Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:26 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2020 » Май » 12 » 35-сессиянын 1-5 токтомдору
6:10 AM
35-сессиянын 1-5 токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

 

ТОКТОМ 35/1

11.03.2020 -жыл                                           Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  24.02.2020-жылдагы

 № 1-12/48  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомун аткаруу максатында муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнөн жумуштан бошогондугуна байланыштуу сунушталган комиссиянын курамын карап чыгып  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык  мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү  боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

Акумбаева М.Р. - вице-мэр, туруктуу комиссиянын төрайымы;                

Усенов К.А. - шаардык кеңештин депутаты, тең төрага                    Комиссиянын мүчөлөрү:                                                                      Талипов Р.Х.- жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси;               

Камбаров Ж.- өнөр жай, курулуш  жана коммуналдык менчик боюнча башкы  адиси;

Болотбеков Н.Ж.- коммуналдык менчик департаментинин бөлүм башчсы, комиссиянын катчысы;

Дастанов А.- шаар тургуну;

Дубанаев У.- Көк-Жаңгак шаарынын «Спутник» кварталдык комитетинин төрагасы.                                                                                                                                                                                       2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                       Б.Маткаримов

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

 

ТОКТОМ 35/2

11.03.2020 -жыл                                            Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  26.02.2020-жылдагы

 № 1-12/51  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде       Көк-Жаңгак шаарындагы Заводская  көчөсүндөгу номери жок жайгашкан 270 кв/м жер тилкесин муниципалдык менчикте өткөрүп, ал жерге намазкана куруп мөөнөтсүз пайданууга уруксат берүү жөнүндө карап чыгып              Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы Заводская көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 270 кв/м  жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин, ал жер тилкесине намазкана куруп мөөнөтсүз пайдаланууга уруксат берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык  менчигинин реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Н.Болотбековго жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                      кеңештин төрагасы:                            Б.Маткаримов 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

 

ТОКТОМ 35/3

11.03.2020 -жыл                                  Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  27.01.2020-жылдагы

 № 1-12/20  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

 1.Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата ооган согушунун катышуучусу Темирбаев Сыргабек Нарбаевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2.Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн ээлеген кызматында, элдин сый-урматына татып, өз жумушун жакшы билген, кесибин сүйгөн Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын статистика боюнча башкы адиси  Сафина Мунира Султановнага               «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                              Б.Маткаримов              

 

 

 

 

 

                                 Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

 

ТОКТОМ 35/4

11.03.2020 -жыл                                             Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  10.03.2020-жылдагы

 № 1-12/77  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде       Көк-Жаңгак шаарына караштуу «Барстын» түндүк тарабында жайгашкан 0,07га жайыт жер аянтына туризимди өнүктүрүү максатында пайдаланууга берүү жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарына караштуу «Барстын» түндүк тарабында жайгашкан 0,07га жайыт жер аянтына туризимди өнүктүрүү максатында пайдаланууга  уруксат берилсин.

2. 0,01га жер аянтына туризимди өнүктүрүү максатында пайдалануу үчүн   төлө акысы  50 (элүү сом) түзөт.

 

3.Токтомдун аткарылышын шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                             кеңештин төрагасы:                                   Б.Маткаримов 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

 

ТОКТОМ 35/5

11.03.2020 -жыл                                             Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  10.03.2020-жылдагы

 № 1-12/79  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде       Көк-Жаңгак шаарындагы №6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин отказандары жана түтүн өтүүчү түтүк  эскирип ремонтко жараксыз абалга жетип, жаңы отказан жана түтүн өтүүчү түтүк  орнотуу үчүн долбоорду даярдоого Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу үчүн карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы №6 М. В.Ломоносов атындагы орто мектебинин  жаңы отказан жана түтүн өтүүчү түтүк   орнотуу үчүн долбоорду даярдоого уруксат берилсин.

2.Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                      кеңештин төрагасы:                                     Б.Маткаримов

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 148 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2020  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0