Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:41 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2020 » Январь » 21 » 32-сессиянын токтомдору
6:09 AM
32-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз ХХХII - сессиясы

ТОКТОМ 32/1

23.12.2019-жыл                                                                Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин 19.12.2019ж.

№1-12/707 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын Октябрынын 40-жылдыгындагы бульварынын асфальт төшөө иштерин долбоору 3299133 (үч миллион эки жүз токсон тогуз миң бир жүз отуз үч сом) түзүп анын ичинен: 2020-жылы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин стим.гранттын эсебинен 2868485 (эки миллион сегиз жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз сексен беш сом) жана долбоордун негизинде карала турган жергиликтуу бюджетттен жана жергиликтуу калктын жардамынын өлчөмү 430648 (төрт жүз отуз миң алты жүз кырк сегиз сом) түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII -сессиясы

                                          ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын Октябрынын 40-жылдыгындагы бульварынын долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттен 349248 (үч жүз кырк тогуз миң эки жүз кырк сегиз сом) жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 81400 сом (сексен бир миң төрт жүз сом) каралсын.

2.Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                              Б.Маткаримов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз ХХХII - сессиясы

ТОКТОМ 32/2

23.12.2019-жыл                                                         Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн

02.12.2019ж. №1-08/419 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык билим берүү мекемесине караштуу мектеп, бала бакча жана мектептен тышкаркы уюмдарында турган кээ бир материалдык баалулуктардын өтө эскилиги жетип иштебейт, ошондуктан баланста турган негизги каражаттарды жок кылууга уруксат берүү жөнүндө сунушту шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII -сессиясы

                                                  ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү мекемесине караштуу мектеп, бала бакча жана мектептен тышкаркы уюмдарында баланстагы эскилиги жетип иштебей турган материалдык баалулуктарды жокко чыгаруу үчүн (списание) комиссия түзүлүп инвентаризация жүргүзүлүп, актын негизинде баланста турган каражаттарды «Темир» мамлекеттик ишканасына тапшырып, андан түшкөн каражаттар шаардын бюджетине түшүрүлсүн.

2.Токтомдун аткарылышын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматовага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                              Б.Маткаримов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз ХХХII - сессиясы

ТОКТОМ 32/3

23.12.2019-жыл                                                           Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин 23.12.2019ж.

№1-12/717 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын кайрылуу катынын негизинде Сары-Булак участкасындагы жайгашкан бош 3(үч)га жайыт жер аянтын туризмди өнүктүрүү максатында кар үстүндө жылгаяк тебүү үчүн бөлүп берүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII -сессиясы

                                              ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарына караштуу Сары-Булак участкасындагы жайгашкан бош 3(үч)га жайыт жер аянтын туризмди өнүктүрүү максатында кар үстүндө жылгаяк тебүү үчүн ижарага бөлүп берилсин.

2. 1(бир)га жер аянтына ижарага бериле турган төлө акысы 5,0 (беш миң сом) түзөт.

3.Ижарага бериле турган жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагын шаардык мэрияга жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                              Б.Маткаримов

Просмотров: 203 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Январь 2020  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Статистика


Онлайн всего: 4
Гостей: 4
Пользователей: 0