Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
( VIII чакырылыштагы ) кезексиз XXXIII сессиясы
ТОКТОМ 33/1
12.07.2023-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
11.07.2023ж №1-12/1026 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 11.07.2023-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 11.07.2023-жылдагы №22 протоколунун негизинде шаарды көрктөндүүрү, жашылдандыруу эрежелерин жана таштанды маселелерин чечуу боюнча коомдук угууда талкуланган тарифти карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXIII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү эрежелерин жана Көк-Жаңгак шаарынын аймагында көрктөндүүрү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун эрежелеринин жалпы жоболору бекитип берилсин.
2.Коомдук угууда талкуланган таштанды маселесинин тарифи 1 жаранга 28 сом деп белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака жана тиешелүү ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|