кароосуз жүргөн иттерди атууга жергиликтүү бюджеттен 40,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 247 даана ит атылды.
19.Жергиликтүү бюджеттен 10.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, шаар ичиндеги көчөлөргө жамоо иштери жүргүзүлдү.
Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча маалымат
1.23- кварталындагы Матназаров көчөсүндөгү автоунаа өтүүчү көпүрө МЧС арылуу 3 500.0 миң сом акча каражаты сарпталып жаңы көпүрө курулду.
2. 40-кварталындагы Достоевская, К.Маркс, Лермонтова көчөлөрүнө МЧС тарабынан 3км аралыкка 20,0миң сом акча каражаты сарпталып, шагыл төшөө иштер жүргүзүлдү.
3.40-кварталындагы Лермонтова, К.Маркс жана Линейная көчөлөрүнө автоунаа өтүүчү 3-көпүрө шаардык мэрия труба берилип, жашоочулар тарабынан курулду.
4.40-кварталындагы Шахтер көчөсүндөгү автоунаа өтүүчү көпүрө МЧС жана кварталдын тургундары тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
5. Көлмө кварталындагы Алышка тосмо орнотууга МЧС тарабынан 35-даана габион бөлүнүп, жашоочулар тарабынан тосмо курулду.
6. Сибир кулгунасын коргоп калуу максатында МЧС тарабынан 25-даана габион бөлүнүп, мэрия тарабынан 3-машина таш жана 12.5 миң сом акча каражаты берилип тосмо курулду.
7.Көлмө кварталында жөө адам өтүүчү көпүрөнү жээктерин бекемдөө иштерине МЧС тарабынан 9-машина таш түшүрүлдү.
8.Чермушка кварталындагы Чет-Малай сайынын жээктерин жана жөө адам өтүүчү көпүрөнү бекемдөө иштерине МЧС тарабынан 116-даана габион жана 9-машина таш, мэрия тарабынан 2-машина таш 10.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жумуш аягына чыкты.
9.Кооптуу аймакта жашап жаткан А.Төрөкановага шаардык мэрия тарабынан турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди.
10.МЧС тарабынан Спутник ички көчөлөрү, Прежевальский, 40-квартал жана
Ынтымак көчөлөрүнө шагыл жана горелка төшөлдү.
Жерге жайгаштыруу боюнча аткарылган
иштер боюнча маалымат
1.2019-жылда коопту жерде жашаган А.Торакановага Жалал-Абад областынын мониторинг департаментинин корутундусунун негизинде , Школьный көчөсүнүн 0,06 га жер тилкеси бөлүнүп берилди.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүндө жайгашкан 1,5 га жер тилкесине, үй курууга кезекте турган жарандарга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн башкы планы түзүлдү.
3.Борбордук базардын түндүк тарабында жайгашкан 0,29 га жер тилкеси аукцион аркылуу жеке менчикке заманбап мончо курууга сатылды.
Социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу
2019- жылдын башынан тартып Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан экономикалык-социалдык өнүгүү тармактарында, жалпы элибиздин социалдык жактан камсыздоо, турмуш денгээлин жакшыртуу жана жакырчылыкты жоюу багыттарында бир топ уюштуруучулук иштерди алып барды.
01.01.2019 жылга карата жалпы кожолуктун саны 2350 түзүп, калктынсаны-11786 адамдытүзөт. Өтө жакырүй-бүлөлөрдүн саны 295, же 12,55% түзөт. Бардыгы жакыр үй- бүлөлөрдүн саны -341, же 14,51% түзөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген жөлөк пул алуучулар 12 айга 328 үй-бүлөдө 1176 баланы түзүп, 13165,3м.с. төлөндү. Социалдык жөлөк пул алуучулар 209 адамды түзуп, 6 млн 445,0 м.с. төлөндү. Компенсацияалгандар 77 адамга 77,0 м.с. түздү.
Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата 5 адамга ЖБ 10,000 м.с. каражаты бөлүндү. Анын ичинде Сузак районунда уюштурулган сый тамакка 5,0 м.с. жана акчалай түрүндө 5,0 м.с.
Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында ДМЧА 1-2 топтогу майып ,тоголок жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөөдөгү балдарга 15 адамга бюджеттен бөлүнгөн 15 000 м.с. азык-түлүк продуктылары берилди. Ар бир адамга 1000 сомдон туура келди.
Чернобыль апаатынын 3 катышуучусуна 6,0 м.с. ЖБ бөлүнүп берилди.
Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөдө ЖБ 34,5 м.с. бөлүнүп, 70 Баатыр энелерге баалуу белектер тапшырылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 74 жылдыгына карата 4 адамга материалдык жардам көрсөтүлүп,ар бирине 2500 м.с. акчалай жардам берилди.
Балдарды коргоо күнүндө 50 жетим, жарымжетим , майып балдарга 20,0 м.с. акчалайтаркатылды.
Карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 44,5 м.с. бөлүндү. Бул акча каражаты акчалай таркатылды жана кээ бирлерине азык-түлүк продуктылары алынып берилди.
Кургак учукка кабылган 5 үй-бүлөгө 2,0 сомдук акчалай жардам берилди жана ЖБ 10,0 сарпталды.
Майыптар күнүнө карата 45,3 м.с. жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, акчалай берилди. Кышка карата отун көмүр менен камсыз кылуу үчүн 1-2-топтогу майыптарга 30,0м.с акча 2000 м.с 15 адамга акчалай берилди.
2019-жыл 27-сентябрь күнү мүмкүнчүлүгү чектелген(дудук, угуусу начар) жарандар спортакиадага катышып келишти жол киресине 10 000сом акча берилип 8 катышуучуга 1250 сомдон берилди.
Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому аркылуу жетим, жарым жетим, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны жылга карата 24 000 сомго 60 балага белектер берилди. Мындан сырткары 1-топтогу майып Арипбекова Айзирекке 50 000 сомдук коляска берилди. Мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдары бар 10 жалгыз бой энелерге 7000 сомдон 70 000 сом акчалай жардам көрсөтүштү.
Жаны жылдык балаты майрамына 50 тоголок жана жарым жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылып, жергиликтүү бюджеттен 14,0 м.с. жана демөөрчүлөрдөн 16,0 м.с. сарпталды.
Коомдук акы төлөнүүчү жумуштар жөнүндө.
1. №1 М.В.Фрунзе орто мектебинин айланасын кашаа кылып тосуу үчүн 15 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттинсуммасы 41250 сомдутүздү.
2. №4 Ю. А. Гагарин орто мектебинин класстарынын эшигин алмаштыруу, кире беришиндеги дарбазаны орнотуу үчүн 15 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 52 500 сомду түздү.
3. Шаардын ичин жашылдандыруу жана таштандылардан тазалоо үчүн 8 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 28 000 сомду түздү.
4. Коомдук акы төлөнүүчү агенттери болуп 9 жумушсуз жаран тартылды. Проекттин суммасы 79 950 сомду түздү.
5. № 4 Ю. А. Гагарин орто мектебинин директордун кабинетинин ичин ремонт жасоо үчүн проект ишке ашырылып, 42 600 сомду түздү. 12 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
6. “Радуга”балдар бакчасын ремонттоо үчүн прект ишке ашырылып, 43 800 сомду түздү.14 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
7. №7 “Солнышко” балдар бакчасын ремонттоо үчүн проект ишке ашырылып, 85 480 сомду түздү. 20 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
8. Шаардык мэрияга ажаткана куруу үчүн 78 520 сомдук проект аткарылды. 6 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
9. Жарым жартылай чатырларды ремонттон өткөрүү боюнча 53 796 сомдук проект ишке ашырылды. 10 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
2019 жыл ичинде 109 жумушсуз жарандар коомдук акы төлөнүүчүиштергетартылды, проекттердинбаасы 300 886 сомдутүздү.
Спорт тармагы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017 ж.ж. карата Программасын аткаруу боюнча Көк-Жаңгак шаардык мэриясы 2019-жылга карата төмөндөгүлөр аткарылды.
№6 М. В. Ломоносов орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан мини- футбол спорт аянтчасы курулуп, 630,0 миң сом жана 16,0 миң Америка доллары сарпталган. Бир гана мектеп окуучулары үчүн спорт менен машыгууга шарт түзүлбөстөн, шаардын тургундарына дагы спортко кызыгып, сергек жашоосуна өбөлгө түзүлдү. Келечек муундар жана жалпы тургундар үчүн спорт менен машыгууга курулган спорт аянтчасы- шаардын жетишкендиги болуп эсептелет.
Ушул эле мектептин мурунку устаканасынын авариялык имараты оңдолуп, спорт менен машыгууга зал уюштурулуп, спорт чебери Ж. Каиповдун ысмы берилди. Демөөрчүлөр тарабынан 360,0 м.с. сарпталды, ачылуу аземи 2017-жылдын 01-сентябрында болуп өттү.
