Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 9:20 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2019 » Сентябрь » 10 » 30-сессиянын токтомдору
8:48 AM
30-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 30/1

26.08.2019 -жыл                                          Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы 2018- жылы жана 2019-жылдын 6 ай аралыгындагы аткарган иштери жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исмаиловдун 2018-жылы жана 2019-жылдын 6 ай аралыгындагы аткарган иштери боюнча отчетун угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ - сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исамиловдун 2018-жылдын 12-ай ичинде социалдык экономикалык тармактарында аткарган иштеринин отчету канаттандырарлык деп табылсын.

(Отчет 11 баракта тиркелет).

2. Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исамиловдун 2019-жылдын 6 ай аралыгында социалдык экономикалык тармактарында аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.

3.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри У.Исмаиловго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.

4.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.

 

5.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин туура багытта пайдалануу боюнча иш-пландар иштеп чыгарылып кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                Б.Маткаримов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 30/2

26.08.2019 -жыл                                         Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 6 айында аткарылышы жана 2020-2022ж.ж. бюджетинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө.

Көк-Жаңгак шаардык жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 6 айында аткарылышы жана 2020-2022ж.ж. бюджетинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун маалыматы эске алынсын.

2.Көк-Жаңгак шаарынын 2020-2022 жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоору жактырылсын.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:          Маткаримов Б.

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 30/3

26.08.2019 -жыл                                             Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын аткарган иштери жөнүндө маалыматарын угуу

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2018-жылы жана 2019-жылдын 6 ай аралыгында шаардык мекеме-ишканалар аткарган иштери боюнча жетекчилеринин маалыматарын угуп талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңеши депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү (мектептер, бала бакчалар жана балдар чыгармачылык борбору) аткарган иштери, билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты, ошондой эле мектептердин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.

2.Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Ходжамбердиевдин 2019-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен аткарган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:           Маткаримов Б.

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 30/4

26.08.2019 -жыл                                              Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 14.08.2019-жылдагы № 1-12/535 кайрылуу каты жөнүндө.

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Шахтерская көчөсүндөгү № 18 үйүнүн 477 м.кв. жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгү № 18 үйүнүн 477 м.кв. жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.

2.Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгү № 18 үйүнүн 477 м.кв. жер тилкесине кайра мечит куруу үчүн уруксат берилсин.

3.Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:           Маткаримов Б.

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 30/5

26.08.2019 -жыл                                           Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 06.08.2019-жылдагы № 1-12/512 кайрылуу каты жөнүндө.

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 06.08.2019-жылдагы № 1-12/512 кайрылуу катын карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы Комсомол көчөсүндөгу номери жок 0,3013 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.

2. Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүндөгу номери жок божомол 4,0 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.

3. Көк-Жаңгак шаарындагы Токтогул көчөсүндөгу номери жок 0,74 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.

4.Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:         Маткаримов Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 30/6

26.08.2019 -жыл                                   Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 06.08.2019-жылдагы № 1-12/513 жана 14.08.2019-жылдагы № 1-12/ 527 кайрылуу каттары жөнүндө.

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан 0,33 га жер аянтын жана Т.Мамытов көчөсүндөгү жайгашкан 0,10 га жер аянтын Көк-Жаңгак шаардык мэриянын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы Ынтымак көчөсүндө жайгашкан 0,33 га жер аянты шаардык мэриянын муниципалдык менчигине бекитип берилсин.

2. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Мамытов көчөсүндөгү жайгашкан 0,10 га жер аянтын Көк-Жаңгак шаардык мэриянын муниципалдык менчигине бекитип берилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:           Маткаримов Б.

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 30/7

26.08.2019 -жыл                                         Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңещтин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө сунуштарды карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен төмөндөгүдөй бекитилсин:

1.1.Бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча комиссия:

- Садыкова Гульжахан Махаматсабыровна;

- Досбаева Айгуль Паизбековна;

-Кожобекова Гульшаир Кадырбековна;

 -Тажибаева Айымтилла Сатаровна;

 -Байдавлетов Калмамат Козубаевич.

1.2.Экономика –өндүрүш жана инвестиции тартуу, жер коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча комиссия :

- Матназаров Суйорбек Мурзакаримович;

- Аширбаев Джиргалбек Асанович;

- Садыков Замирбек Каныбекович;

- Ташбулатов Бакытбек Токсамбаевич;

- Юсупов Уланбек Джалалидинович

1.3.Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты маданият жана спорт маселелер боюнча комиссия :

- Эргашев Арапбай Эсентаевич:

- Ульмасов Усубжан Фазылжанович;

- Мамбетов Тойчубек Карабекович;

1.4.Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо маселелер боюнча комиссия

       -Аширбаев Уланбек Асанович;

       - Эшиева Лайликан Эшатовна;

       - Жаныбаев Максатбек Камалдинович.

1.5.Мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча комиссия :

- Усенов Кадыржан Атабекович;

- Байдавлетов Заирбек Максатбекович;

- Укембаев Аксубай Зулпукарович.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:           Маткаримов Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 157 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Сентябрь 2019  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

Статистика


Онлайн всего: 3
Гостей: 3
Пользователей: 0