Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:40 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2019 » Декабрь » 25 » 32-сессиянын токтомдору
1:08 PM
32-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы

кезексиз ХХХII - сессиясы

ТОКТОМ 32/1

23.12.2019-жыл                                                                   Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин 19.12.2019ж.

№1-12/707 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын Октябрынын 40-жылдыгындагы бульварынын асфальт төшөө иштерин долбоору 3299133 (үч миллион эки жүз токсон тогуз миң бир жүз отуз үч сом) түзүп анын ичинен: 2020-жылы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин стим.гранттын эсебинен 2868485 (эки миллион сегиз жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз сексен беш сом) жана долбоордун негизинде карала турган жергиликтуу бюджетттен жана жергиликтуу калктын жардамынын өлчөмү 430648 (төрт жүз отуз миң алты  жүз кырк сегиз сом) түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII -сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын Октябрынын 40-жылдыгындагы бульварынын долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттен 349248 (үч жүз кырк тогуз миң эки жүз кырк сегиз сом) жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 81400 сом (сексен бир миң төрт жүз сом) каралсын.

2.Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                             Б.Маткаримов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы

кезексиз ХХХII - сессиясы

ТОКТОМ 32/2

23.12.2019-жыл                                                                  Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн

02.12.2019ж. №1-08/419 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык билим берүү мекемесине караштуу мектеп, бала бакча жана мектептен тышкаркы уюмдарында турган кээ бир материалдык баалулуктардын өтө эскилиги жетип иштебейт, ошондуктан баланста турган негизги каражаттарды жок кылууга уруксат берүү жөнүндө сунушту шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII -сессиясы

                                                           ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү мекемесине караштуу мектеп, бала бакча жана мектептен тышкаркы уюмдарында баланстагы эскилиги жетип иштебей турган материалдык баалулуктарды жокко чыгаруу үчүн (списание) комиссия түзүлүп инвентаризация жүргүзүлүп, актын негизинде баланста турган каражаттарды «Темир» мамлекеттик ишканасына тапшырып, андан түшкөн каражаттар шаардын бюджетине түшүрүлсүн.

2.Токтомдун аткарылышын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматовага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                      Б.Маткаримов

 

 

Просмотров: 105 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2019  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0