Шаарда ДЮСШ-1 жана ДЮСШ -2 иштеп, өспүрүмдөр бокс, футбол, грек-рим күрөшүмененмашыгышат.
ДЮСШ-1 (Ермекбаев М. У.) футбол жана грек-рим күрөшүбоюнчаийримдериштепжатат. 19 группада 142 окуучу спорт мененмашыгууда. 8 тренер эмгектенет: 5 тренер грек-рим күрөшүбоюнча, 3 тренер футбол боюнчатайпалардамашыгууларды жүргүзүшөт.
27-29.09.2019 жылы Ош шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде 12 спортчу катышты. 48 кг салмакта 2-орунду Алтынбек уулу Бекзат ээледи. 45 кг 3-орунду Маратбек уулу Искендер, 30 кг 3-орунду Кимсанов Нуржигит ээлешти.
28.11.2019-ж 2003-2005 ж жаш өспүрүмдөр арасында өткөн мелдешке Сүйөркулов Нурислам, байгелүү орунга ээ болду.
Саламаттыкты сактоо тармагы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2015 жылдагы «Кыргыз Республикасынын калкынын ден-соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стартегиясын» («Ден соолук-2020») №100 буйругун ишке ашыруу боюнча Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөндөгүлөрдү аткарды.
Көк-Жаңгак шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун «Ден соолук-2020» программасын аткаруу боюнча иш-чарасы иштелип чыгып, кабыл алынган жана 2019-жылга карата төмөндөгүлөрдү ишке ашырылды. Диспансердик учетто жүрөк канн тамыры оорулары менен 719 жаран каттоого алынган. Жогорку канн басымы менен учетко алынгандар-503, алардын ичинен өтө оору-21 жаран. 18 жаштан жогорку курактагы артериалдык канн басымы текшерилгендердин саны -10442. Биринчи жолу жогорку артериалдык кан басымы аныкталгандарын саны-32 жаран. Инсульт болгондор-4 жаран. Жогорку канн басымы менен госпитализация болгондор-75 жаран. ЭКГ-1169 адам өткөрүлдү. Клиникалык эффектке жеткен өтө жогору кан басымы 11 жаранда аныкталды. ОМСтен жогору канн басымы учурунда 1410 дары-дармек жазылды, 28-ҮДТ тарабынан-49,ЖДА 14 жашка чейин 80 рецепт жазылды.
Эненин жана ымыркайдын ден-соолугу боюнча. 228 кош бойлуу аялдар учетко алынган. Йодид-калий препаратын алып жаткан кош бойлуу аялдардын саны-228, фолиевая кислотаныалып жаткандар-228 ,канында темирзаты аз кош бойлуу аялдардын саны-121 түзөт. Ошондой эле, 228 аял фолиевая кислотаны алып, бүгүнкү күндө ден-соолугун оңдошту. Учетто турган 3 кош бойлуу аялдын канн басымы жогору. ВИЧ илдетин аныктоого 228 кош бойлуу аялдан ананализге алынды. 805 аялга бойго бүтүрбөөчү контрацептивдер коюлду. 2019-жылы 201 бала төрөлдү, шаарда эненин жана баланын өлүмү 1.Балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча. Шаарда жалпы 14 жашка чейинки балдардын саны 3749 түзөт. Анын ичинде, 1 жашка чейинкилер-219 баланы түзөт. Эмчек сүтү менен гана багылып жаткан балдардын саны-110. Түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмделген балдардын саны 1 жашка чейинкилер-242 түзсө, 1 жаштагылар- 242 түзөт. Анемия менен ооруган 14 жашка чейинки балдардын саны- 80 түзөт. Балдардын өлүмү жок. 5 жашка чейинки балдардын стационарда дарыланганы-521 баланы түзсө, алардын ичинен пневмония-189, ОРИ-57, диарея- 45, тубаса майыптыгы бар-6 бала.Кургакучукбоюнча. Жаңы төрөлгөн 201 баланын ичинен, 196 ымыркайга БЦЖ жасалды. Шаарда кургак учук илдетине кабылгандардын саны -10 жаранды түзөт, жаңы аныкталгандардын саны-4 жаран. Өпкөдөгү кургак учук- 4, өпкөдөн башка органдарда-0. Алардын ичинен БК+ 3 жаран. Флюорографиядан өткөндөрдүн саны- 817 адам Кургакучуктунөтүп кеткен формасы катталган жок жана кургак учуктан өлгөн жарандагы жок. ВИЧ- инфекция боюнча. ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча 28-ҮДТ дарыгерлери тарабынан 10 жолу лекция окулду, 104 жолу баарлашуу болуп өттү. Шаарда ВИЧ илдетине кабылган жарандардын саны-4, алардын ичинен балдар-1. ВИЧ илдетине кабылган 2 жаран
Көк-Жаңгак шаарында жашабайт. Шаардагы 2 жаран АРВ –терапиясын Жалал-Абад шаарында алып турушат. Ушул 2 жарандын бирөө Жалал-Абад шаарында такай жашайт, бирок Көк-Жаңгак шаарына катталып калган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2015 жылдагы «Кыргыз Республикасынын калкынын ден-соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын» турмушка ашыруу дайыма көзөмөлдө турат.
