Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:08 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2020 » Май » 12 » 35-сессиянын 6-9 токтомдору
6:28 AM
35-сессиянын 6-9 токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

 

ТОКТОМ 35/6

11.03.2020-жыл                                              Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  10.03.2020-жылдагы

 № 1-12/80  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын бекитилген 2020-жылга стратегиялык өнүгүү планын аткаруу максатында шаардагы Пржевальский жана Панфилов көчөлөрүндө асфальт төшөө иштерине  долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Пржевальский жана Панфилов көчөлөрүндө асфальт төшөө иштерине  долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алууга  уруксат берилсин.

2.Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                      кеңештин төрагасы:                                Б.Маткаримов 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

ТОКТОМ 35/7

11.03.2020 -жыл                                         Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  10.03.2020-жылдагы

 № 1-12/81  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын бекитилген 2018-2021ж.ж. стратегиялык өнүгүү планы бекитилген, Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги тарабынан каржылоо пландалууда, Строительная жана Школьная көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүүнү 2020-жылга жылдырып берүүнү жана  долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Строительная жана Школьная көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүүнү бекитилген 2018-2021ж.ж.карата Стратегиялык өнүгүү планын 2020-жылга жылдырып берүүнү жана  долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алууга уруксат берилсин.

2.Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                     кеңештин төрагасы:                                Б.Маткаримов 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

ТОКТОМ 35/8

11.03.2020 -жыл                                  Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  09.03.2020-жылдагы

 № 1-12/77-1  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде       элди таза суу менен камсыздоо үчүн суу кампасын курууга «Лагердин» түштүк чыгышында  жайгашкан 0,12га жер аянтын жана Ремесленный көчөсүндө жайгашкан 0,16га жер тилкесин «Шар-Булак» суу чарбасына имарат куруу максатында шаардык мэриянын муниципалдык менчикке бекитип берүү  жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарына караштуу «Барчын» балдар эс алуу лагердин түштүк чыгышында  жайгашкан 0,12га жер аянтын жана Ремесленный көчөсүндө жайгашкан 0,16га жер аянтын «Шар-Булак» суу чарбасына имарат куруу максатында шаардык мэриянын муниципалдык менчигине бекитип берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык  менчигинин реестрине киргизүү жагы жер адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                            кеңештин төрагасы:                                         Б.Маткаримов 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы  кезексиз ХХХV- сессиясы

ТОКТОМ 35/9

11.03.2020 -жыл                                       Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  17.02.2020-жылдагы

 № 1-12/35  кайрылуу  каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде       Көк-Жаңгак шаарындагы шайлоо участкаларындагы комиссия мүчөлөрү алмаштырылгандыгына байланыштуу, негизги жана резервдик курамын карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХV-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы шайлоо участкаларындагы комиссия мүчөлөрү алмаштырылгандыгына байланыштуу, негизги жана резервдик курамы толуктоо жана өзгөртүү киргизуу менен  бекитип берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                         кеңештин төрагасы:                                         Б.Маткаримов 

 

 

 

Просмотров: 112 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2020  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Статистика


Онлайн всего: 8
Гостей: 8
Пользователей: 0