Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги XXX - сессиясы
ТОКТОМ 30/1
13.04.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын ШМБ нин
2022-жылы аткарган иштери жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын ШМБ коомдук тартипти сактоонун абалы туралуу Көк-Жаңгак ШМБнун начальниги милициянын подполковниги Р.Каримовдун маалыматын угуп, талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХХХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.2022-жылы коомдук тартипти сактоонун абалы туралуу Көк-Жаңгак шаарынын ШМБнин начальниги милициянын подполковниги Р.Каримовдун маалыматы эске алынсын.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Байдавлетов З.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги XXX - сессиясы
ТОКТОМ 30/2
13.04.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнүн
2022-жылы аткарган иштери жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын 2022-жылга аткарган иштери боюнча отчетун угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХХХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын 2022-жылы аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
(Отчет тиркелет)
2.Көк-Жаңгак шаарындагы мектептерде кошумча сабак берүү үчүн кружоктор ачылсын.
3.Окучулардын билим денгелин жогорулатуу боюнча иш алып барылсын.
4.Көк-Жаңгак шаарындагы мектептердин мугалимдеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып барылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: З. Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги XXX - сессиясы
ТОКТОМ 30/3
13.04.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын КМДнин
№01-06/10 13.04.2023ж. кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Больничный көчөсүндөгү номери жок 1187,0 м2 жер аянтын муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Больничный көчөсүндөгү номери жок 1187,0 м2 жер аянтын муниципалдык менчикке бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнин башкы адиси Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги XXX - сессиясы
ТОКТОМ 30/4
13.04.2023ж. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын КМДнин
№01-06/10 13.04.2023ж. кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Алишев (Ленин) Бакаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги 50 м2 жер аянтын шаардык муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Алишев (Ленин) Бакаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги 50 м2 жер тилкеси муниципалдык менчикке бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнин башкы адиси Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|