Шаардык билим берүү бөлүмү боюнча
Жалпы билим берүүчү мектептердин инфраструктурасы боюнча: шаарда 5 мектеп, 5 балдарбакчасы, 1 балдардын чыгармачылык борбору бар. Имараттары типтүү.
Кадр маселеси:
- мугалимдер118 :алардын ичинен эркекетер-16, аялдар-102; жогорку- 100, бүтпөгөн жогорку- 1, атайын орто- 16, орто-1.
- пенсионерлер- 39 адам;
- Эл агартуунун отличниги- 39 адам;
- жашадистер- 23 адам;
- жетишпеген кадрлар-5
- балдар чыгармачылык борборунда 16 ийрим бар, 270 окуучу окушат;
Жетишпеген пед кадрлар: орус тилдүү мектеп үчүн химия, биология, англис тили, башталгыч класстын мугалими. Кыргыз тилдүү мектептер үчүн: математика, физика, музыка мугалимдери.
Балдар бакчалары боюнча:
-балдар бакчалары- 5, тарбиячылар- 18: жогорку билимдүүлөр- 11, бүтпөгөн жогорку- 0, атайын орто- 7, орто-1. Тарбиялануучулар- 525 бала;
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 10 мугалим Жалал-Абад шаарындагы методикалык борбордон курстан өтүштү.
Окуучуларга анализ жүргүзгөндө тоголок жетимдер-4, мүмкүнчүлүгү чектелгендер 9, жарым жетимдер-88, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары- 32, мигранттардын балдары- 433 окуучу.
Көк-Жангак шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 2019-2020 окуу жылында 01.01.2020 жылга карата:
Билим сапаты
2019-2020 окуу жылында 84 класс комплект менен 2072 окуучу окуйт: 1-чейректе 236 «отличник», 450 «ударник»; билим сапаты 47,1% түздү(2151 окуучу). 2-чейректе 259 «отличник», 453 «ударник»; билим сапаты 47,1% түздү(2128 окуучу).
Шаардык олимпиада 10 предмет боюнча өттү. Шаардагы олимпиаданын 1-туруна мектептердин 9-10-11 класстардын окуучуларынын арасынан 117 окуучу катышты. 2019-жылдын февраль айында өтүүчү областтык олимпиадага 19 окуучу жолдомо алышты.
Шашке тамак
Шаардагы 5 мектептин ичинен 3 мектеп ал аралык Мерсико уюмунун «Ысык тамак менен окуучуларды камсыздоо» долбооруна кирип, 01.10.2018 жылдан тартып 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамак берилип жатат: №2 А. С. Макаренко инновациялык мектеп-гимназиясы, №4 Ю. А. Гагарин жана №6 М. В. Ломоносов орто мектептери.
Маданият тармагы боюнча
Ооган согушунун катышуучуларынын күнүнө карата борборлоштурулган китепканада сый тамак уюштурулду, шаардык мэриянын залында салтанаттуу азем жана майрамдык концерт уюштурулду.
Мекенди коргоочулардын күнүнө карата №6 М.В. Ломоносов о-м спорт залында «Эр жигит» аттуу кароо-сынак болуп, аталган мектептин командасы баш байгеге ээ болду. Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Бүгүнкү секелектер, эртеңки энелер» аттуу майрамдык кече Искусство мектебинде болуп өттү. Нооруз майрамына карата театрлаштырылган оюн-зоок программасы шаардын борбордук аянтында уюштурулду.
Конституция күнүнө карата Искусство мектебинде маданият бөлүмүнө караштуу мекемелердин кызматкерлери, ата- энелердин катышуусунда чогулуш болуп өттү. Акырында окуучулар концерт коюп беришти.
