Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 33/2
23.01.2020 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын 2020-жылга жергиликтүү
бюджетин жана 2021-2022 ж.ж. болжолун
(прогноз) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102 беренесине ылайык Көк-Жаңгак шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолунун (прогноз) долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмелеринде каралганы жөнүндө белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезектеги ХХХIII - сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 20057,0 (жыйрма миллион элүү жети миң) сом, 2021-жылга болжолу 18353,3 ( он сегиз миллион үч жүз элүү үч миң үч жүз) сом, 2022-жылга болжолу 18831,3 ( он сегиз миллион сегиз жүз отуз бир миң үч жүз) сом № 1, 2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
(Тиркеме № 1,2 тиркелет)
3.Көк-Жаңгак шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү кирешелер 11707,0 (он бир миллион жети жүз жети миң) сомду түзүп анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 2678,8( эки миллион алты жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом бекитилсин.
4.Республикалык бюджеттен түшүүчү 8350,0(сегиз миллион үч жүз элүү миң) сом теңдөөчу грант бекитилсин.
5.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына калган калдык акча 1253,7 (бир миллион эки жүз элүү үч миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына калган калдык 1253,7 (бир миллион эки жүз элү үч миң жети жүз) сом акча каражаттын эсебинен:
- шаардык мэрияга жабдууларды алуу үчүн 276,0 миң сом берилсин;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №131 токтомунун 4 беренесине ылайык шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин кызматкерлерине 1 айлык эмгек акы өлчөмүндө 288,1 миң сом бир жолку төлөөлөр берилсин;
-шаардык бала бакчага тамак ашына 121,6 миң сом берилсин;
-шаардык маданият үйүнө жабдууларды алууга 300,0 миң сом берилсин;
-Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 23.12.2019-жылдагы № 32/1 токтомун аткаруу максатында 268 миң сом берилсин.
7. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жергиликтүү бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата 1% чегинде резервдик фонд 173,0 сом шаардын мэринин эсебине бекитилсин.
8.Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө (Сейдакматова С.) афганчылардын, 1-2 топтогу майыптардын жана тоголок жетимдердин, ата-энеси майыптардын балдарынын 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, бала кезинен майып балдарды 50% га ата-энелер төлөмүнөн (родплата) бошотуу милдеттендирилсин.
9. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына жалпысынан 4822,8(төрт миллион сегиз жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) сом бекитилсин.
10.Каллка соц.жардам берүү боюнча жөлөк пүл 384,0 (үч жүз сексен төрт миң) сом бекитилсин.
11. Көк-Жаңгак шаардык кеңешке жалпысынан 978,3 (тогуз жүз жетимиш сегиз миң үч жүз) сом бекитилсин.
12. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 2754,8 (эки миллион жети жүз элүү төрт миң сегиз жүз) сом бекитилсин.
13. Шаардык маданият бөлүмүнө жалпысынан 2391,5 (эки миллион үч жүз токсон бир миң беш жүз) сом бекитилсин.
14.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 8725,6 (сегиз миллион жети жүз жыйырма беш миң алты жүз) сом бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 15 январдагы №7 токтомуна ылайык «Радуга», «Ромашка», «Байчечекей», «Сказка», «Солнышко» балдар бакчаларындагы тарбиялануучуларга 18 сомдон кунунө тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик шаардын мэрине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине жана балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ата-энелерден жана башка спонсордук жардамдардан түшкөн төлөмдөр атайын эсепке түшүрүлүп максаттуу жана мыйзамдын негизинде жумшалсын.
15.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар кварталдык жана жылдык отчеттордун аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна берилсин.
16. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.
17.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
18.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
"Бекитилди"
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
23.01.2020-жылдагы 33-сессиясынын
33/2 токтом менен
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-2022 жылдарга кирешелеринин долбоору
Элемент
(8)
|
Жергиликтүү бюджет
Киреше булактарынын аталышы
|
2020-жыл
|
2021-жыл
|
2022-жыл
|
|
Жалпы кирешелер, трансферттер менен
|
11707,0
|
13190,0
|
13668,0
|
|
Кирешелер+активдер ж/а милдеттемелер (жерлерди сатуу)
|
11707,0
|
13190,0
|
13668,0
|
1
|
Кирешелер
|
11707,0
|
13190,0
|
13668,0
|
11
|
Салыктык кирешелер
|
8569,0
|
10052,0
|
10530,0
|
11111100
|
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
|
6040,0
|
7588,0
|
8066,0
|
11122100
|
Милдеттүү патенттин негизинде салык
|
14,0
|
14,0
|
14,0
|
11122200
|
Ыхтыярдуу патенттин негизинде салык
|
630,0
|
630,0
|
630,
|
11311200
|
2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланбаган кыймылсыз мүлккө салык
|
67,0
|
67,0
|
67,0
|
11311300
|
2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланбаган кыймылсыз мүлккө салык
|
|
|
|
11312200
|
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык
|
920,0
|
920,0
|
920,0
|
11321100
|
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы
|
660,0
|
660,0
|
660,0
|
11321200
|
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы
|
50,0
|
50,0
|
50,0
|
11321300
|
Чарбалык эмес жерлерден алынуучу жер салыгы
|
115,0
|
115,0
|
115,0
|
11412100
|
Сатуудан алынган салык
|
65,0
|
|
|
11462
|
Роялти
|
8,0
|
8,0
|
8,0
|
14
|
Салык эмес кирешелер
|
3138,0
|
3138,0
|
3138,0
|
14152100
|
Жер ижарасы үчүн акы
|
345,0
|
345,0
|
345,0
|
14152600
|
Жайыт ижарасы үчүн акы (ФПЗ)
|
42,0
|
42,0
|
42,0
|
14211200
|
Имараттардын жана курулуштардын ижарасынан түшкөн төлөм
|
72,0
|
72,0
|
72,0
|
1423
|
Атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер
|
2678,8
|
2678,8
|
2678,8
|
|
Теңдөөчү трансферт
|
8350,0
|
7500,0
|
7500,0
|
|
Жалпысы
|
20057,0
|
18353,3
|
18831,3
|
|
а.и.бюджеттик каражат
|
17378,0
|
15674,5
|
16152,5
|
|
Атайын каражат
|
2678,8
|
2678,8
|
2678,8
|
КР финансы министрлигинин Көк-Жаңгак
башкармалыгынын начальниги: К.Маткаримов
|