Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:32 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Сентябрь » 13 » 36 сессиянын токтомдору
8:47 AM
36 сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз  XXXVI сессиясы

 

 ТОКТОМ 36/1

 

12.09.2023-жыл                                                   Көк-Жаңгак шаары                                                                       

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын

05.09.2023ж.   №1-12/1277 кайрылуу  каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 05.09.2023-жылдагы № 1-12/1277  катынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик  белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине  2009-жылы чыгарылган “Тайота-Карола” жана 2012-жылы чыгарылган “Тайота-Карола” маркасындагы автоунааларын өткөрүп берүүнү карап чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык  кеңештин   депутаттарынын    (VIII-чакырылыштагы) кезексиз XXХVI -сессиясы токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик  белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине  2009-жылы чыгарылган №RKLBZ42E7A7502417 “Тайота-Карола” жана 2012-жылы чыгарылган №RKLBV42EC4445458  “Тайота-Карола” маркасындагы автоунааларын алууга макулдук берилсин.

2.Жергиликтүү бюджеттик каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу, автотранспорт каражатын шаардык мэриясынын балансына алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын каттоо органдарынан каттоону өткөзүү жана тиешелүү иш кагаздарын тактоо, кабыл алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын башкы эсепчиси Г.Мамасадыковага жүктөлсүн.

3.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине  киргизүү жагы КМДнин  башкы адиси  Ж.Эргашевге жана Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын башкы эсепчиси Г.Мамасадыковага жүктөлсүн.

4.Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  шаардын  мэри Замирбек уулу Сыргакка  тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык  кеңештин төрагасы:                            З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз  XXXVI сессиясы

 

 ТОКТОМ 36/2

 

12.09.2023-жыл                                          Көк-Жаңгак шаары                                                               

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин  11.08.2023ж. №34/7

токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мериянын 12.09.2023-жылдагы № 1-12/1300  катын негизинде  жаңы мамлеккетик архивдин имаратын курууга Тавалдыев №14 (мурунку Мира 14) көчөсүндө муниципалдык менчиктеги эски ККП кызматтык имаратты ээлеп  турган 0,14га муниципалдык жер аянтынан 463 кв.метр жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүнү карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын                     (VIII-чакырылыштагы) кезексиз      XXXVI -сессиясы токтом кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаардык жер комиссиясынын сунушунун негизинде  жаңы мамлекеттик архивин курууга Тавалдыев №14 (мурунку Мира 14) көчөсүндө жайгашкан эски ККП кызматтык имаратты ээлеп  турган 0,14га муниципалдык жер аянтынан 463 кв.метр жер аянтын  мөөнөтсүз пайдаланууга жана жаңы шаардык мамлекеттик архивнин имаратын куруу үчүн бекитип берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине  киргизүү жагы КМДнин  башкы адиси  Ж.Эргашевге жана Көк-Жаңгак шаарынын мамлекеттик архивинин башчысы С.Латыповага  жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  шаардын  мэри Замирбек уулу Сыргакка  жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                      З.Байдавлетов

 

 

Просмотров: 47 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Сентябрь 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0