Жеңиштин 74 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар шаардык мэриянын жетекчилиги алдында даярдалып, өткөрүлдү. Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан ооруктун эмгекчилерине жана жесирлерге арналып сый-тамак уюштурулду.
Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү демөөрчүлөрдүн жардамы менен жогорку денгээлде өттү. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана Шахтерлор күнү борбордук паркта театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолуп өттү. Спорттун түрү боюнча мелдештер уюштурулду.
Карылардын күнү, мугалимдердин, маданият кызматкерлердин, социалдык кызматкерлердин энергетиктердин жана маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Жаны жылдык бал–маскарад оюн-зооктор менен коштолгон программасы жогорку даражада өттү.
Көк-Жаңгак шаарынын мэри: У.Исмаилов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/2
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2021-2023ж.ж. бюджетинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2021-2023-ж.ж. бюджетинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун маалыматы эске алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаарынын 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоору жактырылсын.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Маткаримов Б.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/3
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын аткарган иштери жөнүндө маалыматтарын угуу
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2019-жылы шаардык мекеме-ишканалар аткарган иштери боюнча жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү (мектептер, бала бакчалар жана балдар чыгармачылык борбору) аткарган иштери, билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты, ошондой эле мектептердин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Абдурасуловдун 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Маткаримов Б.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/4
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын № 1-12/630 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Коммунал көчөсүндө жайгашкан 312,0 кв.м., Коргонташ көчөсүндө жайгашкан 0,13га жана А.Алишев көчөсүндө жайгашкан 0,15га жер аянттарын шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Коммунал көчөсүндө жайгашкан 312,0 кв.м. жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2.Көк-Жаңгак шаарындагы Коргонташ көчөсүндө жайгашкан 0,13га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
3.Көк-Жаңгак шаарындагы А.Алишев көчөсүндө жайгашкан 0,15га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Маткаримов Б.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/5
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 14.08.2020-жылдагы № 1-12/647 жана 25.08.2020-жылдагы № 1-12/669 кайрылуу каттары жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 14.08.2020-жылдагы № 1-12/647 жана 25.08.2020-жылдагы № 1-12/669 кайрылуу каттарын карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы А.Алишев көчөсүндөгу номери жок 587 кв.м. жер тилкеси ижарага берүү максатында шаардын коммуналдык менчик департаментинин балансына алынсын.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгу номери жок 0,32 га жер тилкеси ижарага берүү үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсин.
3.Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Н.Болотбековго жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Маткаримов Б.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/6
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.07.2017-жылдагы
№2/1 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык кенештин 03.07.2017-жылдагы № 2/1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Тажибаева Айымтилла Саттаровна киргизилсин.
2.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Исмаилов Болотбек Маметмусаевич киргизилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/7
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 30.01.2020-жылдагы
14.08.2020-жылдагы № 1-12/26 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 30.01.2020-жылдагы № 1-12/26 кайрылуу каттарын карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Совет көчөсүндө жайгашкан 0,16га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчике алып, мыйзам чегинде аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга уруксат берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Маткаримов Б.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/8
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 28.07.2020-жылдагы
№ 1-12/608 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 28.07.2020-жылдагы № 1-12/608 кайрылуу катын карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчигине катталган Октябрдын 40 жылдыгы бульварынын №6 үйүндөгү эски балдар консультациясынын бөлмөсүн жалпы дарыгерлер борборунун өтүнүчүнүн негизинде Көк-Жаңгак шаарынын тургуну А.Насыровго акысыз жеке менчике өткөзүп алуу үчүн макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана коммуналдык менчик департаментинин балансынан муниципалдык реестринен Октябрдын 40 жылдыгы бульварынын №6 үйүнүн эски балдар консультациясынын бөлмөсүн чыгаруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Н.Болотбековго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ 37/9
27.08.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын Пржевальский
көчөсүнүн тургундарынын арызы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын Пржевальский көчөсүнүн тургундарынын 2020-жылы «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылында» белгилүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата көчөнүн атын өзгөртүп берүү боюнча арызын карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Улуу инсандын атын даңазалоо, өсүп келе жаткан муунга тарыхты таанытуу максатында Пржевальский көчөсун жана кичи көчөсүн Исхак Раззаков атындагы көчө деп аталсын.
2.Тиешелүү корноктор жана көчөнүн аты жазылган тактайчалар токтомду алган күндөн тартып алмаштырылсын.
3.Аталган көчөлөрдү ондоп түзөө жагы көчөнүн тургундарына тапшырылсын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|