Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХХII - сессиясы
ТОКТОМ 32/3
23.12.2019-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин 23.12.2019ж.
№1-12/717 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын кайрылуу катынын негизинде Сары-Булак участкасындагы жайгашкан бош 3(үч)га жайыт жер аянтын туризмди өнүктүрүү максатында кар үстүндө жылгаяк тебүү үчүн бөлүп берүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарына караштуу Сары-Булак участкасындагы жайгашкан бош 3(үч)га жайыт жер аянтын туризмди өнүктүрүү максатында кар үстүндө жылгаяк тебүү үчүн ижарага бөлүп берилсин.
2. 1(бир)га жер аянтына ижарага бериле турган төлө акысы 5,0 (беш миң сом) түзөт.
3.Ижарага бериле турган жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагын шаардык мэрияга жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|