Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:03 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Август » 18 » 34- сессиянын токтомдору
8:32 AM
34- сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ 34/1

11.08.2023 -жыл                                                                     Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы 2023-жылдын

6 ай ичинде акткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө

 

                2023-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча шаардык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,  социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча  Көк-Жаңгак шаарынын мэринин маалыматын угуп чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

                                                                                             

1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргактын  2023-жылдын 6 ай ичинде  аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин,  социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.

 

2.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка   жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.

 

3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу  шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика  жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                                            кеңештин төрагасы:                                          Байдавлетов З.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ 34/2

11.08.2023 -жыл                                                      Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме ишканалар 2023-жылдын

6 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө

 

                2023-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча шаардагы мекеме ишканалардын  аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуп чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

 

1.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча жетекчиси И.Абдурасуловдун  маалыматы эске алынсын.

 

2. Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмү 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.

 

3.Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмүнүн («Искусство» мектеби, китепкана) 2023-жылдын 6 ай ичинде  аткарган иштери боюнча  жетекчиси У.Кадыркулованын маалыматы эске алынсын.

 

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                                                кеңештин төрагасы:                                                     Байдавлетов З.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ 34/3

11.08.2023 -жыл                                                          Көк-Жаңгак шаары

 

 

Кыргыз Республикасынын финансы

министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын

жетекчиси К.Маткаримовдун 2023-жылдын 6 ай ичинде

бюджетин аткарылышы боюнча маалыматын угуу 

 

                Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2023-жылдын 6 ай ичиндежергиликтүү бюджетин аткарылышы боюнча маалыматын угуп чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2023-жылдын 6 ай ичинде бюджетин аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                  З.Байдавлетов 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ 34/4

 

11.08.2023 -жыл                                                            Көк-Жаңгак шаары

 

 

Жергиликтүү бюджеттин 2024-жылга долбоору

жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө

 

    

                   Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2023-жылга койгон иш планын негизинде  жергиликтүү бюджеттин 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолун карап чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХХ1V-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык финансы башкармалыгынын жетекчиси К. Маткаримовго жүктөлсүн.

 

3.  Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                         З.Байдавлетов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХХ1V-сессиясы

 

ТОКТОМ 34/5

11.08.2023 -жыл                                                       Көк-Жаңгак шаары

 

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу

жана каржылоо тартиби  жөнүндө Жобону бекитүү туралуу

 

                   Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана  каржылоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобосун карап  чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХХ1V-сессиясы

 

                                                              Токтом кылат:

 

1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө» Жобо бекитилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака  милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.    

 

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                           З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXIV ссиясы

 

 ТОКТОМ 34/6

 

11.08.2023ж.                              Көк-Жаңгак шаары                                                             

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 

№01-12/1155   09.08.2023ж. кайрылуу  каты жөнүндө  

 

                Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  №01-12/1155 09.08.2023ж. кайрылуу катынын негизинде    Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсү  менен Садовой көчөсүнүн кесилишиндеги  3-05-14-1001-3644 белгиси менен 0,01га.метр  жер аянтын  муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын  (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXХIV -сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсү  менен Садовой көчөсүнүн кесилишиндеги  3-05-14-1001-3644 белгиси менен 0,01 га.метр  жер аянтын  муниципалдык менчикке бекитип берилсин.

 

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине  киргизүү жагы КМДнин  башкы адиси  Ж.Эргашевге  жүктөлсүн.

 

3.Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  шаардын  мэри Замирбек уулу Сыргакка  жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                        З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXIV ссиясы

 

 ТОКТОМ 34/7

 

     11.08.2023ж.                          Көк-Жаңгак шаары                                                             

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 

№01-12/1156 09.08.2023ж. кайрылуу  каты жөнүндө  

 

                Көк-Жаңгак шаардык мериянын 09.08.2023-жылдагы № 01-12/1156  катын жана шаардык жер комиссиясынын сунушунун негизинде  жаңы мамлеккетик архивдин имаратын курууга Тавалдыев №14 (мурунку Мира 14) көчөсүндө жайгашкан эски ККП кызматтык имаратты ээлеп  турган 0,14га муниципалдык жер аянтынан 463 кв.метр жер аянтын бөлүп берүүнү карап чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын  (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXХIV -сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык жер комиссиясынын сунушунун негизинде  жаңы мамлекеттик архивин курууга Тавалдыев №14 (мурунку Мира 14) көчөсүндө жайгашкан эски ККП кызматтык имаратты ээлеп  турган 0,14га муниципалдык жер аянтынан 463 кв.метр жер аянтын бөлүп берилсин.

