Кок-Жангак шаардык кенеши

Суббота, 2025-06-28, 8:05 AM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Июнь » 5 » 32-сессиянын токтомдору
6:38 AM
32-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 ( VIII чакырылыштагы ) кезектеги  XXXII сессиясы

 

 ТОКТОМ 32/1

 

02.06.2023-жыл.                                                                       Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын

18.04.2023-ж  №1-12/587  кайрылуу каты  жөнүндө

 

               Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын 18.04.2023-ж  №1-12/587  кайрылуу каты: 2023-жылдын 1-январына шаардын бюджетинде 2167,0 миң сом калган акча каражатын өздөштүрүү максатында, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана  салык маселелер  боюнча туруктуу  комиссиясынын 01.06.2023-жылдагы №6   протоколунун  негизинде       Көк-Жаңгак  шаардык кеңештин  депутаттары мекеме  ишканалардын  кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү  жөнүндө карап  чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы)  кезектеги XXXII сессиясы

ТОКТОМ кылат:

 

1. 2023-жылдын 1-январына шаардын бюджетинде 2167,0 миң сом калган акча каражаты төмөнкүдөй бекитилип берилсин:

 

1.1. Шаардык мэрияга жалпысынан 1170,0 миң сом,   каралсын анын ичинен:

2215- Башка тейлөлөр                           -1000,0 миң сом;

2222- Жабдууларды алуу                      -170,0 миң сом.

 

1.2.Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 267,0 миң сом каралсын анын ичинен:

2215- Башка тейлөлөр                          - 160,0 миң сом;

2221- Учурдагы оңдоо иштерине        -100,0 миң сом;

2222-Жабдууларды алуу                      -7,0 миң сом.

1.3. Шаардык китепканасына жалпысынан 66,1 миң сом 2211-берене эмгек акы.

 

1.4. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 663,9 миң сом каралсын, анын ичинен:

 

Бала бакчаларгы 400,0 миң сом

2221-берене-                                             - 400,0 миң сом;

 

Мектептерге 263,9 миң сом

2222- Жабдууларды алуу                         - 263,9 миң сом

 

 

2. Ушул токтомдун  аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.  

 

3. Ушул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык  кеңештин бюджет, финансы жана  салык маселелер  боюнча туруктуу  комиссиясына жуктөлсүн.

 

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                         З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 ( VIII чакырылыштагы ) кезектеги  XXXII сессиясы

 

 ТОКТОМ 32/2

 

02.06.2023-жыл.                                                                       Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын

31.05.2023-ж  №1-12/750  кайрылуу каты  жөнүндө

 

              Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктин 16.11.2022-жылдагы № 261-б буйругунун негизинде Көк-Жаңгак шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү тартибин бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин  депутаттары  карап  чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы)  кезектеги XXXII сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү тартиби  бекитип  берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.  

 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                               З.Байдавлетов

 

Просмотров: 129 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Июнь 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0