Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХХVI- сессиясы
ТОКТОМ 36/1
24.04.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 22.04.2020-жылдагы
№ 1-12/260 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Cоциалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлиги тарабынан Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн 74,0 (жетимиш төрт миң) сом акча каражатын бүгүнкү күнгө өзгөчө абал киргилизгендигине байланыштуу өтө муктаж үй-бүлөөлөргө азык түлүк сатып алуу жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХVI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Cоциалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлиги тарабынан Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын атайын эсеп счетуна, киреше бөлүктүн 14411100 «Учурдагы жардам» беренеси менен түшкөн 74,0 (жетимиш төрт миң) сом акча каражатын бүгүнкү күнгө өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өтө муктаж 92 үй-бүлөөгө 800 сомдон азык түлүк сатып алуу үчүн (2218-беренесине) бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|