 

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине  киргизүү жагы КМДнин  башкы адиси  Ж.Эргашевге жана Көк-Жаңгак шаарынын мамлекеттик архивинин башчысы С.Латыповага  жүктөлсүн.

 

3.Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  шаардын  мэри Замирбек уулу Сыргакка  жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                        З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXIV ссиясы

 

 ТОКТОМ 34/8

 

11.08.2023ж.                               Көк-Жаңгак шаары                                                             

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 

№01-12/1164 09.08.2023ж. кайрылуу  каты жөнүндө  

 

                Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  09.08.2023ж №01-12/1164  кайрылуу катынын, шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат  жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 10.08.2023-жылдагы №24 протоколунун  жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана  аймактарды өнүктүүрү министрлигине караштуу жер ресустары боюнча кызматы «Кадастр» мамлекеттик мекемеси Сузак филиалынын 27.07.2023-жылдагы № 1-16/192 жана Сузак Райондук архитектура мекемелеринин 29.08.2023-жылдагы № 03-3/105 корутундуларынын  негизинде  Рыскулова көчөсүндөгү 23.09.2014ж. №1904 сандуу сатып алуу келишими менен С.Садыковага жеке  менчик жерин мамлекеттик актысында склад алдындагы жерден пайдалануу болуп көрсөтүлгөн, картографтар тарабынан тактоодо калктуу конуштар жерине кирет, бул жер аянтын   пайдалануу багытын турак үй алдындагы жерден  колдонууга өзгөртүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын  (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXХIV -сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шарындагы Рыскулова көчөсүндөгү 23.09.2014ж. №1904 сандуу сатып алуу келишими менен С.Садыковага жеке  менчик жерин мамлекеттик актысында склад алдындагы жерден пайдалануусу көрсөтүлгөн, картографтар тарабынан тактоодо калктуу конуштар жерден пайдалануу болуп көрсөтүлгөн жалпы 4472,75 кв.метр жер аянты калктуу конуштун ичинде жайгашкандыктан пайдалануу багытын турак үй алдындагы жерден  колдонууга өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  шаардын  мэри Замирбек уулу Сыргакка милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                        З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXIV ссиясы

 

 ТОКТОМ 34/9

 

11.08.2023ж.                                                                         

Көк-Жаңгак шаары                                                             

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын  2023-2024-жылдарга карата

стратегиялык өнүгүү планынына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 19.07.2023-жылдагы №1-12/1064 катынын негизинде шаардык мэриянын 2023-2024-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жангак шаарын 2023-2024-жылга карата социалдык-кономикалык өнүүгү планына толуктоолорду киргизүү боюнча иш чара планы бекитип берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри  Замирбек уулу Сыргакка  жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция  тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                  З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги  XXXIV ссиясы

 

 ТОКТОМ 34/10

 

         11.08.2023ж.                                                                     

     Көк-Жаңгак шаары                                                                    

«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу

атуулу» наамын ыйгаруу жөнундө

 

             Көк-Жаңгак шаардык кенештин депутаттары «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө келип түшкөн сунуштарды  карап талкуулап, чыгып      Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIIIчакырылыштагы) кезектеги XXXIV- сессиясы

 

                                                      ТОКТОМ кылат:

1.  Кок-Жангак шаарынын 80-жылдык маарекесинин урматына социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы, элдин сый урматына татыган жана коомчулуктун арасында кадыр-баркка ээ болуп, үзүрлүү эмгеги үчүн  «Көк- Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкүлөргө  ыйгарылсын:

 

-  Алимбаев Лунарбек Эргешович-жеке ишкер;

- Юсупова Баянсулу Назарбековна -жалпы дарыгерлер практикалык борборунун медстатист;

- Байгазиева Батма Маканбаевна- шаардык мэриянын үй-бүлө жана балдарды коргоо адиси;

- Мамайкулов Алтынбек Алибекович-Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  Көк-Жангак шаарынын № 54 Өрткө каршы куткаруучу бөлүгүнүн башчысы;

 

- Рыскулов Бакытбек Джамшитович- Көк-Жангак шаарындагы Жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;

 

- Сейдакматова Саткынташ Маматалиевна-шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси;

 

- Калмуратов Токторбай Анарбекович- №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын мугалими;

 

- Раимкулова Какина Аскарбековна- №6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин мугалими;

- Абдиматова Орозбү – Көк-Жаңгак шаарынын тургуну;

 

- Борбоева Гулуйпа Эргешовна - №6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими;

 

 -  Молчанова Любовь Николаевна - № 1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинин англис тил мугалими ;

 - Токтосунова Назимбү Бакировна - №4 Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;

 

  - Аширбаев Паязбек Асанович – жеке ишкер;

 

  - Эргешов Баяман Азаматович – жеке ишкер.

 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.         

 

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                  З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 53 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Август 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0